Бишкекте IV Элдик курултай башталды
25-декабрда Бишкек шаарында IV Элдик курултай өз ишин баштады. Жыйын Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.
Курултайдын Секретариатынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевдин айтымында, иш-чарага Кыргызстандын жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан жалпысынан 700 делегат катышууда.
Төрагалык курамдын жана тиешелүү комиссиялардын мүчөлөрү бекитилгенден кийин курултайдын негизги жыйыны башталды.
Курултайдын алкагында мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин кайрылуулары күтүлүүдө.
Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берет. Ал эми 26-декабрда 2025-жылдагы курултайдын жыйынтыктары чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер аныкталат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



