БШК Жогорку Кеңешке 30 талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-ноябрда көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн 30 жаранды каттады.

Маалыматка ылайык, талапкерлердин документтери жумушчу топ тарабынан текшерилип, мыйзамдын талаптарына жооп берери аныкталган. Натыйжада аларды каттоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Катталган талапкерлердин катарында төмөнкүлөр бар:
Нурлан Онгоев (№28 округ), Аалы Карашев (№10), Айбек Жайлообаев (№30), Эрлис Тердикбаев (№25), Чолпон Жеенбекова (№7), Эрмекбай Омошев (№12), Равшанбек Рысбаев (№3), Эралы Жолдошбеков (№28), Алишер Эрбаев (№15), Аманкан Кенжебаев (№19), Табылды Муратбеков (№27), Гулнура Сатывалдыева (№6), Абдикасыт Исаев (№1), Канатбек Ахмедов (№1), Сюита Ахматова (№2), Медер Рахман (№12), Илим Карыпбеков (№23), Искендер Шаршеев (№23), Талантбек Ибраев (№29), Темирбек Тиллебаев (№12), Талантбек Эсенбай уулу (№10), Гульчехра Омонова (№21), Шаирбек Ташиев (№11), Айгүл Ахмедова (№5), Нурайда Толубаева (№14), Азамат Дороев (№28), Улан Сариев (№19), Куванычбек Конгантиев (№21), Токтосун Султанов (№23) жана Гүлсана Бапаева (№21).

БШКнын маалыматына ылайык, катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз