Азирет Алинин изи делген Кадамжай

 

Баткен облусунун Кадамжай шаарчасына түштүк тараптан кире бериште аскалуу колоттун кырында эл сыйынып келген жай бар. Аны – Мухаммед пайгамбардын төрт шакиртинин бири жана күйөө баласы Азирет Алинин атына байланыштырылат. Эл оозунда Азирет Али болжол менен мындан 1400 жыл мурда душмандардан качып келе жатып, азыркы «Азирети Али» зыярат кылынуучу жеринде намазын окуп, тоону аттап, Шаймерденге өтүп кеткен имиш деген сөз жашайт. Ошол жердеги чоң ташта Азирети Алинин таманынын изи калган делет. Ал из өтө чоң адамдын изи экени байкалат. Кеңеш өкмөтү убагында ал изди буздурганга аракет кылышкан деген сөздөр да айтылат. Мурда өтө эле чоң адамдын изи турганы кадимкидей байкалчу экен. Бирок азыр анчалык көрүнбөйт дешет.

Азирети Али – Мухаммед пайгамбардын чоң атасы менен бир тууганынын баласы. Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы. Азирети Али пайгамбардын Фатима аттуу кызына үйлөнгөн. Төртүнчү «шайланма халифа» болгон. Азирети Али халифалык кылып турган кезде мамлекетте мусулмандар арасында ич ара ырктары кетет. Аны колдогондор «шия» (тарапкер, партия, топ маанисинде) деп атала башташкан. Алар халифалык Мухаммед пайгамбардын жакындары же Азирети Али жана андан тарагандарга таандык болуш керек деген талаптар менен чыгышкан. Йезид тарабынан өлтүрүлгөн Хусейинди имам көтөрүп чыгышкан.

Учурда анын айланасы оролуп, отургучтар коюлган. Ал 1999-жылы ашар жолу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн. Келген кишилер бул жерде куран окуп өтүшөт. Cайдын аркы бетиндеги тоодо бармактарынын изи калган дешет. Ушул уламыш аркылуу Азирет Алинин кадам жайы деп, Кадамжай аталып калганы айтылып жүрөт. Бул сыйынуучу жай Шаймерден сайынын оң тарабында, Кадамжай – Кызыл-Булак жолунун сол жагында зыярат кылынуучу жайга айланган. Сай бойлоп тепкичтер жасалып, жан-жаныбарлардын айкелдери тургузулган. Бак отургузулуп, сөөрүлөр коюлган. Жаш-жубайлар келип бата алып, зыярат кылуу бул жерде адатка айланган.

 

Баткен обсунда белгилүү болгон мындан тышкары, Гөзал-Ата, Билал-Ата, Кожо-Кайыр, Кожо-Алматы, Кожой-Азиз ушул сыяктуу эл ыйык туткан жерлер арбын. Ал эми Пышкөөт, Караказык, Пурсун Шейит-Сурматаш туристтик маршруттарында жыл сайын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн туристтер келишет. Атагы алыска кеткен “Дугаба” альплагеринде  дүйнөнүн чыгаан альпинисттери өздөрүнүн  эркин, күч-кайратын сынашат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз