«Ашыгым» - эгемендик жылдардагы сүйүүлөрдүн ностальгиясы
Кечээ, 11-февраль күнү Ош шаарындагы «Нур» кинотеатрында «Ашыгым» аттуу тасманын жабык көрсөтүүсү болду. Тасманы көрүүгө журналисттер, блогерлер, тасманын режиссерунун туугандары катышты.
Алгач аталган тасманын режиссеру Манас Нурлан тасма тууралуу өз оюн бөлүштү.
«Бул менин экинчи тасмам. «Ашыгым» деген тасма романтикалык мелодрама десем болот. Тасманын өзөгүн 1990-жылдардагы ата-энелерибиздин жашоосу түздү. Ата-энелерибиздин романтикасы десем болот. Кантип алар биринчи жолу көрүшкөн, биринчи жолу таанышкан. Телефон, интернет, соц.сеттер жок кезде кандай жолугушуулар болгон. Чыныгы эркек деген кантип кыздын артынан чуркап, ага жетишип, ага татыктуу экенин кантип далилдеген? Ошого жооп берүүгө аракет кылдык. Бул тасманы ата-энеме арнайм»,- деди ал.
Режиссердун пикиринде тасмада колдонулган кийимдердин көпчүлүгү апасынын кийимдери. Тасма Кыргызстан жаңы гана эгемендик алган учурдагы окуяларды камтып, андан көрүүчүлөр өздөрүнүн жаштыгын эстеп, же жаш муун ата-энелеринин дооруна саякаттап келсе болорун кошумчалады.
«Негизи жакшы ойлорду алып келе турган, ностальгия боло турган тасма деп ойлойм. Сценарийдин жарымын ата-энемдин айтымы боюнча даярдадым, жарымын тасмага мени менен кошо автор болгон Руслан Акун жана Кайрат Мирзахимов менен бирге даярдадык»,-деди М. Нурлан.
Манас Нурлан белгилегендей, тасманын бюджети 60 миң долларды түзүп, башкы каарман – Максаттын ролун ойногон Бакболот Конурбаев Бишкектеги тасманын жабык көрсөтүүсүндө көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.
Журналисттердин пикирлери
Эркин журналист Дастан Үмөтбай акыркы күндөрү союз мезгилин романтизация кылган кино, клиптер көбөйүп кеткенин, бул кино ошолордой болуп калганын божомолдоп, бирок, башкача өңүттөгү тасма болгонун айтты.
«Бул кинону да ошондой болбосо экен деп аткан элем. Реалдуу көрсөтүптүр. Режиссер өзү айткандай үй-бүлөлүк тасма болуптур.
Тасма көрөрманга сүйүүнү даңазалайт. Андан сырткары адал эмгек, мээнет да маанилүү экенин чагылдырат»,- деди ал.
«Ош ТВ» телеканалынын сайтынын редактору Ажибай Пайзидин уулу аталган романтикалык мелодрама комедиялык жанрдын элементтери менен тартылганын айтып, тасма көңүлүнө толгонун билдирди.
«Манас Халдаровдун “Ашыгым” тасмасын көрдум. Кинонун идеясы, тартылышы мыкты. Мелодрамага бир аз комедия да аралаштырылыптыр. Бул көрүүчүлөрдү кызыгуусун арттырат. Ата-энең, үй-бүлөң жана жакын адамдарың менен чогуу көрө турган кино болуптур.
Ошол эле учурда, айта кетчү нерсе, азыр кино сүйүүчүлөр айылда да, шаарда да Голливуддун кинолору менен түрк сериалдарын көп көрүшөт. Ал кинолорго салыштырмалуу биздин кино тармагы өнүгө элек албетте. Бирок акыркы жылдары биздин кино сүйүүчүлөр кыргыз режиссерлорунун кинолорун да көрө баштады. Мисалы, «Бейиш эненин таманында» фильми эл аралык деңгээлде талкууга алынып, абдан популярдуу болду. Ошол сыяктуу эле “Ашыгым” киносу да эл көрө турган тасма болуптур. Баарына көрүүнү сунуштаймын»,- деди ал.
Тасманын кыскача сюжети
«Ашыгым» тасмасмасы баш каарман - Максаттын монологу менен башталат. Анда ал колуктусу менен эмне деген сыноолордон өтүп, кандай кыйынчылыктар менен үй-жай салганын баяндайт. Чу дегенде эле баш каарман келечектеги күйөө баласы менен жолугууга барат. Максат түз эле «Нават» кафесине барып, болочоктогу күйөө баласы менен жолугат. Анда ал кайнатасы боло турган адамга кызын жакшы көрөрүн, өзүнүн чакан курулуш компаниясы бар экенин айтат. Ошол учурда Максат эстен танат. Сюжет андан ары ооруканада уланып, дарыгер анын башында чоң шишик бар экенин билдирет. Ал тезирээк операция жасалбаса, өмүрү менен эрте эле кош айтышып каларын эскертип, мыкты операция жасалчу өлкө катары Түркияны сунуштайт. Ошондой эле, операцияга 40 миң доллар керектелерин белгилейт. Андай чоң суммадагы акчасы жок экенин билген Максат бул окуяны жакындарына айтпоону чечет.
Андан ары Максат үйүнө барып, кокусунан эле жубайына бала-чакасын чогултуп, «Нават» аттуу кафеде чогуу тамактанып отурууну сунуштайт. Мындай адаттан тыш сунушун байкаган аялы анын абалы боюнча санааркай баштайт. Арадан көп убакыт өтпөй Максат өзүнүн автоунаасында эсин жоготкону маалым болот. Ооруканадан болгон чындыкты билген жубайы үй-жайын, автоунаасын сатып болсо да операция кылууну көздөйт. Бирок, ага Максат макул болбой, балдары да ал сыяктуу кыйналуусун каалабаганын айтат. Ошентип, жатак бөлмөдө терең ойго чөмүлгөн Максатка небереси кирип келип, чоң энеси менен кантип таанышып калганын суроо менен Максат жана Айсулуунун махабат баяны Максаттын баяндоосу менен башталат.
Жаштардын жашоосу Кыргызстан өз алдынча эгемендүү болуп, оор шартта күн кечирип жаткан тээ 1990-1991-жылдардан башталат.
Театрда иштеген Аскат менен Максат экөө топ балдар чогулуп турган жайга келет. Аскат анын гитарасын топ балдар алып койгонун ишара кылат. Максат бокс боюнча машыгып, мелдештерге катышып жүргөн спорт денелүү жигит болгондуктан топ балдарды баарын уруп, досунун гитарасын алып берет. Ошол кезде көп кабаттуу үйлөрдүн биринен Айсулуу чыга келет. Анын жамалына ашык болгон Максат анын ысымын билмекке тырышып, күн сайын ал жашаган үйгө барат. Акыр аягы аны аңдып отуруп, китепканада таап, артынан ээрчип барып, парктан атын сурап, таанышат. Ошентип, жаштардын сүйүү баяны башталат.
Максат балдар үйүндө чоңойгон, Аскат театрдын жаш кызматкери, студент. Экөө тең өз курсактарын тойгозуш үчүн ар дайым белгилүү бир коммерсанттан чет өлкөлүк сагыздарды таңгагы менен сатып алып, дүкөндөргө өткөрүшөт. Ошентип жүрүп Максат Айсулуу менен ынак мамиледе болуп, экөө такай жолугуп, тынбай баарлашууга өтүшөт. Деген менен Айсулуунун атасынын досу менен үй-бүлөлүк ынак мамилеси, үй-бүлөлүк катнашы болгондуктан алар баласына Айсулууну келин кылууну чечет. А Айсулууга күйөө боло турган жигит коммерсанттардан «доля» алган майда криминалдык топтун башчысы болот.
Сюжет андан ары уланып, Айсулуунун ата-энесинин Максатка кызын бербей коюшу, кызы такси менен баратып кырсыкка кабылып, майып болуп калышы менен коштолот. Сүйүүсүнө кыздын майып болуп калышы да тоскоолдук жаратпаган Максат кызды белгилүү табыпка алып барып жүрүп айыктырып алат. Ошентип, жаштар баш кошуп, тасманын башындагыдай үй-жай салып, автоунаа алып, кызын күйөөгө узатуунун кайгайында жүргөн учурда Максаттын мээсиндеги шишиги аныкталып, операция кылууга туура келет.
Болочок кудалар кудасынын бул дартын угуп, калыңга деген 40 миң долларын берип, Максат Түркияда операция болуп, операция ийгиликтүү болуп, Максат жана Айсулуу уул-кыздары жана келин-күйөө балдары менен бирге кенен дасторгондо кобурашып жаткан жерден аяктайт.
Тасма тууралуу ой
«Ашыгым» тасмасынын режиссеру Манас Нурлан: «Тасма романтикалык мелодрама жанрында тартылган, ынак мамилени, күчтүү сүйүүнү чагылдырган тасма»,- деп атады. Ооба, чынында эле мелодрама – бул драмалык жанрдагы адабий, театралдык жана киномотографиялык чыгарма. Бул жанр боюнча, көбүнчө адамгерчилик, моралдык баалуулуктар, сүйүү жана үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча каармандар катаал сыноодон өтөт. Ал эми романтикалык мелодрама болсо – бул сүйүү темасын камтыган, эмоцияга басым жасаган жанр.
