Бишкекте курулуп жаткан жаңы стадион 51 миң адамга ылайыкташат. Кыргыз футбол биримдиги эмне үчүн мындай болгонун түшүндүрдү

 

Бишкек шаарынын чет жакасында курулуп жаткан жаңы стадиондун сыйымдуулугу буга чейин 45 миң көрүүчүүгө каралган болчу. Деген менен Азия Кубогуна байланыштуу сыйымдуулугу көбөйтүлгөн.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиргендей, Азия футбол конфедерациясынын шарттарына ылайык, Азия Кубогунун ачылыш аземи менен старттык беттешти жана финалдык оюнду кабыл алуу үчүн стадион кеминде 50 миң кишилик сыйымдуулукка ээ болушу керек. Андыктан, аталган стадиондо жакынкы келечекте Азия биринчилигин оюндарын кабыл алуу үчүн курулуш долбооруна тиешелүү толуктоолор киргизилип, жаңы стадион эми 51 миң көрүчүүгө ылайыкталат.

"Курулуш иши долбоор алкагында жүргүзүлүп, бул толуктоолорду ишке ашыруу кыйынчылыкты жаратпайт. Белгилесек, жаңы стадиондун курулушу 2026-жылдын күз айында аяктайт",- деп айтылат маалыматта.


 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз