Оштогу Джим көчөсүндөгү тротуарлар тосулуп, окуучуларга ыңгайсыздык жаратууда

 

Ош шаарындагы Манас-Ата муниципиалдык аймактык  башкармалыгындагы Джим көчөсүндөгү мектептин алдында тротуарлар тосулуп,  айдоочулар менен  ата-энелер кооптонууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында Джим көчөсүндөгү №56 Чолпон орто мектебинин окуучуларын унаа жол менен басууга аргасыз болуп, айдоочулар коюп кетишет деп арызданууда.

 

Ош облустук балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин маалыматы боюнча Джим көчөсүндө жылына 10, 15 бала унаа сүзүп ар кандай жаракаттары менен кайрылганын айтышты.

Бул боюнча Манас-Ата муниципиалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Жаныбек Чолпонбаев апрель айларына тротуар салынарын билдирди.

 

«Быйылкы жылга кошумча каржылоо менен долбоор түзүп сметалык баасын чыгарып жашоочулар жана демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Февраль айларына бюджеттен акча бөлүнүп, жолдун 50% акчасын чыгарып, керектүү документтерин топтоп мэрияга сунуштап тендерге берип баштайбыз. Ал жерде тургундар менен жолугушууларды жүргүзгөнбүз кошумча каржылоого макул болушкан. Өздөрүнөн дагы демөөрчүлөр бар жардамдарын беребиз деп айтышты.

 

Быйыл мектептин алдындагы Джим көчөсүнө тротуар салынат. Андан сырткары бизде чоң долбоор бар И.Раззаков көчөсүнөн Хакимжон ажы көчөсүнө чейинки жолдорун оңдоо иштеринин долбоору бүтүп аны Ош шаардык жолдор башкармалыгына бергенбиз. Бул иштер апрель, май айларына бүтүп калат. Бизде акча маселеси чечилип демөөрчүлөр жана жашоочулар даяр болгон болсо эле жумуштарды баштайбыз»,-деп билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз