С. Лавров борбор азиялык өлкөлөрдүн мигранттары үчүн катаал режим киргизүү тууралуу эмнелерди айтты?
Борбор Азиядан, биринчи кезекте Кавказ артындагы өлкөлөрдөн жана мурдагы Советтер Союзунун башка республикаларынан келген эмгек мигранттары үчүн кирүү режимин катаалдаштыруу Орусиянын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп бербейт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Мамлекеттик Думанын өкмөттүк саатында сүйлөп жатып билдирди, деп жазат "CentralAsia" басылмасы «КоммерсантЪ» шилтеме берүү менен.
«Ооба, албетте, тартипти көзөмөлдөө керек. Мигранттар көп келген географиялык багыттар боюнча бир катар мыйзам бузуулар катталган, — деди Лавров. — Биз алардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүү керек деген көз караштабыз. Бирок тоскоолдуктарды жаратуунун, айрыкча визалык режимди киргизүүнүн зарылдыгы жок. Ооба, мурдагы тартипке салыштырмалуу кошумча чаралар көрүлүп жатат. Бирок алар так ушул көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган, эмгек миграциясына тоскоолдук жаратууга эмес».
Министр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары «эч кандай чакыруусуз» келип, кайсы жерде иштей турганын алдын ала тактабастан ишке орношо аларын эске салды. Бирок эми орус бийлиги эмгек мигранттарынын кайда экенин жана ким үчүн иштеп жатканын так билиши үчүн бул маселени «конкреттештирүүгө туура келет» деп кошумчалады.
2024-жылы Орусияда мыйзамсыз миграцияны уюштургандар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, мигранттар менен россиялыктардын жасалма никеге турушуна каршы күрөшүү жана кылмыш жасаган мыйзамсыз мигранттар үчүн жазаны оорлотуу сыяктуу чаралар кабыл алынган. Ошол эле учурда, соттолгон чет элдиктерге Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салуу сунушу өкмөт тарабынан колдоого алынган эмес.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.