Орто кылымдагы мончо – оштуктардын маданиятынан кабар берет!


Борбор Азиядагы эң эски шаарлардын бири болгон Ош шаарындагы Сулайман-Тоосунун чыгыш этегиндеги мончо капысынан табылган. Ал 1983-жылы сүрөтчүлөргө көргөзмө үчүн аянтча курабыз деп, ал жерде жашаган тургундарды башка жакка көчүрүшүп, казуу иштери башталганда ачыкка чыккан. Окумуштуулар мончону Орто кылымга таандык деп жарыялашкан.
 
Бышкан кыштары кыналып, тизилген көп бөлмөлүү мончону азыр мамлекеттин көзөмөлүндө, башкача айтканда корукка алган. Мурда ал жерде эл отурукташып, үйлөрдү салып жашап келишкен. 50 жаштан өтүп калган Номанжан Урмановдордун үйү ошол жерде болгон. Казуу иштери башталгандыктан, бийлик аларды башка жакка көчүргөн.
 
-Биз, мектептен чыгып, балдар менен ушул жерде ойнойт элек. Бул жерде 3-4 үйлүү болгон. Жакыныраак жерде биздин мектебибиз бар эле. Бири жапыс, бири бийик үйлөр боло турган. Түз жер болгон эмес. Кийин булар казылып кеткен,-деген эле.
 
1983-жылы сүрөтчүлөргө көргөзмө үчүн аянтча кура баштаганда, анын алдынан тарыхий архиологиялык имарат бар экени байкалып калат. Анан Дружинина аттуу окумуштуу орто кылымга таандык делген мончону таап чыккан. Эгер казуу иштери башталбаганда мончо да табылбай калмак экен.

Кийин Фергана экспедициясын жетектеп жүргөн архиолог окумуштуу Заднепровский 3 мезгилде изилдөө иштерин жүргүзөт. Ошондой эле Оштогу архиологиялык бригаданы жетектеген Бакыт Аманбаева, мындан сырткары Орусиянын Ленинград шаарынан да илимпоздор келип изилдешкен. Алардын отчетунда айтылгандай, 500 кв. метр аянты изилденип, ар түрдүү максатта курулган 15 бөлмөлүү мончо табылган.
 
-Биздин аймакта дүйнө жүзүнө, тагыраак айтканда, адамзатка таандык эстелик бар. Демек, биз аны, көздүн карегиндей сактообуз керек. Аны дүйнөлүк масштабдагы бөлүк катары бүткүл адамзаттын алдында сакталышы, башкарылуусу өзүбүздүн жоопкерчилигибизде калат,-дейт археолог Бакыт Аманбаева.
 
Казуу учурунда куурдун ичинен Караханид дооруна таандык 4 монета, шам чырактар, чопо идиштер, аял кишилердин асемдик кооздук буюмдары табылган. Азыр алар Сулайман-Тоо тарыхий музей комплексинде сакталып турат.
 
-Бул мончонун окумуштуулардын дагы бир көңүлүн бурдурган жагдайы – бир нече кылым иштеп турганы болгон. Кеминде 4 же 5 жолу кайра оңдолгон. Анын мечиттин жанында курулганы да көңүл бурдурат,-дейт тарыхчы Хайрулло Убайдуллаев.
 
IX-X кылымга таандык археологиялык эстелик деп аталган мончодо жуунуучу, эс алуучу, укалоочу бөлмөлөрү болгон. Орто кылымдарда Орто Азиянын шаарларында мончо куруу салты өнүккөн маданиятка жетишкен мусулмандар чөйрөсүндө кеңири тараган дешет. Очоктор, бассейн, оймолонуп кыналган ванналар, сейрек кездешүүчү тектирчелер, кооздолуп шыбак менен жасалган дубалдар жана суу өткөзүүчү куурлары сакталып калган.
 
Мончодо акыркы жолу мындан 20 жылдай башта кайра калыбына келтирүү иштерин аткарышкан. Андан кийин 2014-жылы «Кыргыз Реставрация» илим изилдөө институтунан келишип, оӊдоп-түзөө иштерин дагы жүргүзүштү.
Азыр мончонун айланасы мурдагыдай эле корголуп, атайын уруксат менен гана кирүүгө болот. “Сулайман-Тоо” ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине мына ушундай архиологиялык эстеликтери, өзүнүн уникалдуулугу менен 2011-жылы кирген. Тарыхчылар бул мончонун изилденчү жагдайлары көп экенин айтышат. Анын түндүк жагында, дагы көптөгөн сырлары жер алдында катылуу бойдон калууда.
 
Буга чейин белгилүү болгондой, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги бир катар ири обьекттер калыбына келтириле турган болгон. Тактап айтканда, Бүткүл дүйнөлүк банктан 30 млн доллар кредит жана грант катары келаткан акчанын эсебинен 4 млн доллар бөлүнгөнү кабарларган. Бул акчага аталган тарыхиймончо да реконструкцияланат деп айтылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз