“Ода” гезитти оңдойм деген редактор же эркин болгусу келген облустук гезит
Америкалык жазуучу Жорж Мартиндин “Муз жана от ыры” деген чыгармасынын негизинде тартылган “Такты оюндары” (Game of Thrones) сериалы дээрлик 7-8 жыл дүйнөдөгү эң популярдуу сериал болуп турду. Ошол тасманын каармандарынын бири: “Бир күндүк эркиндик кишенделип өткөн бир өмүрдөн кымбат”, - деп айтат эмеспи. Турмушубузда эркиндик жөнүндө көп сөз кылабыз. Кыскача айтканда, бирөөгө көз каранды, күнкор болбосом деген тилек, кыял, балким максаттарыбыз оголе чексиз. Бул - майда-барат турмуш-тирчиликтен, ички дүйнөбүзгө чейинки, ой-туюмубузга чейинки эркиндик эңсөөсү. Бирок эмне үчүн бардык эле адамдар эркин боло албайт? Анткени эркиндик деген чоң жоопкерчилик тура. Ошол жоопкерчиликти өзүнө ала билсе, баарына чыдап, таштак жолдо мөңкүбөй, наалыбай, чыдап баса алса гана эркин боло алат экен киши.
...туш тарабы тоо менен коргондолуп, элестүү айтсаң чөйчөктөй болуп турган Чөгөм деген айылда эркин өсүп, кийин ошол эркиндигин өлөр өлгөнчө сактап калган Абдувахаб Мониев болду окшойт, мен тааныган кишилерден.
Абдувахаб аке менен 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жакындан тааныш болдук. Авторитаризмге ыктап, ошонун сазына батып бараткан Акаев бийлиги Үзөңгү-Кууш, Аксыдагы демонстранттарга атылган ок, соңунда парламентке талаштуу шайлоонун жыйынтыгы менен куулуп, “элдик ыңкылап” деп эдиреңдеп, бийлик алмашса эле өнүгүп кетчүдөй болгон учур эле анда...
Мен окуу жайды жаңы бүтүп, “Ош жаңырыгында” иштеп жүргөм. 2005-жылдын 27-февралында Жогорку Кеңешке шайлоонун биринчи айлампасы, 13-мартта экинчиси өткөн. Ошо кездеги президент Акаевдин уулу менен кызы парламентке шайланды. Ал эми оппозициялык турумду карманган саясатчылардын айрымдары шайлоодон жыдып, катышкандары деле ар кандай бут тосуулар менен добуш ала албай калган. Мына ушул соңку окуя 15 жыл чогулуп калган арыз-армандуу элдеги тосмону жарды. “Жоогазын революциясы” деп атап жүргөн Март окуялары Жалал-Абад, Ош облусунан башталып, бүтүндөй өлкөдөгү нааразылыктарды борбор калаа Бишкекке чогулткан.
Абдувахаб Мониев ошол ыңкылаптын кыймылдаткыч күчү болгон жаштардын алдыңкы катарында жүргөн. Бир топ жаштар “Ойгон Кыргызстан жаштары” деген кыймыл түзүшкөн.
Март окуясынан кийин Абдувахаб аке, өзү мурда иштеп кеткен “Ош жаңырыгы” басылмасына редактор болом дептир. Облустук бийликтин баскан-турганын, тажатма, жыйынтыгы жок жыйындарын, айыл-апага иш сапарларын узундан узун жазып, жарымы чоңдордун аты-жөнүнөн, жарымы алардын сүйлөгөн сөздөрүнөн турган “ода” макалаларды жазган басылманы “Асаба”, “Агымда” такшалып, чоң саясаттын казанында кайнап баштаган отуз жаштагы жигит эмне үчүн тандап алганына таңмын да азыр (а кезде антип ойлоно алчу эмесмин)...Балким, ал өзү мурда иштеп жүргөн учурунда “редактор болуп келсем, минтмек элем” деген бир балалык аруу тилеги болгондур...Ошону өзүнөн сурап албаганыма өкүнөм. Вахаб акени бу дүйнөдөн эрте кетет деп ким ойлоптур, баарыбыз эле дүйнөгө түркүк болбоуз деп жашайбыз го...Ошо кезде Мониев жаш экенине карабай калеми курч журналист катары кеңири чөйрөгө таанымал эле.
