Унаа тыгыны курч ала берсе, Бишкекте унаалардын санына чектөө киргизилиши мүмкүн
Бишкек шаарында унаалардын саны көбөйүп, тыгын маселесин курчутса, келечекте алардын санына чектөө киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу болбор калаанын мэринин орун басары Рамиз Алиев 12-ноябрда «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында билдирди, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Депутат Болотбек Борбиев Бишкектеги тыгын маселесин көтөрүп, мэриянын өкүлүнө шаар бийлигинде канча жылдык программа бар экенин, беш жана он жылдан кийин тыгын канча пайызга кыскарарын сурады.
Алиевдин айтымында, тыгынды азайтуу боюнча бекитилген концепция бар, ал 2030-жылга чейин эсептелген жана кыска, орто жана узак мөөнөттүү чаралардан турат. Вице-мэр концепциянын аткарылышы тыгынды азайтууга жардам берерин, бирок унаалардын санын азайтуу боюнча чара көрүлбөсө, тыгын маселеси чечилбей турганын билдирди.
Ал изилдөөнүн маалыматтарына таянып, Бишкек 250–300 миң унаага ылайыкталган шаар экенин, бирок азыркы учурда шаарда 503 миң унаа катталганын айтты. Ал эми сырттан кирген транспортту эске алганда борбор калаада 700 миңдин тегерегинде унаа жүрөт.
«Тыгындын эң негизги себеби — унаалардын саны. Алардын саны тилекке каршы жылдан жылга көбөйүп баратат. Эки жыл мурун эле 460 миңдин тегерегинде автоунаа бар болчу. Азыркы учурда 503 миң болуп калды. Ооба, биз күрөшөбүз, түйундөрдү салабыз, акылдуу жол чырак сыяктуу ар кандай иш-чараларды аткарабыз. Бирок аны менен барабар башка чоң маселе бар, бул — унаалардын саны», - деди ал.
Мэриянын өкүлү концепция толугу менен аткарылган учурда тыгын 30-40%га азаярын кошумчалады. Бирок тыгын шаар ичинде жүргөн жана кирип-чыккан унаалардын санынан көз каранды экенин түшүндүрдү.
«Унаанын саны көбөйсө, тилекке каршы концепция жардам бере албайт», - деди Алиев. Ал буга Казакстандын Алматы шаарын мисал келтирди. Анын айтымында, Алматыда концепцияны толук аткарып, түйүндөрдү салып, акылдуу жол чырактар коюлганы менен, унаанын көптүгүнөн тыгын маселеси чечилбей келет.
«Унаалардын саны боюнча эмне кыласыз, каттабай коёсузбу же келтирбей коёсузбу? Же шаардыктар унаа албай калабы, эмне болот?» - деген депутат унаа санын азайтуу боюнча иш-чаралар тууралуу сурады.
Вице-мэр мындай учурда унааларга чектөө киргизилиши керек болорун билдирди.
«Эртеңби, бүрсүгүнүбү, буга келебиз. Унаалардын санына тилекке каршы чектөө киргизиш керек. "Нечетный" болобу, "четный" болобу же башка чаралар болобу...», - деди Алиев. Бирок ал мындай иш-аракеттер мэриянын планында азырынча жок экенин кошумчалады.
Бул боюнча депутат Борбиев тыгын комплекстүү маселе экенин жана аны чечүүгө дагы комплекстүү мамиле керектигин белгиледи. Ал ведомстволор аралык топ түзүүнү сунуштады.
«Бир эле концепцияны карап отурбай, транспорттун санын дагы карап, жол кыймылын уюштуруу боюнча бардык адистерди, эксперттерди чогултуп, чет элдин тажрыйбасын пайдаланып, чет элден дагы эксперттерди керек болсо чакырып, межведомственный жумушчу топ түзбөйсүздөрбү. Биз дагы өз сунуштарыбызды берели. Беш жылдыкпы, он жылдыкпы программаны иштеп чыгып, жыл сайын жасала турчу иштерди белгилеп, кадам-кадам менен чечүүнү көздөй жөнөш керек», - деди депутат.
Ал тротуарлардагы маселе өзүнчө көйгөй экенин айтып, муну дагы эске алуу керектигин кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

