Кара-Сууда 9-класстын окуучусунун өлүмүнөн кийин 7 адам кызматтан кетти
Акбермет Толтоева
Кара-Суу районунун Манас айыл аймагы Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектебинде 2025-жылдын 12-февраль күнү саат 10:55-11:00 чамасында 9-класстын окуучулары менен 11-класстын окуучулары арасында өз ара пикир келишпестик чыгып, натыйжада 9-а класстын окуучусу Турдубаев Адилет жабыркап, жеринде биринчи жардамдар көрсөтүлгөн.
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, ФАП кызматкерлерине кабар берилип, алар да болгон күч аракеттерин жумшашкан. Жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жеткирилип, алгач ата-энелерине кабар берилип, медициналык кызматкерлер тарабынан баардык жардамдар ата-энелердин көз алдында берилген. Берилген тез жардамдарга карабастан 9-класстын окуучусу Турдубаев Адилет каза болгон.
Учурда №39 А.Султанов атындагы орто мектепте 23 класс комплектте 610 окуучу окуп, 48 мугалим билим-тарбия беришет. Бүтүрүүчү 9- класста 2 класс комплектиде 44 окуучу, (класс жетекчилери Баитова Нуржан, Абдуллаева Жаркынай), 11-класста 17 окуучу (класс жетекчиси Жакыпова Жыпар) билим алып жатышат.
"Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Табалдиев Канат Касенович бул окуяны өз көзөмөлүнө алып, чукул жыйын өткөрдү. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А. Кулановага жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан өнүктүрүү жана камсыздоо секторунун адиси Жеңиш уулу Азаматка сөгүш жарыялап, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 13-февралындагы №1 буйругунун негизинде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Толтоева Акбермет Толтоевна кызмат ордунан бошотулду.
Мындан сырткары райондук билим берүү бөлүмүнүн 2025-жылдын 13- февралындагы №20-6 буйругу менен мектептин директору Калмурзаев Нурланбек Искенович, №20-7 буйругу менен окутуу, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жунусалиева Улпатхан Сайдазовна, №20-8 буйругу менен окуу-тарбия иштери боюнча класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Кулболдиева Гулсунай Жамшитовна, мектептин буйругу менен социалдык педагог Шайымкулова Анаркан Бекмаматовна, 11-класстын класс жетекчиси Жакыпова Жыпар Ариповна, 9-а класстын класс жетекчиси Баитова Нуржан Абдивасиловна кызмат орундарынан чететилди",- деп айтылат маалыматта.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн 2025-жылдын 13-февралындагы №20-9 буйругу менен мектептин математика мугалими Оморалиева Мисрат Батыровна убактылуу директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.