Ошентип Мониев “Ош жаңырыгына” редактор болом деп келди. Жамааттан күңкүлдөп, ачык да, көмүскө да наарызылыктар айтылып турду. Мени 4-курстан ишке алып, “талантың бар экен” деп колдоп жүргөн мурдагы редакторум Мамырайым Дубанаевдин тарабында турдум. Эдил (Адиев) досум (ошол маалда гезитти компьютерден жасалгалаган, мыкты адис) экөөбүз тең “эркекче болсун, редакторубузду колдойбуз” деп бекишип алганбыз. Экөөбүз Абдувахаб Мониевди жакындан тааныбай туруп, ага каршы элек. Анткени “биз сатып кеткендей болобуз” деп, мурдагы редакторубузга болушкубуз келген.
Жашпыз да, 21 жаштабыз, эч нерсени көрө элек, мадырабаштар экенбиз... Дүйнөнүн тагдыры биздин колдо тургандай болот да андайда... Башкалар күңкүлдөгөнү менен редактор алмаша берип, такшалып, реалдуу да караганга көнүшкөн экен, кадимкидей эле ишин уланта беришти.
Мамырайм аке облустук бийликке бөлүм башчы болуп кетти, “биз да кетебиз, жумуш таап бериңиз” деп бардык. Мага убактылуу жумуш тапты, Эдилди “иштеп тур” деди. Абдувахаб акеге келип арыз жазып, бир айга акы төлөнбөгөн отпуске алып, кете бердим.
Барган жумушум убактылуу ачылган Бакиевдин шайлоо штабы экен. Шайлоодон кийин шалпайып гезитке кайттым. Анткени устукан бөлүштүргөндө жазгандан башканы билбеген мага шыйрак деле тийген жок. Мамырайым аке деле өз түйшүгү менен болуп калды окшойт. Анан калса Абдувахаб аке ошол мен штабда жүргөн бир айдын ичинде 3-4 мерте жолугуп калып, “кел иштешебиз, башкача пландар бар” деп жүргөн. Ошентип менин “принципиалдуу болом” деген кадамым ишке ашпай, гезитке кайра кайтып келдим.
Мониев мага башында көчөдөн келип эле олтура калган карапайым, жөнөкөй кишидей туюла берчү. Сыртынан жупуну киши эмес беле, жөнөкөй, өтө карапайым эле. Жакындан тааныгандан кийин сырткы көрүнүш кээде алдамчы, жасалма болорун түшүнөсүң. Көктүгү, өжөрлүгү, негизгиси эрежеге сыйбаган мүнөзүнүн далай азабын тартты. Духу күчтүү болчу, аны кыргыз кандан-бектен тартпаган дейт эмеспи.. Дайыма калыс, адилеттүү, эркин болууга умтулду, сөзү өтпөй калганда муштумун көтөрө чуркагандан кайра тартчу эмес.
“Ош жаңырыгына” келген учуру Мониевди такшалткан, таштак жолго такасыз салган чоң тажрыйба болуптур. Гезитке жаңы команда топтоду, жамааттын 30 пайыздайы жаңыланды.
Ара-чолодо бирөөнү “редактордун кеңешчиси” деп жумушка ала калып, көбүнө жаман көрүнгөн. Анысы деле “ыңкылаптын каармандарынын бири” болсо керек эле, азыр эсимде жок. Негизгиси, гезиттин стилин оңдогонго батыл киришти. Бирок өзгөрүүнү кабыл алуу өтө кыйын экен. Көнүп калган турмуш нугун өзгөртүү ыңкылап кылгандан дагы кыйын болуп чыкты. Элдин турмушунан алыс макалаларды жазып, имитация кылып, иштеп аткандай түр көрсөткөн мамлекеттик мекемелердин отчетторун жарыялап, эптеп-септеп күн көрүп жүргөн басылманын акыбалы оор эле. Айлык аз, жаштарды шыктандырган эч кандай себеп жок. Эптеп башка жумуш чыкса, секирип кетермин деген ниетте жүргөнбүз көпчүлүгүбүз.
Мониев келгенден кийин гезиттин турмушу андан бетер оорлошту - айлык кечеңдеп, гезитти чыгаруудагы чыгымдар төлөнбөй калып жатты. Эмне кылуу керек? Гезиттин нускасын көбөйтүп, жарнама менен жашаш керек. Ал үчүн гезит окумдуу болушу шарт. Ошондой кылалы деген максат болду. Жамааттын баары эле ага макул эмес эле, албетте. Кетиргенин кетирди, кыскартканын кыскартты. Анан тоголок каттар, арыз-даттануулар... Бул таштак жолдун башталышы ушундай болду.
Гезит жаңы келген Бакиев бийлигинин кадамдарын сынга алган курч макалалар, коллаждар менен чыга баштады. Бир жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын губернаторлорун ырдатып, Бакиевди аккордеон тарттырган коллаж менен “өз алдынча чечим кабыл алалбай, борборду эки көзү төрт болуп карап олтурган жергиликтүү бийликти” сындаган макала жарыяладык. Көп өтпөй ошол маалдагы Оштун губернатору Адам Закиров гезитке келип, элге түз байланышта жооп бермей болду. Туш тарапка чалып, көйгөйлөрдү топтоп койдук. Ошол күнү дагы биз жарыя берген телефондон көп кишилер чалды. Адам Закиров дагы кандай болсо, ошондо чыгара бергиле деп, бүт суроолорго жооп берип, эки сааттай түз эфирде болду. Гезиттеги макалалар мазмуну жагынан кызыктуу болуп, сөзгө алына баштады. Бишкекке чейин таратабыз деп, Мониев өзү “бир топ саясатчы, депутаттарга жаздырып келдим” деди.
Идея үчүн иштеп баштадык, айлыктар кечигип тийет, карызга түштөнөбүз, карызга жашайбыз. Бирок курук эле идея эмес, айлыктарыбызды көтөрүп берген, ар ким кылган ишине карап айлык алат. “Жүз койдон жүз жыйырма козу алды” деген сыяктуу макалалар гезиттен кетпейт, жалаң ошондой жазган киши жупуну айлык менен кала берет. Мыкты жазгандар калем акыны көп алат. Ушундай эреже иштеп атты. Мунубуз кыйла жылдан бери иштеп жүргөн кишилерге түк жаккан жок. Кийин ушул калем акы боюнча даттануулардан улам текшерүү жүрүп, текшерүүчү деле калем акынын көлөмүнө таң калган.
Идеяны ээрчиген бир муун бар эле – маркум Жыргалбек Ажиматов жарнама бөлүмүнө келип, гезиттин бир барагын алып, керээлден-кечке ошого жарнама издеп, толтурат. Жаштар бети бар, Кызбурак Токтобаева деген кызыбыз анын мүшкүлүн тартат...Эдил Адиев идеясын тапсаң, коллажды каалаганыңдай жасап берет, гезиттин жасалгасын жакшыртты. Айтор, ар кимибиз түйшүктөнөбүз. Сурамжылоолорду өткөрөбүз: Элди эмне түйшөлтөт? Эл бийликке канчалык ишенет? Ушундай суроолор менен тынбай сурамжылоо өткөрөбүз. Борбордон келе калган саясатчы, таанымал кишилер менен маек куруп калганга аракет кылабыз (көп кишилерден алдык). Абдираим аке экөөбүз керелден-кечке мазмун жагына баш оорутабыз (мен жооптуу катчы, а киши саясий баяндамачы), Манас Осмон редактор орун басары, ал да өзүнчө жаңылыктарды киргизет. Облустук гезит кадыресе эле республикалык эркин басылма кейпин кийип баратты. Ошонун баары Абдувахаб аке аркылуу өтүп турду. Ошол кишинин духу, дымагы, курчтугу гезиттин мазмунунда чагылып атты.
Олуттуу темаларды козгоп, паракорлуктан арылуу, бийликтеги ачык-айкындыкты талап кылган көптөгөн макалалар жазылчу. Муну азыр облустук китепканада сакталып турган гезиттин ошондогу чыгарылыштары тастыктап турат. 2005-2006-жылдары “Ош жаңырыгы” таптакыр өзгөрдү. Бул ошол жөнөкөй кара-тору, ичкенде ичип, чоңдорду теңине албай, “гезит элдин пикирин айтыш керек”, “бийлик эл менен да, элдик гезит менен дагы эсептешип иштеши керек” деген бекем принципке турган Вахаб акенин мээнети эле.
Ошол 2006-жылдын февралында кыргыздын кеменгер уулу Салижан Жигитов дүйнө салды. Вахаб аке алагүү болуп келди, суук кабарды айтты да, гезиттин башкы бетине өзү макала жазууга киришти. “Туйгунуң кетти туйдуңбу кыргыз” деген аталыш менен чыгардык. “Салижан Жигитов бир ултутун ар-намысы, бир улуттун абийири эле” деп жазды...
Учурунда Салижан Жигитов Мониевге назары түшүп, жакшы мамиледе болгонун көп эскерээр эле. Ошол окуядан кийин Абдувахаб аке күйүттүн арак менен басып, кыйла күн ичкен. Ичкенде бир апта ичип, көзү кетип, кара-тору өңү андан бетер карайып калаар эле.
Мониевдин тагдырында ушундай кишилер көп болуптур негедир, ошол эле Кубатбек Жусубалиев Абдувахаб акени абдан жакшы көрүп, бооруна тартып турчу. А кишиге чогуу барып, экөөнүн сүйлөшкөндөрүнө да күбө болгом.
-Кубат ака, сиз негизи ооруйсузбу?,-деп сурап атпайбы андан Абдувахаб аке.
-Э-эй, апанди, ушундай да суроо болобу,-деди да, үндөбөй калып, анан айтты:
-Мергенге чыккан киши ата турган аңынын изине түшүп алып, чарчаганын билбей кете берет. Мен ошондой кишимин. Силердин болсо максатыңар жок, бир күн башыңар, бир күнү көчүгүңөр ооруйт, - деди. Биз каткырып күлгөн элек. Бул жагы өзүнчө кеп...
Ошентип Март ыңкылабынын бир жылдыгы келди, 2006-жылы май айынын соңунда болсо керек, Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун губернатору жана түштүк аймагы боюнча президенттин өкүлү болуп дайындалды. Бакиев бийлиги акырындап күчтөнө баштады. Аймакта олтуруп алып, бийликти сындаган, болгондо да мамлекеттин акчасына жан баккан облустук гезиттин “ээн ооздугун” тыйып коюштун кезеги келди окшойт. Бир жылдай созулган эркиндигибиз акырындап тарый баштады. Эсеп палатасы, прокуратурадан деп текшерүүлөр түштү.
Февралда башталган кысым, улам муунтуп келе берди. Сыйыртмак жип Абдувахаб Мониевдин моюнунда эле, аны редакторлуктан алган күнү гезит 100 пайыз мурдагы калыбына түшмөк. Муну үчөө-төртөөбүз жакшы эле сезип турдук окшойт. “Мониевди ичип алып, милиция менен мушташкан” дешти, ошо менен кысышты кыйла. Анан “мурдагы редактор соттон утуп алды, мыйзамсыз жумуштан алынган” дегенди айтышты. Кыскасы, Абдувахаб акенин баары бир редакторлуктан кетери анык болуп калды.
Аны “мамлекеттик басылманын редактору болуп туруп иш бөлмөсүнө президенттин портретин эмес, авасы генерал Ысакбек Мониевдин сүрөтүн илип олтурат” деп да асылышты. “Керек болсо президент дагы чоң атасын же атасынын сүрөтүн илип алсын, ошолор алдында кылган ишине жоопкер экенин сезсин” деп кежейип, сүрөтүн алмаштырбай койду.
Абдувахаб аке бир күнү (так датасы эсимде жок) Абдираим аке экөөбүздү чакырып, “губернатор чакыртыптыр, бирок жалгыз барбайм жамаат менен барам дедим, эмне сөзүңөр бар” деди. Эгер жумуштан ала турган болсо, анда жаңы редакторду жамаат өзү шайлап ала тургандай шарт түзсүн деген талапты айттык. Анан Жантөрө Сатыбалдиев кабыл алды. Ал киши да жумшак сүйлөп, Мониевди “өзүң ийге келбей, өзүңдүкүн туура көрүп кежейип туруп алдың, эми жогортон буйрук болду, иштен баары бир кетесиң” дегенди кыйытты. Мониев адатынча кызматка байланбасын айтып, бийликке ачуу сындарын жаадырды. Анан жаматтын талабын билдирип, “ошону аткарсаңар арыз жазам” деди. Ага губернатор дароо эле макул болду.
Ошентип өз каалоосу менен кете турган болуп, арызын жазды. Бирок жаштар ага макул болбой, иш бөлмөлөрдү мөөр басылган кагаздар менен чаптап, иш таштоо жарыялап, басма сөз жыйынын берип салдык. Ошол учурдагы, азыркы көз караштан караганда деле бул өлкөнүн коомдук, саясий турмушундагы өтө чоң окуя эле. Бирок кийинки окуялар бийлик кандай кааласа, ошондой уланган. Мониевден кийин Алишер Токсонбаевди редактор кылып шайлап алуу аракетибиз ишке ашкан эмес. Жамааттагы узак жылдар иштеген кишилердин аракети менен бир ууч мониевчил журналисттер ал шайлоону да уттуруп, анан ошол эле жылы баарыбыз четинен жумуштан кетип калдык.
“Ода” жазган гезитти оңойм деген редактордун же бийликти сындаган облустук гезиттин кыска таржымалы ушундай. Андан бери журналистика өтө тездик менен өзгөрдү. Жаңы технологиялар салттуу журналистиканын көп эрежелерин өзгөртүүгө аргасыз кылууда. Бирок кыргыз журналисткасынын арты чубалжып, дале совет мезгилиндегидей ыкмадан чыга албай жүрөт. Демек, Абдувахаб Мониевдин бир жарк эткен редакторлук ишмердүүлүгү мен макаланын башында мисал келтиргендей, бир өмүрлүк редакторлуктан маанилүү. Жорж Мартиндин “Муз жана от ырындагы” каармандын сөзүн мисал келтиргеним ошондон.
Абдувахаб аке менен ошол 2005-жылдагы тааныштыгыбыз, ага-инилик мамилебиз көзү өткөнчө үзүлбөдү. Духу күчтүү, калыс кеби бар, акыйкатты сүйгөн, эркиндикке умтулуп, анын жоопкерчилигин да сезе билген кыргыздын азамат уулунун өмүрү кыска болду. Кайсыл кызматка барбасын муунтуп галустук тага албай, көпкө отура албай, эркин куштай эле сызып өттү өмүрдөн. Алганына эмес, серпкенине ыраазы болгон кыраан эле.
Арадан канча жылдар өтсө дагы ошол “Ош жаңырыгындагы” күндөрүбүздү көп эскерээр элек. “Ал бизге турмуштук, кесиптик тажрыйба болдук” десек, Вахаб аке “мага жетекчилик тажрыйба болду” деп калчу.
Муундар дайыма тарыхый эс тутум, тарыхтын сабагын ала жүрүшү керек экен. Ансыз келечекке жол чабылбайт тура. Улуттук трагедиялардан тартып, аймактык, чөлкөмдүк деңгээлге чейинки тарыхый окуялар эстутумда калып, ошондон тыянак чыгара билүү маанилүү, өтө маанилүү... “Ош жаңырыгынын” тарыхынын бир үзүмүн балким көптөр билбейт, балким көптөр маани деле бербейт. Кээде тарых субъективдүү пикирлер менен бурмаланып жазылып калат. Андай учурлар, бурмаланган тарых постсоветтик мейкиндикте көп эмеспи. Азыр ошонун ордун толтура албай окумуштуулар, изилдөөчүлөр убара тартып жүрөт. Эмнеге ордун толтуруу зарыл? Келчек үчүн!
Ыракматы Абдувахаб Мониев өзү кемелине келтире жазып, бир жылдык тарых кандай болгонун өзү кеп салып бергенде башкача болмок. Ошол тууралуу жазам деп мага толтура жолу убада берип, ана-мына деп жүрүп бу өмүрдөн эртелей кете берди, 47 жашында!. Урунуп-беринип, өзү көксөгөндөй, өзү каалагандай боло албай, каалаганын жаза албай, ошого ичи чыкпай, күчүн кээде арактан чыгарып, Кудай берген шык-жөндөмүн толук ача албай жүрүп, о дүйнө кете бербедиби...
Айбек Абдылдаев,
8-октябрь, 2023-жыл.
____________________________________________________________________________________________
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.