Тарыхы тереңде жаткан Троя

 

Гомердин “Илиадасын” мектеп жашымда окубаганымда же университетте Батыш адабиятынан сабак берген Митал агай ал тууралуу кулагыбызга кумдай куйбаганда, анан, “эпос” же “жомок” деп жүргөн “Троя шаарын” немис байы Генрих Шлиман реалдуу жашоодо болгон деп далилдеп, анын калдыктарын таап чыкпаганда, жана Голливуд “Троя” киносун тартпаганда көптүн бири катары мен да дүйнөнүн тарыхий мурасынан куру калсам керек эле. Ошентип, “Троя” шаарынын калдыктарына барбай, барууга кызыкпай, кокус жолум түшүп жетип калсам, “көрө албай” же көрүүгө кызыкпаган бир кемпай болсом керек дейм.

Мектептеги кенже класс жаштан жогорулаганда окуйт экен десе ошол Гомерди окупмун. Башкы каармандар тааныш болгону менен жүздөгөн каармандар жана ондогон кудайлардын аттарын билбей, бирок сюжетти ээрчий түшүнүп, жалпы маалымат алгам. Эпосту кийин университетте, шакирттери атап койчу “басып жүргөн энциклопедия”, өзү адабиятчы болгону менен тарых илимдеринин кандидаты Абдимиталип Мурзакметов кеңири түшүндүрдү. Биз аны Митал агай дейбиз. Чыгыш, Батыш адабияттарын, адабиятчыларын укмуштай айтып берчү. Ар сабагында “паланча деген китепти ким окуган?”,- дейт. Эч ким унчукпайт. Бир аздан кийин “түкүнчө деген китепти ким окуган?”,- дейт. Эч ким унчукпайт. Бирок ушул Гомердин “Илиада” менен “Одиссеясын” ким окуганын сураганда, мен кол көтөрүп алып, ичимден кыйын кымыңдаганым бар. Чын эле, “Гулливердинин саякаттарын” окуганымды айтып да эрдемсинип алгам.

“Троя” киносу – дүйнөлүк кино болду. Айрыкча ааламдык актерлор Брэд Питт “Ахиллестин” кейпин, Эрик Бана “Гектордун” образын укмуш ачып беришти. Режисер Вольфганг Петерсен менен сценарист Дэвид Бениоффдун биргелешкен иши – драмалык пеплумдагы эки тараптын согушун, талашын оңго же солго тартпай, оң же терс каарман кылбай, калыс көрсөтүшкөнгө алып келди. Ошентип бул кино – Гомердин эпосун окубаган же филфакта зордуктап окутулбай калгандарга укмуш эпизоддору, курч сюжеттери менен кааласа да, каалабаса да жан дүйнөсүнө кирип барды.

Трояны көздөй

2018-жылы Түркияга жолубуз түшүп, иш-сапарга барып калдык. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Трояны көрүп кетүүнү пландадым. Анын калдыктары жаткан аймактын дарегин билип алып, Түркиянын Түндүк-Батышындагы Эдирне шаарынан эрте мененки жетиде автобус менен Түштүк тарапты көздөй бет алып, чак түштө Мрамор деңизинен кеме менен өттүк да, Чанаккале калаасына жеттик. Бул деңизден атайын кеме ар жарым саат сайын 30-40 автоунааны чоң кичинесине карабай, жүктөп алып ары-бери алып өтүп турат экен. Өтүп баратып, бир түрк атуулу менен маектешип калганда: “көпүрө салынгыча, ушинтип каттап турабыз, мурда деле ушундай каттачубуз”,- деди. Кийин ал жерге “Чанаккале көпүрөсү 1915” деп аталган 4608 метрлик көпүрө салынды. Анын ачылышы 2022-жылы 18-мартта болуп, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү ачып, расмий экспуатацияга берди.

Жээкке жетээрибиз менен автобустун проводниги “силер келдиңер”,-деп ишаарат кылып, жүгүбүзгө жардам берди. Шаардын кооздугуна сөз жетпейт. Ушул шаар ­Чанаккале шаары экен. Бизди жээктен киного тартылган “Троя атынын” өзү тосуп алды. Белгилеп коёюн, “Троя” киносундагы колдонулган баягы ат, ошол шаарды жанып аккан Мрамор деңизинин жээгине орнотулуптур. Ал аттын эстелигинин бул шаарда “каңтарылып” турганынын себеби белгилүү, анткени “Троя” ушул аймакта эмеспи.

