Түркияда чыккан кыргыз таануу китептери тууралуу...

 

Буга чейин Түркиядагы кыргыз таануучулар тууралуу кыргызча үч китеп жарыяланып, тар чөйрөгө эле эмес, коомчулуктун кеңири колдонуусуна да берилген. Бул китептер кыргыз таануу жумуштарынын алкагында ишке ашырылып, чет мамлекеттерде да колдонулчу эмгектерден болуп калды. Китептер Түркия өкмөтүнө караштуу чет өлкөлүк студенттерди тейлеген мекеме, Түркиядагы кыргыз ишкердин фирмасы жана жеке жактардын каржылык колдоосу менен жарыкка чыккан. Аткарылган бул жумуштарга Анкарада жашап, кыргыз улутун даңазалаган илимий эмгектерди жазып, аны менен котормо иши менен да алектенип жүргөн тарыхчы, илимпоз Абдрасул Исаковдун салымы чоң. Аны менен жарыяланган китептер, кыргыз тили, котормо иштери, жасалма интеллект тууралуу кыскача маек уюштурдук.

-Абдрасул мырза, саламатсызбы? Ушул күнгө чейин Түркиядагы кыргыз таануучулар тууралуу 3 кыргызча китеп даярдап жарыялапсыздар. Ал эмне болгон китеп эле жана максаты кандай болчу негизи?

-Саламатчылык. Ооба, кыргыз таануу багытында 3 китеп жарыяладык. Биринчиси 2014-жылы Анкарада жарыяланган. Анда Түркияда кыргыз таануу жаатында даярдалган диссертацияларды чагылдырганбыз. Китеп “Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары (1992-2012)” деп аталат. 2019-жылы жарыяланган “Түркияда кыргыз таануу” аттуу жыйнагыбыз кыргыз жана түрк илимпоздорунун көмөгү менен даярдалган эле. Аты аталган жыйнакта Түркияда кыргыз таануу жаатында жазылган эмгектерди кеңири чагылдырган макалалар жана Түркияда “Манас” эпосу менен Чыӊгыз Айтматов бoюнча жазылган эмгeктeрдин библиографиясы орун алган. Түркияда кыргыз таануу багытында иш алып барган илимпоздор тууралуу макалалар да берилген. Үчүнчү китеп жакында жарык көрдү. Бул китеп түркиялык кыргыз таануучу Үчлер Булдуктун макалаларынан турат. 

Бул китептерди чыгаруудагы негизги максатыбыз – кыргыз коомчулугуна, кыргыз илим чөйрөсүнө түрк дүйнөсүнөн чыккан кыргыз таануучуларды таанытуу жана Түркиядагы кыргыз таануунун абалын чагылдыруу болуп саналат. Ошондой эле китептердин электрондук варианттарын сайттарга жайгаштыруу аркылуу интернет желесиндеги кыргызча илимий контентти көбөйтүүгө салым кошууну да көздөгөнбүз. 

-Бул китептер Түркияда жарыяландыбы же Кыргызстанда чыктыбы? Анын чыгымдарын ким көтөрдү? Ачык сатууда барбы?

-Жакында жарыяланган китеп Бишкекте басылды. Калган экөө Анкарада жарыяланган. 2014-жылы жарыяланган китептин басма чыгымдарын Түркия өкмөтүнө караштуу чет өлкөлүк студенттерди тейлеген мекеме каржылаган. “Түркияда кыргыз таануу” жыйнагынын басма чыгымдарын Түркиядагы кыргыз ишкердин “Аманат” фирмасы каржылаган. “Түркиялык кыргыз таануучу Үчлер Булдук” аттуу жыйнакты өзүбүздүн каражатка эле чыгардык. Бул китептерди Кыргызстандагы айрым китепканаларга таркатканбыз. Ошондой эле китептердин электрондук варианттары academia.edu сайтындагы баракчама жайгаштырылган. 

-Абдрасул мырза, сиз илимий иштер менен жана котормо жаатында да көп жылдан бери алектенип келесиз. Бул тармактагы азыркы абал кандай деп баалайт элеңиз? Айтайын дегеним, дүйнөлүк китептердин кыргыз тилине которуу ыргагын сурайын дегем?

-“Китепстан”,  “Бугупресс” сымал басма үйлөрү дүйнөдө эң көп окулган адабий чыгармаларды жана илимий-популярдуу эмгектерди кыргызчага котортуп, басып чыгарууда. Коомубузда китепке болгон талап аз болгонуна карабастан, дүйнөдөгү сапаттуу китептерди ырааттуу түрдө кыргыз тилине котортуп, жарыялоо аркылуу маданий агартуу ишин жүргүзүп келе жаткан басма үй ээлерине ырахмат. 

Илимий китептер менен макалалардын которулушу жөнүндө айта турган болсом, өлкөбүздө илимий эмгектерди чет тилдеринен кыргыз тилине которуп жарыялоо жаатындагы абал начар. 

-Кыргыз тили канчалык деңгээлде илимдин тили боло алат? 

-Кыргыз тили толук кандуу илимдин тили боло алат. Бул үчүн жогорку окуу жайларынын окуу тилин 90 пайызга кыргызча кылыш керек. Ошондо илимий булактар, дипломдук иштер кыргыз тилинде жазылат, кыргыз тилинде диссертацияларды жазгандардын саны көбөйөт. Ошондой эле ЖОЖдордо окуу тили кыргызча болгондо кыргыз илимпоздор дүйнөнүн  эң маанилүү илимий материалдарын кыргызчага которуп, котортуп колдоно башташмак.

Тил - жандуу организм. Анын ресурсун көбөйтүү, кыргыз терминологиясын байытуу ар бирибиздин аракетибизге көз каранды. Эне тилибизди урматтаганды үйрөнүшүбүз керек. Менин жеке пикиримче, биз тилибизди барктабай жатабыз.

-Жасалма интеллектти кыргыз тилинде сүйлөтүү ишине кандай баа бересиз?

-Көп жылдардан бери Чоробек Сааданбек, Тынчтыкбек Чоротегин сыяктуу айдыңдарыбыз кыргыз тилдүү Уикипедия, el-sozduk.kg, bizdin.kg ж.б. долбоорлору аркылуу интернеттеги кыргызча контентти, терминдерди көбөйтүп, жасалма интеллекттин кыргыз тилинде сүйлөшүнө зор салымын кошуп келе жатышат. Ушул тапта Мурат Жумашев сымал кыргыз программисттер claude.ai, ChatGPT cымал чат-ботторду мыкты деңгээлде кыргыз тилинде  сүйлөтүү үчүн көп иш-аракеттерди жасашууда. Кыргыз илимпоздор да кыргыз тилиндеги илимий материалдарын интернетке жайгаштыруу аркылуу жасалма интеллект каражаттарынын кыргыз тилинде жогорку деңгээлде сүйлөшүнө салым кошо алышат.

-Рахмат маегиңизге!

Маектешкен: А.Каракозуев

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз