Ак калпак – кыргыздардын эн белгиси

 

Кыргыз ак калпагы - жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим. Калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат.

Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы - от, суу, аба, жер болуп саналат деп түшүндүрүшөт. Демек, ал философиялык төрт башталманы башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.

Азыр калпакты жарашыгына карап гана тандашса, мурда бул баш кийимди жаш өзгөчөлүгүнө, коомдогу макамына тууралап кийишчү. Мындай өзгөчөлүктөр мырзалардын курагын гана көрсөтпөй, ошол жаштагы акыл-күч дараметин аныктап турган.


Жашыл калпак тестиерлер үчүн


Кыргыздар уул баласы балагатка жеткенге чейин, ага кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Мында, бала жаңыдан жаздын илебине багынган табияттын символун алып турат, мындай калпакты кийип турган кыргыз баласы жаңыдан жетилип келе жаткандыгын кишиге жашыл кыюусу аркылуу туюндуруп бере алган.


Кызыл калпак – балакатка жетүү белгиси


Качан бала балагат жашына келгенде, жашылдын ордун кыюусу кызыл менен бастырылган калпак алмаштырган. Балагат жашына келген мезгилден тартып өзүнө жар издөө мүмкүнчүлүгү берилген. Тактап айтканда, кызыл кыюулуу калпак аркылуу айыл эли толугу менен күйөө баланы тандап алуу укугуна ээ болушкан.


Үйлөнгөн жигиттер үчүн кара кыюулуу ак калпак


Мырза үйлөнгөндөн кийин, кыз тарап «күйөө баштык» даярдап келип, ошол баштыктын ичине сала келишип, ага кара кыюулуу ак калпак кийгизишкен. Калпактын мындай түрү мырзанын үй-жайы бар экендигин, анын турмушу ак-карасы аралаш пендечиликке өткөндүгүн сырттан башкаларга сездирип турган. Алган аялы каза болуп калбаса жана коомдогу абал өзгөрбөсө, мына ушул калпакты ал өмүрүнүн аягына чейин кийип өткөн.


Эч бир түс аралашпаган аппак калпак – мырзанын кадыры жогорулаганы


Эгер адамдын өз айылынын алдында же өз уруусунун ичинде кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда туугандары, уруулаштары ал кишиге эч кандай башка түсү болбогон аппак калпак кийгизишкен. Ошол калпагынын актыгына карап аны төрдү көздөй өткөрүп жиберишкен. Анткени, мындай калпак менен көп учурда уруу же урук арасындагы, бир ата менен экинчи атанын ортосундагы олуттуу маселелер чечилип келген. Экинчиден, мындай калпакты акка моюн сунган, калыстыгынан жазбаган адамдарга да кийүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.


"Бакай калпак" эл башкаргандар үчүн


Уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турган. Алардын эл алдында даражасын көтөрө билген, азыр биз «Бакай калпак» деп атаган калпакты, балким, формасы башкача болсо да, бийиктиги алыстан көрүнгөн, төбөсү шуңшуюп турган, бастырылбаган калпакты кийишкен. Ар бир манаптын, же бийлик ээсинин канчалык даражасы бар экендигин калпактын кыюусуна сайылган оюу менен, дал ошол оюулардын арасына кыстарыла кеткен асыл таштар, мончоктор айкындап көрсөткөн.


Кыргызстанда Ак калпак күнү 6 жылдан бери белгиленип келет. Бейрасмий майрам коомчулукта колдоого алынып баратат. Бирок өкмөттөн аны расмий белгилөө аракети боло элек. Ак калпак күнүн Рысбек Жабиров аттуу кино режиссер демилгелеп чыккан. Анда өлкө боюнча улуттук баш кийим болгон ак калпакты кийип, көчөгө чыгышат.


Ак калпакка Иранда да кызыгуу жаралган. Кыргызстандык журналисттер тобу аталган мамлекетке калпак кийип барышканда Иранга барган саякатчылар эле эмес, жергиликтүү тургундар да кызыгып, а тургай сүрөткө түшүүгө да кызыгышкан.


Автор: Асанбек Каракозуев

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз