АКШда жүк учагы кырсыкка учурап, 7 адам каза болду

UPS логистикалык компаниясына таандык MD-11 жүк учагы АКШнын Кентукки штатынын Луисвилл шаарында учуп чыккандан көп узабай кырсыкка учурады. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, учак Гонолулуга (Гавайи) багыт алган болчу.

Штаттын губернатору Энди Бешир билдиргендей, учурда жетөөнүн каза болгону аныкталды, алардын үчөө — экипаж мүчөлөрү. Ошондой эле жерде турган 11 киши жаракат алды.

WLKY телеканалы көрсөткөн видеодо учак күйүп жаткан канаты менен асманга көтөрүлүп, андан соң жерге уруна электе жарылып кеткени көрүнөт. Кырсык күн батарына жакын убакта болгон. Кырсыктын кесепетинен аэропортко жакын жердеги өнөр жай аймагында бир нече өрт чыкканын Reuters жазды.

Учактын сыныктары учуп-конуу тилкесине чачырап кеткен.

АКШнын Жарандык авиация федералдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсыкка учураган учак 34 жыл мурда чыгарылган жана ал жерге саат 17:15 чамасында кулаган.

MD-11 учагы Гонолулуга 8,5 сааттык узак сапарга чыгышы керек эле. Ал үчүн учакка 38 миң галлон (болжол менен 144 миң литр) күйүүчү май куюлган.

Луисвилл аэропортунда UPS компаниясынын дүйнөлүк логистикалык борбору — UPS Worldport жайгашкан. Ал дүйнөдөгү эң ири посылка иштетүү борбору болуп саналат.

Губернатордун айтымында, учактын бортунда экологиялык коркунуч жараткан эч кандай кооптуу жүк болгон эмес.

Бийлик аэропорттон 8 чакырым радиустагы калктуу конуштардын тургундарына өз үйлөрүндө калуу тууралуу эскертүү чыгарды.

McDonnell Douglas MD-11F — бул америкалык McDonnell Douglas компаниясы иштеп чыккан алыскы аралыкка учуучу жүк ташуучу учак. Учак негизинен FedEx Express, Lufthansa Cargo жана UPS Airlines компаниялары тарабынан пайдаланылат.

McDonnell Douglas компаниясын сатып алып, анын программасын жапкан Boeing корпорациясы кырсыктан жабыркагандарга көңүл айтып, коопсуздук маселесин тыкыр иликтөөгө көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз