БШК бир катар талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

3-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

БШКнын маалыматына караганда, катталган өкүлдөр төмөнкүлөр:

№12 шайлоо округу боюнча талапкер Зайнапхан Балтабаевна Жусупованын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — К.Б. Жусупов;

№27 шайлоо округу боюнча талапкер Акжол Сабырбекович Атаевдин шайлоо боюнча өкүлү — Ф.К. Акматов, каржы боюнча — О.Ж. Ибраев;

№1 шайлоо округу боюнча талапкер Бактыяр Абдинабиевич Токторовдун шайлоо боюнча өкүлү — А.Т. Жумагулов;

№21 шайлоо округу боюнча талапкер Гульчехра Таабалдиевна Омонованын каржы боюнча өкүлү — Л.Т. Саралаева;

№2 шайлоо округу боюнча талапкер Бурун Кушбековна Аманованын шайлоо боюнча өкүлү — Ч.Дж. Курбанова;

№22 шайлоо округу боюнча талапкер Ирлан Азисович Атановдун шайлоо боюнча өкүлү — А.Б. Исмаилов, каржы боюнча — Е.А. Щербакова;

№24 шайлоо округу боюнча талапкер Гульназ Мажитовна Халилованын шайлоо боюнча өкүлү — И.В. Ли, каржы боюнча — А.А. Боромбаева;

№8 шайлоо округу боюнча талапкер Бөдөш Аманбаевна Мамырованын шайлоо боюнча өкүлү — Т.Т. Козуев.

Мындан тышкары, №14 шайлоо округунан талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Нураида Нуржакыповна Толубаеванын шайлоо боюнча өкүлү боюнча чечим кабыл алынды. Анын мурдагы өкүлү Э.Н. Толубаеванын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна М. Нуржакыпов шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталды.

БШК билдиргендей, бардык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү тапшырылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз