Эт менен картошка эмне болуп кымбаттады?
Жаңы жылдан кийин Кыргызстанда эт менен картошканын баасы кескин өсүп кетти. Учурда Ош шаарында 1 кг картошканын жогорку баасы 65 сомго чыкса, уй этинин 1 кг жогорку баасы 680 сомго жетти. Өткөн жылы күздө картошканын баасы 13-15 сом, ал эми жыл соңунда 25 сомго чейин, ал эми уй жана кой эттери жаңы жылга чейин 590-620 сомдон сатылып турган. Эмнеден улам мындай болуп жатат? Алдыда кеп болот.
Мал жандыктары четке экспорт болуусу эттин баасын кымбаттатыбы?
Ош шаардык кеңешинин 31-январындагы сессиясында "Бир Бол" фракциясынын депутаты Арыпбек Айтбаев Өзбекстанга аптасына 15 миң мал өтүп жатканын айтып, анын айынан Кыргызстанда эт кескин кымбаттап, эл кыйнала баштаганын айтты.

“Өзбекстанга 15 миң мал өтөрү боюнча Жогорку Кеңеште да айтылды. Ушуну көзөмөлдөп, башка иштерди аткарса болбойбу? Антимонополия деген ишкана бар, анын аты эле болбосо, эч нерсе кыла албайт экен",- деди ал.
Бирок депутат расмий булакка кайрылган жок, ошол эле учурда депутаттын бул дооматына сессияда жарытаарлык жооп деле болбоду.
Ал арада Кыргызстандын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария кызматы айыл чарба жаныбарларын экспорттоого уруксат берүү токтотулганын билдирген. 2025-жылдын 31-январындагы No04-13/4 буйругуна ылайык, бодо малды, майда мүйүздүү малды жана жылкыны үчүнчү мамлекеттерге экспорттоо убактылуу токтотулган.
Анда айтылгандай, ушул күнгө чейин берилген уруксаттар күчүндө болот, бирок бардык текшерүүлөр аяктаганга жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин мал экспорттоо токтотулат. Уруксат берүү процессинин кайра жанданышы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк жарыялана турган болду.
Айыл чарба жаныбарларын экспорттоого убактылуу тыюу салынган болсо, бул ички эт рыногундагы баанын турукташышына кыска мөөнөттүү оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Себеби, экспорт азайса, ички базарда мал саны көбөйүп, сунуш өсөт, бул эт баасынын мындан ары дагы кескин көтөрүлүшүнө жол бербеши мүмкүн.
Бирок, бул чара узак мөөнөттүү чечим катары каралышы кыйын. Дыйкандар жана фермерлер малды экспорттоо мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажыратылгандыктан, алардын кирешеси төмөндөп, чарбалардын иштөөсүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал.
Баалардын өсүү темпи
Кыргызстандагы негизги азык-түлүк продукцияларынын баалары акыркы жылдары туруктуу өсүштө болуп келгенин Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары тастыктайт. Айрыкча, уй жана кой эттеринин баалары 2018-жылдан 2025-жылга чейин дээрлик эки эсеге жогорулаган. Мисалы, уйдун эти 2018-жылы 319 сом болсо, 2025-жылы 599 сомго жеткен. Койдун эти да 322 сомдон 618 сомго көтөрүлгөн. Бул тенденция азык-түлүк инфляциясынын деңгээли жогору экенин жана эт продукциясына болгон суроо-талаптар менен сунуштардын тең салмаксыздыгын көрсөтөт.

Ал эми картошканын баасы салыштырмалуу туруксуз болгон менен, баалардын өсүү тенденциясы байкалат. 2018-жылы 29 сом болгон картошка 2025-жылы 43 сомго жеткен. 2020-жылы анын баасы 23 сомго түшкөнү менен, кийинки жылдарда кайрадан көтөрүлгөн. Бул көрсөткүч дыйканчылык шарттарына, климаттык өзгөрүүлөргө жана айыл чарба продукциясынын өндүрүш көлөмүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Картошканын баасы этке салыштырмалуу азыраак өскөнү элдин негизги азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн маанилүү фактор болуп саналат.
Чыныгы баа кандай?
Бүгүнкү күндө Ош шаарында картошканын орточо баасы 55 (эң жогорку баа 65) сомго чыкты. Ал эми уй жана кой этинин баасы бирдей болуп, орточо баасы 670 (эң жогорку баасы 680) сом деп катталды. Булар тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы кызматынын Ош шаардык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Манас Мукамбет уулу билдирди.
Башкача айтканда, Улуттук статистикалык комитеттин акыркы маалыматтары менен салыштырганда, Ош шаарындагы азык-түлүк баалары бир топ жогору экени байкалууда. Расмий статистика боюнча, 2025-жылдын январында картошканын орточо баасы 43 сом болсо, учурда Ош шаарында анын баасы 55 сомго чыгып, кээ бир соода түйүндөрүндө 65 сомго жеткени белгиленүүдө. Бул өсүш аймактык баалардын өзгөрүлмөлүүлүгүн жана ички рыноктогу факторлордун таасирин көрсөтүп турат. Дыйкандардын чыгымдарынын көбөйүшү жана ортомчулар аркылуу баанын көтөрүлүшү бул өсүштүн негизги себептеринин бири болушу мүмкүн.
Эт базарында да кыйла олуттуу айырмачылык байкалды. Улуттук статком 2025-жылдын январында уй этинин орточо баасын 599 сом, кой этинин баасын 618 сом деп көрсөткөн. Бирок Ош шаарында учурда эки продукциянын тең орточо баасы 670 сомго чыгып, эң жогорку чек 680 сомго жеткен. Бул аймактагы эт продукциясына болгон жогорку суроо-талаптын, жеткирүү чыгымдарынын өсүшүнүн жана инфляциянын таасирин көрсөтүп турат.
Ал арада этке болгон баа мындан ары дагы кымбаттоосу толук мүмкүн, анткени бир катар экономикалык жана социалдык факторлор анын өсүшүнө түрткү болууда. Ошондой эле сатуучулар малды кымбат баада сатууга аракет кылышууда. Бул – алардын чыгымдарынын көбөйүшүнө түз байланыштуу десе болот. Жем-чөп сыяктуу тийиштүү керектөөлөрдүн баасы кымбаттагандыктан, мал багуунун жалпы наркы да жогорулап, бул эттин базардагы баасына түз таасир этүүдө. Ошондой эле, этти сыртка экспорттоо көбөйгөн сайын ички рынок азайгандыктан, бул да баанын көтөрүлүшүнө алып келиши толук мүмкүн.
Бирок, эт баасын жөн гана дыйкандар көтөрүп жатат деп айтуу бир жактуу баа берүү болушу мүмкүн. Базардагы ортомчулар, дүң сатуучулар жана дүң сатып алуучулар дагы өз үлүшүн кошот. Кээ бир учурларда эт сатуучу жайлар жана соода түйүндөрү да өз пайдасын көбөйтүү үчүн бааларды атайлап жасалма жогорулатышы мүмкүн. Ошондуктан, баанын өсүшүнүн негизги себептерин терең изилдеп, тиешелүү мамлекеттик органдар мал чарбачылыгын колдоо, базардагы ортомчулук факторлорду жөнгө салуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча эффективдүү чараларды иштеп чыгышы керек.
Картошка кантип кымбаттады?
5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров өлкөдө картошканын баасы кескин кымбаттап кеткенин айтып, кийинки жылы да мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн өкмөттү алдын ала чара көрүүгө чакырды.
“Эл үчүн 1 кг картошка 60 сом деген баа жогору. Мисалы, бир кап ун сатып алсаңыз 1700-1800 сом болсо, ошондой эле салмактагы бир кап картошка 2500-3000 сом болуп калды”, - деди ал.
2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кетти. Адистер буга негизги эки себеп – түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин 4-февралда “Биринчи радионун” эфиринде айткан.
“Дыйкандар картошкасын 35-40 сомдон сатып жатышат. Алар бул баага ыраазы. Бирок ортомчулар базарларда бааны көтөрүп салышты. Ошто картошканын дүң баасы 60 сомго чыгып кеткен экен, биз иш алып баргандан кийин 49 сомго түштү. Ортомчулар ашыкча кошуп жибербеш керек”, - деди ал.
Буларга кошумчалап, учурда Нарын, Ысык-Көл облустарында, Кемин жана Чоң-Алай райондорунда Кыргызстандын муктаждыгын жабууга жете турган картошканын көлөмү бар. Төрөбаев ортомчуларды дыйкандардан алган картошкага беш сомдон ашык кошпоого чакырып, эгер баа негизсиз көтөрүлүп кетсе Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы чара көрөрүн билдирди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы картошканы Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп экспорттогон. Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна картошка сатылган.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр картошканын түшүмү азыраак болуп, жылдагыдан 7,5% аз жыйналган. Жыл ичиндеги жалпы өндүрүлгөн картошканын көлөмү 1 млн 190 миң тоннага жетет.
Түшүмдүн азайышы эгин талааларынын аянтынын 2023-жылдагыга караганда 8,4% кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Картошка Кыргызстандагы тогуз социалдык маанилүү азыктын катарына кирет, аны менен калктын керектөөсүн камыздоо 150% ашат деп эсептелет.
А.Каракозуев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.