“Троя” шаарынын калдыктары турган жерге баруу мен үчүн өзүнчө эле шаң болду. Автобустан түшүп калгандан кийин, көксөгөн жерге жетүүнү көздөп, көкүрөк бир делөөрүйт. Бул аймак туристтик жай болгондуктан, турфирмалар жайнайт. “Трувага алып барып келебиз”,-дешип жан-алы калбайт. Чын эле, түрктөр “Трува” дешерин Түркай айтканда, биз “Троя”,- дейбиз дегем. А англис тилинде “Трой” деп айтыларын билесиз. Эгер сиз дагы Түркияга барып, “Байыркы Троя шаарынын калдыктарын” көргүңүз келсе, “Трувага барам”,-десеңиз, батыраак түшүндүрөсүз.

Оң келген турфирмалардын биринин кеңсесине баш бакканда, “алып барып келүүнүн” баасын кымбат айтып койду. Албетте, бизге алардын андай баасы кымбат болчу. Эмесе, өзүбүз барабыз, керек болсо “автостоп” менен болсун да барабыз деп, “кайсы тарапка бет алабыз”,- десек айтып беришти. Алар түркчө сүйлөйт, биз кыргызча сүйлөгөнүбүз менен бири-бирибизди жакшы эле түшүнүп аттык. Жүгүбүздү кое туралы десек, макул болушту. “Бирок саат мынчага чейин келгиле, болбосо, кетип калабыз”,- дегенинен ага чейин үлгүрөбүз деп, “ушу турган Трояга элеби”,- деп жөө сала бердик. Жарым саатка жетпеген жолдо автобус жөнөйт экен. Аны билип алып, ошол бекетти издеп барып таптык.

Баягы, биздеги шаардын сыртына каттаган, жедеп эскилиги жетип, калдыр-шалдыры чыккан айрым маршруттук таксилер сыяктуу аларда да ошол сыңарындай маршруттук таксилер Троянын айланасындагы айылдарга Чаканкаледен каттайт экен. Астынан суу өтпөсө да, жол түз кетсин деп салынган чоң көпүрөнүн алдынан жөнөйт экен. Алгач маршруткага отурганыбызда, азият түспөлүндөгү бизди жергиликтүүлөр таң калып деле кадала карап, шыпшынышкан жок. Анткени ал жакка туристтер көп барат да, ошого көңүл деле бурушпады. Жарым саатка жетпей биздин автоунаа ордунан жылды.

Троянын жашоосуна кирүү

Жолдо баратканда, кадимки Троянын жашоосуна кирдим: Согушка даяр турган жоокерлердин кылыч менен калкан, зоот менен найза көтөргөн элеси көрүнсө, кумганды бир ныптасына кыпчый кармаган аялдын башындагы тотиясы менен күнгө чагылышкан күмүш билериги көз алдыга тартылды. Троянын бийик сепилинен тээ алыстагы деңиздин кумдуу жээгин жыра сүрүп барып токтогон кемелерден секирип түшүп жаткан Ахиллестин жан- жөөкөрлөрүнүн элеси көрүнсө, Ата мекени үчүн өлүмгө бараткан миңдеген колду каз катар тизип, аларга дем берип турган чакта алдыдагы аскерлери жайрап калганын көрүп, каардуу жүзүнөн кар жааган Гектордун жинденген өңү тартылды.

Албетте, булар – Гомердин “Илиадасындагы” сюжеттер менен Голливуддун “Троясындагы” визуалдаштырылган элестеринин таасири болчу. Троя – дүйнөгө ошол кино тартылгандан кийин, мурункудан да күчтүү дүң болуп, туристтердин агылган аймагына айланды.

2019-жылы күз айларында Казакстандын Ош шаарындагы консулу кеңсебизге баш багып, “келечектүү кеңеш” куруп, кызматташууга кызыктар экенин айтып калды. Ал ошондо Ош шаарына жакында эле которулуп келген экен. Келгенде шаардын так ортосунда жайгашкан Сулайма-Тоосун көрүп, бирок мурда кийин тоо тууралуу такыр укпаганын, анткен менен анын аты чоң мааниге ээ экенине маани берип калганы тууралуу сөз козгоду. Сөзүнүн мааниси мындай болчу: Ош шаары – байыркы шаар болгондуктан, эмне үчүн туристтик агымды тартууга болбосун? Негизи кантип тартуу керек? Ага мына, Сулайма-Тоосу жардамга келет. Сулайман пайгамбардын Ошко келиши, ушул тоого чыгышы, андагы окуялары тууралуу Голливудга дүйнөлүк деңгээлдеги кино тарттырса, туристтердин кызыгуусу артмак.

Ооба, бул ойго мен толук кошулат элем. Жаныбыздагы казактар Сулайман-Тоону билбегенден кийин, айталы Жапониянын же тиги Европанын кайсы бир аймагындагы жөнөкөй турист ушул тоого кызыгат дейсиңби? Дүйнөдө тоо деген неме толуп атпайбы. Дегеле ал Кыргызстанга кызыгабы? Өзүбүздүн баа жеткис мурастарыбызды жакшылап жарнамалабасак, каяктагы туристтик агым, анан каяктагы туризм?

Ноябрь айы туристтик сезондун аяктап калган убагы болот. Бирок биз Чанаккалеге барган ушул ноябрь айында да, “Байыркы Троя шаары” делген Троянын калдыктары табылган аймакка, дүйнөнүн канчалаган мамлекетинен барышкан туристтер батпайт тим эле. Топ-топ болуп жүргөн туристтердин гиддери Троя тууралуу маалыматтарды айтып берип жатса, “күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичип”, четирээкте ээрчий баскан биз дагы кошо угабыз. “Троя” шаарынын калдыктары Эгей деңизинин жээгинде экен.

Шумдуктуу Шлиман

Калдыктарды аралап баратып, эми Шлиманды эстедим. Негизи илимге эбегейсиз чоң салым кошкондордун кесиби башка болот экен. Мисалы, “Улуу орус тилинин түшүндүрмө сөздүгү” деген китепти түзгөн тилчилер эмес, кесиби боюнча дарыгер Владимир Иванович Даль болсо, ушул “Троянын” калдыктарын тапкан Генрих Шлимандын кесиби – жөнөкөй эле бизнесмен болгон экен. Архелогияны өз алдынча окуптур.

Илимде тарыхчылар байыркы дөөлөттөрдү, жок болуп кеткен цивилизацияларды издеп келет. Андай издөөдө жүргөн Шумер цивилизациясын окумуштуулар азыркы Ирактын түштүгүндөгү Тигр менен Евфраттын ортосундагы аймакта жайгашкан деп белгилешет. Бирок бул ойго кошулбагандары да бар. Бул го макул, окумуштуулар бир пикирге келбесе да, байыркы тарыхтарда айтылып жүрүп, ошол жок болуп кетти делген кадимки цивилизациянын дөөлөттөрү белгилүү бир деңгээлде табылды дейли, ал эми “эпостогу жомок” деген “Троянын” калдыктары шарттуу түрдө болсо да табылып, анын реалдуу дүйнөдө болгону, жашаганы тууралуу жарыяланып жатпайбы. Албетте, “Трояны” жомок дегендер да жок эмес, бирок дүйнө коомчулугунун оюн ошол Шлиман деген шумдуктуу киши башка жакка буруп салбадыбы.

“Трояны табам”,- деп жүрүп, кечпеген суусу, ашпаган ашуусу калбайт. Акыры Түркияга келип, отставкадагы Маршал менен кездешип, “Эгер, Түркияны душман басып келатса, аскерлерди кайсы жакка жайгаштырмаксыз?”,- деп суроо узатат экен. Анда тиги аскер адамы азыркы Чанаккаледеги Эгей деңизинин жээгин айтат. Кийин Шлиман ушул аймакта көпкө иштейт, “Трояны” көпкө издейт. Деңиз жээгин жылаң аяк кыдырат. Анткени “Илиадада” Троянын четинде жылуу суу аккан булак бар эле деп айтылат. Ошондуктан, капыс жылуу суу аккан булакка кабылып каламбы деген ойдо, жылаң аяк жүрүп издеген дешет.

ЭлТРде “Билерман Ордо” деген интеллектулдык телешоу программасы бар. Билимдүүбүз деген мадырабаштар команда түзүп барып, телекөрүүчүлөрдөн келген түрдүү суроолорго жооп берип, жеңсе демөөрчү коюп берген жеңишин алып, жеңилсе, жер көтөрүп дегендей, кыскасы ал программага катышкандар көп болчу. Бир жолу биз да команда түзүп алып барып, катышып калдык. Ошондо бериле турган 12 суроонун бири ушул Трояга байланыштуу болуп, “шаар калдыгын издеп жүргөн Шлиман эмне үчүн жылаң аяк жүргөн?”,-деп келди. Таппай койгонбуз. Бирок эсибизде калды.

Шлиман “Трояны” издеп Түркиянын Гиссарлык аймагында 3 жылдык казуу жүргүзгөн. Айрымдар аны байлык издеген дешет. Канткен күндө да ал “Трояны” эле эмес, байлык да тапканы тарыхта көп айтылат. Шлиман казуу жүргүзгөн жерден көптөгөн алтын, күмүш, зер буюмдарды таап, аны Афинага, кийинчерээк Германияга алып кеткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ал байлыктарды СССР бийлиги тартып алган деп жүрүшөт.

А.Каракозуев.

(Уландысы бар)

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз