Саатты жылдырыш керек! Эмнеге?
Баткендик врач Нурали Койлубаев Президентке убакыт ченеми – саатты жылдыруу боюнча кайрылуу жасады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровко
Улуу урматтуу Садыр Нуркожоевич,
Көп жылдардан бери убакыт ченеми болгон саат жөнүндө өтө жүйөөлүү пикирлер айтылып келет. Өзгөчө 1989-жылы Ереванда өткөн чоң форумда медицина илимдеринин доктору А.К.Петросяндын саат боюнча окуган лекциясынан кийин бул маселе өнүккөн өлкөлөр эле эмес, биздин кошуна мамлекттер да өздөрүнүн убакыт ченеми болгон сааттарын бир саатка жылдырышкан. Өзүңүздөргө маалым болгондой, ошол Союз убагында Өкмөтүбүз электр энергиясын үнөмдүү пайдаланабыз деп жаз айларында саатты табигый нормадагыдан бир же эки саатка чейин өзгөртүп турушкан. Мындай кубулуш табиятка дагы, өзгөчө адамдын ден соолугуна олуттуу терс таасирлерин тийгизгендиги окумуштуулар тарабынан эбак эле далилденген.
Тилекке каршы, Союздун тушундагы ойлонулбай жасалган бул терс көрүнүш СССР тарагандан кийин да уланган. Башкача айтканда, жылдырылбай калган сааттын терс таасирлери адам баласына эле эмес, жаратылышка да олуттуу терс таасирлерин тийгизгендигине карабастан, азырга чейин маани бербей келгендигибиз абдан өкүнүчтүү. Себеби, биздин убакыт өлчөмү болгон саатыбыз 2005-жылы жаз убактысында табигый нормадан бир саатка алдыга жылдырылып, бирок күзгө келгенде ордуна кайра келтирилген эмес. Ошентип, Кыргызстан жалгыз эле алтынчы саат алкагында калып калган. Бул кубулушка терең маани берип карасак, башкаларга салыштырмалуу жашоо турмушубузда бир саатка шашып жүрөбүз. Эртең менен турганда да, жумушка жөнөгөндө да, кечинде болсо уктаганга да шашабыз. Бул биринчиден, биздин келечек муунубуз – бакчага баруучу бөбөктөрүбүзгө, мектеп окуучуларына терс таасирин берүүдө. Аларды биологиялык саатта уйкусун кандырбай же таң атпай, жерге жарык түшө элек бакчага, мектепке мажбурлап жөнөтүп жатабыз. Бул нерсе балдардын ден соолугуна терс таасир берип, стресске алып келээрине маани бербегендигибиз да өтө чоң ката. Анткени, уйкусу канбаган баласын зордоп ойготкон ата-эне аларга зордоп тамак жедирет. Ушундан улам бала же окуучулар уйкусу канбай эч нерсеге көңүлү чаппай калат. Бул жерде бала эмес, баласын мажбурлап эрте уйкудан тургузган ата-энелер да бакчага же балдарын мектепке жөнөтөөрдө ата-эне да стресске кабылышат. Ал эми, бул тармакта иштеген канча мугалимдер, врачтар, тарбиячылар бар экендиги түшүнүктүү да.
Бул багытта Орусия мамлекети 2011-жылы ушул эле саат боюнча калгандыктан 2016-жылы элдин өтүнүчү боюнча мамлекеттик думанын чечими менен бир саатка артка кайтарылса, коңушу Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери 1991-жылдан бери саатты жылдырышпай, өз алкактарында жашап жатышат. Кыргыз мамлекети 2005-жылга чейин саатты ары бери жылдырып жүрүп токтоп калган. Кыргыз Республикасынын аймагынын аралыгы болжол менен 11° (69°тан 80° E чейинки) узундукта туруп, 44 мүнөткө туура келет. Аймак толугу менен UTC+5 географиялык убакыт алкагында жайгашкан.
Coordinated Universal Time, (фр. Temps Universel Coordonné); UTC – коом сааттарды жана убакытты жөнгө салуучу стандарт болуп саналат. Атомдук убакыттан бир секунда, ал эми, дүйнөлүк UT1 убакытынан бөлчөк секундка айырмаланат.
Мен 2013-жылдан бери коомубузга, элибизге, экономикабызга олуттуу таасир берүүчү убакыт ченеми саатты өз алкагына жылдырып берүү боюнча врач катары тынбай маселе көтөрүп келе жатам. Мурдагы президент А. Атамбаевке, С.Жээнбековко, Өкмөт башчы болуп иштеген Т.Сариевке жана бир катар депутаттарга да кайрылдым. Тилекке каршы, эч натыйжа чыккан жок.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич,
Сиздер бул маселени жакшы түшүнөсүздөр жана маани бересиздер деп терең ишенип кайрылып жатам. Шашып жашап жатабыз. Ушундан улам, өлкөнүн экономикасына, калктын жай турмушуна жана жол коопсуздуктарын алдын алып, электр энергиясын үнөмдөөгө да оң таасирин тийгизген убакыт бирдигин өз алкагы боюнча бир саатка жылдыруу жагын сунуш кыламын жана жалпы элдин атынан өтүнөмүн.
Жогорудагы маселелерди илимий негиздер жана фактылар менен кененирээк айтып берүү үчүн жеке кабыл алууңуздарды суранам.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Нурали Койлубаев, врач стоматолог.
Баткен облусу, Айдаркен шаарчасы.
Тел.: 0778180198
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.