Ош облусунда аң уулоо эрежелерин бузган 11 жаранга 139 миң сом айыппул салынды
Ош облусунда аң уулоо эрежелерин бузган жана ууга чыгуудагы тийиштүү документтери жок 11 жаранга 139 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Кыргызстандын жаратылышын коргоо менен алектенген NABU Кыргызстан уюмунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган уюмдун “Барс-2” тобунун кызматкерлери мамлекеттик экологиялык көзөмөл органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван, Өзгөн райондорунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы бир катар рейддерди өткөрүштү.
Анын натыйжасында аң уулоо эрежелерин бузган жана тийиштүү уруксат кагаздары жок 11 жаран аныкталды. Булардын ичинде бир өрдөк атып алган жаран да бар. Айыпкерлерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык, ар бирине 12 500 сомдон, жалпы 137 500 сом административдик айыппул салынды. Мындан сырткары, өрдөк атып алган жаранга КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтомунун негизинде 1500 сом доо коюлду. Ошентип, жалпысынан 139 миң сомдук айыппул салынып, доо коюлду.
Рейддердин алкагында аңчылык кылуу эрежелеринин сакталышын текшерүү, мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу, ошондой эле жапайы табиятты коргоо максатында кеңири иш-чаралар уюштурулган. Айрыкча, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тар-Жылга, Шут, Кашка-Суу, Кызыл-Суу участкалары, Ноокат районундагы Кулатов, Көк-Жар, Төөлөс айылдары, Араван районунун аңчылык аймактары, Өзгөн районундагы Мажунус участкасы сыяктуу жерлерде кеңири текшерүүлөр жүргүзүлдү.
“Аңчылык куралдарын колдонууга уруксат кагаздары жок, аң уулоо мөөнөттөрүн бузган, жапайы жаныбарларды мыйзамсыз атып алган жана экологиялык эрежелерди бузган жарандарга катуу тартипте жазалар колдонулаарын эскертебиз. Бул иш-чаралардын негизги максаты – жапайы табиятты коргоо, аңчылыктын мыйзамдуулугун камсыз кылуу жана коомчулукту экологиялык маданиятка үйрөтүү болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.
NABU Кыргызстан уюмунун кызматкерлери аймактардагы калктын аңчылык эрежелери жөнүндө билим алуусуна көңүл буруу менен бирге, аңчылыктын мыйзамсыз жолдорунун экологиялык терс таасирин түшүндүрүп, табиятты коргоо максатында түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүшөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.