Президенттикке талапкер болуу үчүн 11 адамдан арыз түштү

13-ноябрда президенттикке талапкерлик көрсөтүү аяктады. Талапкер болууга 11 адамдан арыз келип түштү.

Азыркы убакта талапкерлер шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуп жатышат. Ал 7-декабрга чейин созулат. Ар бир талапкер кеминде 30 миң кол тамга чогултушу керек.

Каттоо үчүн зарыл документтерди кабыл алуу 13-декабрга чейин созулат. 

Талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин жүргүзүлөт. 24-декабрдан 26-январга чейин шайлоо алдындагы үгүт өтөт. Президенттик шайлоо 27-январга дайындалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз