Оштогу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы тарифтердин өсүшү боюнча түшүндүрмө берди
Быйыл өлкө боюнча жылуулукка болгон тариф өстү. Бирок, абоненттер арасында түрдүү пикирлер болуп, жылуулукка болгон тариф негизсиз кымбаттаганын айтышууда. Бул маселеге байлантыштуу Оштогу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Шайдулла Кааров жаңы тариф боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.
«Быйылкы жылы жылуулукка болгон тарифтердин өскөнүн эскертебиз. Бүгүнкү күндө колдонуучулар негизинен тарифтин кымбатташы боюнча маселелерди айтып жатышат. Жаңы тарифтин өсүшү боюнча графиги быйылкы жылы Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент тарабынан чыгарылган. Анда төмөндөгүдөй. Өздүк нарк: электр энергиясы менен жылытыла турган абоненттер үчүн 6 миң 943 сом 72 тыйынды (1 гегакалория үчүн) түздү. Ал эми көмүр менен жылытыла турган абоненттер үчүн 6 миң 182 сомду (1 гегакалория үчүн) түздү. Жогоруда айтылган департаменттин жаңыртылган тарифи ушундай баада. Эми, дагы бир баса белгилеп кетүүчү жайгдай, азыркы күндө эгерде кайсы бир үй-бүлө 80 чарчы метрден чейинки батирде жашаса 1 гегакалория үчүн 1560 сомдон төлөйт. Калган айырмасын бизге өкмөт төлөп берет. Мындан сырткары, 80 чарчы метрден ашкан батир же жер үйлөрдүн жашоочусу энергия менен жылытыла турган жылуулукту колдонсо 1 гегакалория үчүн 6 миң 943 сом төлөйт. Ал эми көмүр менен жылытылган жылуулукту колдонсо 1 гегакалория үчүн 6 миң 182 сом төлөйт. Ошондуктан, бүгүнкү күндө жер үйлөрдүн жана 80 чарчы метрден ашка батирлердин жашоочуларына жылуулуктун акчасы көп болууда”,- деди ал.
Шайдулла Кааров жылуулуктун төлөмү боюнча маселе жаралса, атайын документтер алып келип, адистер менен эсептешсе болорун айтты. Ошондой эле ал Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин 2024-жылдын 31-майындагы тарифтер боюнча буйругуна ылайык,2028-жылга чейин жылына жылуулуктун тарифи 25 пайызга өсөрүн кошумчалады.
“Жогорудагы министрликтин буйругуна ылайык, жылына жылуулук 25 пайызга кымбаттай берет. 2028-жылга барып, ар бир абонент жылуулукка өздүк наркта төлөп калат. Жогоруда айтпадымбы. 80 чарчы метрден ашпаган батирлердин жашоочулары 1 гегакалория жылуулук үчүн 1560 сомдон төлөйт, калганын өкмөт төлөп берет деп. 2028-жылга барып ушулардын баары өздүк нарк менен төлөнө баштайт. Өздүк нарк: электр энергиясы менен жылытыла турган абоненттер үчүн 6 миң 943 сом 72 тыйынды (1 гегакалория үчүн) түздү. Ал эми көмүр менен жылытыла турган абоненттер үчүн 6 миң 182 сом 55 тыйынды (1 гегакалория үчүн) түзөт. Ошондой эле тарифтер оңдоп-түзөө иштерине да байланыштуу болот. Биз отканаларды жана башкаларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп турабыз, ага кандай тетиктер кетти, эмнелер алынды, ошолор да эсепке алынып, ошолорго байланыштуу тарифтер түзүлөт”,- деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.