Кара-Кулжада окуучу кызды зордуктоого шектелген мугалимге соттун өкүмү чыкты
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мугалим окуучучу кызды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши сотто каралып, айыпталуучу 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (Ош ОИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат түшкөндөн кийин, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 1967-жылы туулган А.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот анын баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка тиешелүү далилдер топтолуп, иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") боюнча сотко өткөрүлгөн. Кара-Кулжа райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, аны 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.
Учурда соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.