Тасманын баш каарманы өзүнүн сүйүүсү үчүн күрөшүп, сүйгөнү майып болуп калганына карабай баш тартпай, сүйүүсү үчүн колунан келген иштерди жасаганы тасманын романтикалык мелодрама жанрында тартылганын айгинелейт.
Демек, кинонун башталышына келсек. Жогоруда сюжетте айтылгандай, Максат болчоктогу күйөө баласына жолугуу үчүн «Нават» кафесине келет. Мында режиссер кафенин дарегине кадрда көрсөтпөй койсо деле болмок. Анткени, кино сүйүүчүлөр тасмадагы жарнаманы жаман көрөт эмеспи. А мында «Нават» кафесин жарнамалоонун ачык эле элементтери бар. Аны төмөндө кеп кылып берем.
Максат келечектеги күйөө баласы менен жолугуп келгенден кийин болчоктогу кудаларын үйүнө чакырганын айтат. А жубайы Айсулуу болсо кудаларды тосуп алуу үчүн алардын даядыгын жок экенин каңкуулайт. Анда Максат күйөө бала боло турган жигит менен «Нават» кафесинде жолукканын, тамактары даамдуу экенин айгинелейт. Бул жарнама эмей эле эмне?..
Ошондой эле, тасмадагы жарнама боюнча кеп кылып жатып, дагы бир жарнаманы байкоого болот. Балким ал көрөрманды эски жылдарды эстетүү үчүн колдонулганы болушу мүмкүн. Бирок, муну мен даана жарнама катары эле байкадым. Тасмада Максат менен анын досу Аскат экөө «Love is» сагыздарын алып, аны дүйкөндөргө өткөрүү менен кара курсактын камын көргөнүн бир нече жолу көрөбүз. Аталган сагыздар азыр деле сатылып жатканын эске алганда, бул да жарнаманын бир түрү болуп калган. Албетте, Кыргызстанда киномотографиялык тармак толук түрдө жеке секторго өтө элек. Өтсө дагы жарытып чыгашасын актай элек. Актаган тасмалар деле бар, бирок, мындай жанрдагы тасмалар чыгымын актаганын уга элекмин. Өлкөдө көбүнчө комедиялык жанрдагы тасмалар көп тартылгандыктан, алардын тасмасы өзүн-өзү актамак түгүл жаңы тасма жаратууга жетип жатканын аталган тасмаларды тартып жүргөн режиссерлордун кеби кыргыз басма сөзүндө бай-бай жарыяланып турат. Бирок, тасма жаратуучуларын ресурсу аз, бюджети тартыш болгонун эске алганда бул жарнамалар көрарман тарабынан кечириле турган нерсе деп ойлойм.
Көрарман катары кинонун айрым эпизоддоруна купулум толгон жок. Алсак, тасманын башында эле Максат күйөө бала боло турган жигит менен маектешип отуруп эле эстен танат. Анда болочоктогу күйөө баланын эмоциясы таасын көрсөтүлгөн эмес. Ошол жеринде күйөө баланын ролун жараткан актердун эмоциясын таасын, айкын кылып чагылдырып койсо болмок.
Мындан сырткары, жатаканада Максат менен Аскат коңушу бөлмөдөгү кыздардын тамагын уурдап жейт. Ал жерде тамак кылган кыз келип калып, аларды түштүк диаликти менен тилдейт. Маселен, «галдир», «лаган»(бул сөздөрдү жазуу үчүн биздин алфавитте башта тамагалар жок болгондуктан ушундай жаздым) деген сөздөр колдонулат. Бирок, аталган сөздөрү чыныгы айтылышында эмес, өзгөртүлөн формада колдонулган. Эсеби маселен, «гялдир», «ляган» деп.
Тасманын бир нече эпизодунда баш каармандын – Максаттын Айсулууга болгон ашыктыгын билдирүүчү - термиле тигилүүсү бар. Дал ошол эпизоддордон жигиттин кызга канчалык ашык болгонун көрармандар байкай тургандай кылып ачып бере алган эмес. Балким, башка көрармандарга бул жаккан чыгар, бирок, менин көз карашымда баш каарман сүйүүнү көздөрү менен айгинелеп, айтып бере алган эмес.
Бул менин табитимдеги каталар болду деп эсептейм. Жогорудагы ойлор да бир адамдын – менин пикирим деп кабыл алыңыз. Мен дасыккан кино сынчы эмесмин. Болгону кино сүйүүчүсүмүн.
Жалпылап алганда, режиссердун болгону экинчи тасмасы экенин эске алганда, кинотеатрга барып, жакындарыңыз, жакын адамыңыз менен бир көрүп коюуга арзый турган тасма болуптур.
Автор: Бек Турган
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.