Байге фонду 100 миң сомду түзгөн Каныбек Исаков атындагы стипендияга сынак жарыяланды

Ош мамлекеттик университетиКаныбек Исаков атындагы стипендияга сынак жарыялады. Бул туралуу аталган университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка университеттин институт, факультет, коллеждеринин күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттер катыша алышат. Анда алардын окуудагы жетишкендиктери, эл аралык же республикалык чыгармачыл сынактарга катышкандыгы, чыгармачылык ишмердүүлүгү жана коомдук-маданий иштердеги активдүүлүгү каралат. 
 
«Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 15-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Биринчи этап институт, факультет, колледждерде, экинчи этап университеттик комиссиянын кароосунда каралат. Жыйынтыгында мыкты студенттерге Каныбек Исаков атындагы бир жолку стипендия жана сертификат ыйгарылат», - деп айтылат маалыматта.
 
Стипендиянын жалпы байге фонду 100 миң сомду түзүп, Каныбек Исаковдун үй-бүлөсү тарабынан каржыланат. Бул демилге профессордун билим берүү тармагындагы эмгегин даңазалоо жана жаштардын чыгармачылык жөндөмүн, жигердүүлүгүн колдоо максатында уюштурулууда.
Каныбек Исаков Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, филология илиминин кандидаты, профессор. Ал көп жыл бою ОшМУнун ректору да болуп иштеген. Исаков 2020-жылдын 12-ноябрында пневмониядан улам каза болгон.  

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз