Күйөөсү тарабынан өлтүрүлдү делген Урестемованын балдарына мамлекет тарабынан жардам берилет

Мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан Жибек Урустемованын балдарына жардам көрсөтүлөт, — деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен маркумдун тун уулу менен жолугушуу өткөрүлдү.

«Жолугушуунун жыйынтыгында Урустемованын балдарына байланыштуу бардык көйгөйлөр боюнча көмөк көрсөтүү чечими кабыл алынды. Анын ичинде турак жай менен камсыз кылуу, үй-бүлө жашап жаткан жердеги ипотекалык насыяны төлөп берүү, тун уулун жумушка орноштуруу, ошондой эле маркумдун үч баласынын тең окуу акысын төлөп берүү маселелери камтылды», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну 2025-жылдын 23-декабрында, өзүнүн туулган күнүндө, киши колдуу болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, каргашалуу окуя ажырашуу процесси жүрүп жаткан маалда болгон.

Аялды мурдагы күйөөсү — ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ГУОБДД) мурдагы инспектору, 1977-жылы туулган У.Б.М. аттуу жаран травматикалык тапанча менен атып өлтүргөн.

Бул кылмыш коомчулукта кеңири резонанс жараткандыктан, учурда ишти УКМК иликтеп жатат.

Маркумдун артында үч уулу жетим калды, алардын экөө 2- жана 3-класстарда окушат

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз