Тарых бүктөмүндөгү инсан
Сталиндик репрессия учурунда миңдеген уул-кыздар ”эл душманы” катары бей ажал курмандыкка кабылбадыбы. Мына ошолордун арасында Мурат Салиховго окшогон мекенчил атуулдардын өмүр жолу, аткарган иштери келечек муундарды мекенчилдикке, чынчылдыкка, акыйкаттыкка тарбиялоодо, алардын үлгүсүндө иш жүргүзүүдө, жеке кызыкчылыктан мамлекеттик, коомдук кызыкчылыктарды жогору кое билүүдө жана анын натыйжаларын түшүнүүдө далидүү каражат боло алат.
Бул макалада анын басып өткөн жолу, аткарган иши тууралуу айтып, ал тууралуу азыркы муун да кенен маалымат алсын деген максатта азыноолак айта кетүүнү туура көрдүк. Анын үстүнө Салиховдун келини, тарых мугалими Бүзейнеп Кожоева эжекебиз редакциябызга өзү басып келип, кайнатасы тууралуу эскерүү жазуубузду өтүнгөнү да себеп болду. Эмесе, тарых бүктөмүндөгү дагы бир инсан тууралуу кенен окуңуз.
Салихов баскан кыска жол
СССРдин тушунда отузунчу жылдары күч алып, жайылтылган Сталиндик репрессия өзүнүн тегирменине оп тартып, колунда иши, башында акыл-парасаты, адамгерчилик дагы, жетекчилик дагы күч-кубаты, оозунда уюткулуу сөзү бар нечендеген кадрларды майкандаган. Аларга “эл душманы”, ”саткындар”, ”тыңчылар” деген сыяктуу дагы көптөгөн жалган жалааларды жабышса, каармандар өмүр менен өлүмдүн кыйчалышып турган шартында жан кечтилик менен иштөөгө туура келген. Алардын катарында Кыргызстандык климаттык шарты оор, суусу аз жерди жердеп калышкандыгына карабай келечеги, элдердин коопсуздугу үчүн кабагым-кашым дебей, маңдай терин төгүп, таш үстүнө гүл өстүргөн Баткен журтунун кулуну Мурат Салихов да бар экендиги тарыхый чындык!
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын пайдубалын түптөөчүлөрдүн жана анын башындагы алгачкы жетекчилердин бири Мурат Салиховдун өмүр баянында жазгандай, 1905-жылы Кыргыз АССРнин Ош кантонунун Баткен-Бужум волостунун аймагындагы Кара-Тоо кыштагында төрөлгөн. Ал төмөнкү маалыматтарды өз колу менен жазган:
“Менин ата-энем дыйкан болчу, айыл чарба кызматкери, кээде башка жакта кара жумушчу болуп иштечү, “Нефть Промсантодо” иштечү, ал жер биздин айылдан анча деле алыс эмес. Атамдын суулуу жери жок болчу, эшик алдында 15-20 майда жандыгы бар эле. 1914-жылы турмушу кыйындап кеткендиктен Баткен-Бужум болуштугунан мени таштап Анжиян округуна иш издеп кетип, 1916-жылга чейин ал жерде бир байдын коюн багып, мандикерлик кылыптыр. Ал жерден келип атам каза болуп, мен тоголок жетим калдым. Ушундан кийин 1917-жылы биздин болуштуктагы бир байдын малын багып калдым. 1919-жылы Сантодогу 1-баскыч мектепте окуп, мунай кенинде иштей баштадым. 1919-жылдын аягында Санто башкармалыгы мени Кокондогу жетим балдар үйүнө жөнөттү. Бул мезгилде мен бир да партияда болгонум жок жана алардын ишине катышкан жокмун”.
Ооба, ал 1923-жылы Кокондогу педагогикалык техникумду бүтүрүп, ВЛКСМдын Фергана обкому аркылуу Ташкенттеги коммунисттик агартуу институтуна окууга жиберилет. 1925-жылы институтту ийгиликтүү аяктагандан кийин, Ош округдук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы катары ишин баштайт. 1927-жылы партиянын Ош округдук комитетинде үгүт бөлүмүн башкарат. Андан соң Өзгөн райондук аткаруу комитетине төрага болуп которулат. 1930-31-жылдары Кыргызстан КП Кызыл-Кыя райондук комитетинде катчы, 1934-жылы кыргыз партиялык уюмунан ВКП(б)нын 17-сьездине делегат болуп шайланат.
1937-жылы күзүндө Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ошентип ал өлкөнүн аткаруу бийлигинин башчысына өтө эле опурталдуу учурда келген. Ушундан кийин ал мыкаачылык менен уюштурулган репрессиянын “кара туңгуюгуна” тартылат.
Алгачкы кыргыз журналистикасындагы Салихов
Салиховдун күндөлүк жазган адаты анын эмнеге кызыкканы, кандай жумуштар менен алек болгону бизге документ болуп калды. Ал мынтип жазат: “Өз алдынча билим алууну улантып жатам. Борбордук “Правда”, “Правда Востока”, ошондой эле күндөлүк ар кыл адабияттарды окуудамын. Быйыл мен күндөлүк саясат ийримине катыштым. Мектептерде партия тарыхын окудум, саясий экономиканын кыскача курсунан өттүм. 1926-жылы РСФСР Эл агартуу комиссариатына караштуу Элге билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлер үчүн уюшулган курсунан окудум”, - дейт күндөлүгүндө.
Кыска өмүрүндө, 1925-жылы, ошол кездеги жаңыдан уюшулган “Эркин тоо” гезитинде (1924-жылы 7-ноябрда негизделген) иштеген. Мына азыр бул гезиттин түптөлгөнүнө 100 жыл болуп отурат. Ошондогу редакциянын жамаатында саналуу гана адам иштеген, бирок алардын баары Кыргызстан үчүн күйүп-жанган жаш, өлкөсүнүн чыныгы мекенчилдери болчу. Ташкенттен келгенден кийин да Мурат Салихов гезит менен кызматташтыгын токтотпой, макалаларды жазып турган экен. Негизи ал өзүн биринчи иретте мугалим, агартуучу деп эсептеген.
Акыркы дем...
Мурат Салихов райондук, облустук жооптуу кызматтардан кийин партиянын борбордук комитетине которулат. Жогоруда айтылгандай, Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп шайланганда, өлкөнүн аткаруу бийлигинин башчысы Жусуп Абдырахмановдун тагдыры чечилип, аны менен үзөңгүлөштөрдүн текши баарына НКВДнын укуругу салынып, көбү камакта, азы камакка алууну күтүп калган кез эле.
Мурат Салихов жаңы коомго өзгөчө ишеним арткан, анын келечегине кылдай күмөнү жок берилген коммунист болчу. Ал өзүн коммунисттик идеологиянын үгүт-насаатчысы деп эсептеген. Мугалимдиги менен агартуучулугунан кийин эле өзүн партиялык улуу идеяны жалпыга жайылтчу ишмери катары эсептеген. Анан ага "Социал-туран партиясынын мүчөсү" деген жалган айып коюлуп, оор жазага кириптер болду да, 1938-жылдын 8-ноябрында атылып кетти. Азыр анын сөөгү “Ата бейит” күмбөзүнө жатат.
Ал кыйын турмуштан төбөсү көрүнүп, жаңы идеал, жаңыча жашоого үмүт артып жашап аткан чагында кандуу жазалоонун капшабына илинди. 33 жашында атылып, артында калган жакындары азап тартып, опсуз кыйынчылыкка туш болду. Бирок, 50-жылдардын аягында акталды. Ага чейин, андан кийин деле кыйла жылдар аты аталбай, эмгеги эскерилбей келди.
Кыргыз элине мындай эли-жерине эмгеги сиңген, бирок прогрессивдүү максат-мүдөөлөрүнүн көпчүлүгүн иш жүзүнө ашыра албай кетишкен Салиховдой уул-кыздарынын өткөн өмүрүн, бүтүндөй мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгүн эли эсинен чыгарбай эскерип жүрүшүнүн мыйзам ченемдүү жолу бар. Анткени, ошол уул-кыздар таланттуу уюштуруучулардан болушкан, биздин бүгүнкү турмуш чындыгыбыздын негизи болгон бакубат рухий жана экономикалык пайдубалды тургузушкан. Кыргыз тарыхында алардын аты түбөлүк калып, улам кийинки муундар тарабынан эскерилип турушу – алардын арбагынын алдында таазим эткенибиз болоор.
Г.Өскөнбаева
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.