Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча кеңири маалымат берилди. ВИДЕО
Бүгүн, 19-мартта, Жогорку Кеңеште КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча кеңейтилген баяндама жасап жатат.
Буга чейин КР Президенти С.Жапаров чек ара маселеси боюнча маалымат бериле турган Жогорку Кеңештин жыйынына журналисттерди, коомдук активисттерди жана ар кандай көз караштагы саясатчыларды катышууга чакырган. Ал бардык кызыккан тараптар ачык суроо берип, так жооп ала аларын белгилеп, мындай маанилүү маселеде жеке кызыкчылыкты алдыга чыгарбоого үндөгөн.
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүү үчүн көп жылдык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыры тараптар консенсуска келди. Бул келишим ратификациядан өткөндөн кийин гана толук күчүнө кирет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.