Трамп Путиндин резиденциясына кол салуу боюнча комментарий берди
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы резиденциясына Украина Куралдуу күчтөрү (ВСУ) тарабынан жасалган чабуул тууралуу угуп, катуу ачууланганын билдирди. Бул тууралуу ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуунун алдында айтканын Reuters агенттиги кабарлады.
АКШ президентинин айтымында, бул окуя тууралуу ал 29-декабрда Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн маалда билген.
«Бул мага жакпайт. Бул жаман. Мен муну бүгүн эртең менен билдим. Президент Путин мага өзү айтты. Ал таң эрте чабуул болгонун айтты. Бул жаман. Муну унутпагыла, мен Украинага “Томагавк” ракеталарын берүүнү токтотком, анткени муну каалаган эмесмин», — деди Трамп.
Ал ошондой эле окуя өтө назик, маанилүү мезгилде болгонун белгиледи.
«Азыр туура эмес учур. Бир нерсе — алар агрессивдүү болгону үчүн жооп кайтаруу, башка нерсе — анын үйүнө кол салуу. Бул таптакыр туура эмес учур. Муну кылууга болбойт. Бул тууралуу мага президент Путин айтты. Мен мындан аябай ачууландым», — деди АКШ президенти.
Андан АКШнын чалгын кызматтары чабуул боюнча далилдерди берген-бербегени суралганда, Трамп бул маселе азыр такталып жатканын билдирди.
Анын айтымында, Путин менен сүйлөшүү жекшемби күнү эмес, дүйшөмбү күнү эртең менен болгон. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазды.
«Бизде абдан жакшы сүйлөшүү болду… Бул өтө жемиштүү маек болду», — деди Трамп.
Ошол эле учурда ал тынчтыкка жетүү жолунда дагы эле олуттуу тоскоолдуктар бар экенин, «өтө татаал маселелер» сакталып турганын мойнуна алды.
«Эгер бул маселелерди чече алсак, тынчтыкка жетебиз», — деп кошумчалады ал.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина 29-декабрга караган түнү Новгород облусундагы президент Владимир Путиндин резиденциясына дрондор менен чабуул коюуга аракет кылганын билдирген. Анын айтымында, чабуул учурунда 91 учкучсуз аппарат колдонулган, алардын баары жок кылынган. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Министр кайсы объект жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган эмес. Новгород облусунда «Ужин» деп аталган (басым экинчи муунда) расмий мамлекеттик резиденция бар, ал «Долгие Бороды» деген ат менен да белгилүү.
Лавровдун айтымында, Москва Киевдин аракеттерине жооп кайтарат, сокку урула турган максаттар жана убакыт мурда эле аныкталган. Ошол эле маалда Орусия АКШ менен Украинадагы тынчтыкка жетишүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыкпай турганын, бирок өз позициясын кайра карап чыгарын баса белгиледи.
Ал эми Киев Орусиянын президентинин резиденциясына чабуул коюлган деген айыптоолорду четке какты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


