Ош шаарында Курманжан датка көчөсүндөгү үч кабаттуу үй бузулуп жатат
Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү, 262 дарегиндеги үч кабаттуу үйдү бузуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.
Учурда имараттын айланасы тосулуп, терезелери алынып, чатырын бузуу иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлер кабинети караштуу Архитектуралык, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ош шаары боюнча архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Орунбек Бейшебаевдин айтымында, үйдүн ээлери жеке курулуш компаниясы менен келишим түзүп, объект аларга өткөрүлүп берилген.
«Архитектуралык уруксат документтери толук бар, бардык иштер мыйзам чегинде жүрүп жатат. Алгач бир тараптагы имаратты бузуп, ордуна жаңы үйдү кура башташкан, азыр экинчи бөлүгүн да бузуу иштери жүрүүдө. Алардын ордуна алты кабаттуу көп кабаттуу үй курулат», – деди Бейшебаев.
Буга чейин аталган аймактагы №264 жана №262 даректеги дагы бир үч кабаттуу үй бузулган. Орунбек Бейшебаев учурда бул жерде «Жеңиш Строй» курулуш компаниясы алты кабаттуу имарат куруп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бул аймак ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги зонага кирет. Демек, курулуш иштеринде ЮНЕСКОнун талаптары жана мыйзамдык нормалар так сакталууга тийиш.
Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн комиссиянын катчысы Ырысбек Токоевдин айтымында, азыкы даректе курулуп жаткан 6 кабатуу үй «Сулайман Тоо» улуттук археологиялык музей комплексинин буфердик зонасынын 2-сызыгында турат. Буфердик зонасынын бул аймагына 6-кабатка чейин уруксат берилерин айтты.
Буга чейин, «Сулайман Тоо» улуттук археологиялык музей комплексинин буфердик зонасына курулуп калганы үчүн «Эмаком» компаниясынын Ленин көчөсүндөгү №351 дарегиндеги 7 кабаттуу үйүн Жогорку сот мыйзамсыз деп таап, бузуу чечимин чыгарган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.