Ош шаарынын казысы Мирлан Токтомушев кармалды
Ош шаардык мусулмандар казыятынын башчысы Мирлан Токтомушев укук коргоо органдары тарабынан кармалганы кабарланды.
Маалыматты "Т-Медиага" өздүк булактары билдирген. Шаардык казыят да маалыматты ырастап, себебин билбей турганын кошумчалады.
Күч органдары бул боюнча комментарий бере элек.
"Т-Медиа" белгилегендей, Мирлан ажы Токтомушев Ош шаарынын казысы болуп 2023-жылдын 29-январында дайындалган. Ага чейин жетекчинин орун басары болуп турган. 45 жаштагы Токтомушев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынан болот. Кесиби боюнча юрист.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.