Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгү учурунда да президенттик ыйгарым укугун аркалай берет

Кыргызстандын учурдагы президенти Садыр Жапаров жаңы президенттик мөөнөткө талапкерлигин көрсөткөндөн кийин да өз ыйгарым укуктарын аткара берүүгө укуктуу. Бул тууралуу БШКнын Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү өзгөчөлүк «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамда каралган.

Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айрым категориялары талапкер катары көрсөтүлгөндө кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотушу же убактылуу токтотуп коюшу керектиги белгиленген. Бирок бул талап учурдагы президентке тиешелүү эмес.

10-ноябрда өзүн-өзү көрсөтүү тууралуу арыз берген Садыр Жапаров президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда да мамлекет башчысынын милдеттерин аткара берүүгө укуктуу.

Ошону менен бирге, бардык талапкерлер бирдей шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарда белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө коюлган талаптарды сактоого милдеттүү.

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз