Путин жыл бою армияга чакыруу тууралуу мыйзамга кол койду
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө жарандарынын аскердик кызматка чакырылуу тартибин өзгөртүүгө багытталган мыйзамдарды кол койду. Документтер расмий укуктук маалымат порталына жарыяланды.
Путин кол койгон биринчи мыйзамга ылайык, жарандар жыл бою — 1-январдан 31-декабрга чейин аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн. Бул норма 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Ошондон кийин аскер комиссариаттары (военкоматтар) жыл ичинде каалаган убакта чакыруу кагаздарын жөнөтүп, медициналык кароолорду өткөрүп, чакыруу комиссияларынын жыйындарын уюштура алышат.
Ошол эле учурда, кызмат өтөөгө жөнөтүү мурдагыдай жылына эки жолу жүргүзүлөт — 1-апрелден 15-июлга чейин жана 1-октябрдан 31-декабрга чейин.
Мыйзамда ошондой эле электрондук чакыруу кагазындагы (повесткадагы) келүү күнү аны реестрге жайгаштырган күндөн тартып 30 күндөн ашпоого тийиш экени көрсөтүлгөн.
Президент кол койгон экинчи мыйзам болсо резервдегилерди тынчтык маалында да айрым тапшырмаларды аткарууга тартууга мүмкүндүк берет. Бул мыйзам резервде болуу боюнча ыктыярдуу келишим түзгөн жарандарга тиешелүү. Документке ылайык, Орусиянын Коргоо министрлиги резервдегилерди кошумча (“атайын”) жыйналыштарга чакырып, “өмүрдү камсыздоочу жана стратегиялык маанидеги объекттерди коргоо” иштерине тартууга укуктуу болот.
Бул мыйзамды Мамлекеттик Дума 28-октябрда кабыл алган. Андан көп өтпөй Ярославль жана Тюмен облустарында Орусиянын Коргоо министрлигинин резервине жарандарды кабыл алуу башталган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




