«Кадастр» мекемесинин Ош башкармалыгынын 5 кызматкери кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын 5 кызматкерин ИИМдин Оштогу аймактар аралык башкармалыгы кармаганы айтылууда.
 
Азырынча ИИМдин басма сөз кызматы бул боюнча маалымат бере элек.
 
Алдын ала маалыматка караганда, «Кадастр» мекемесинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Ильяз Сансызбаев да кармалганы белгилүү болду.
 
Учурда алар кайсыл иштин негизинде кармалганы белгисиз.
 
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, М.С.И. (Ильяз Сансызбаев )карата 2025-жылдын 2-августуна чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы Ош шаардык соту тарабынан тандалып алынган.
 
«Ошондой эле, калган 5 кызматкер да 2-августка чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандап алынган»,- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз