Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы кандай чечилгенин айтты
Жогорку Кеңештин депутаттары 27-февралда кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат угушту. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан кайсы тилкелер менен алмашканын билдирди:
«Лейлек районунун чек араларын тактоо учурунда Кыргызстандын тарабына Тажикстандын Кайрагач тилкесинен 155 га жана Кайрагач анклавынан 35 га жер берилди. Жалпы аянты — 190 га.
Анын ордуна Кыргызстан Саада тилкесинен 21 га, Раззаков тилкесинен 23,5 га, Селкан — 4 га, Майты — 7 га, Пролетарск — 12,5 га, Улак-Жай — 15 га, Ак-Арык — 7 га, Кара-Бак — 65 га жер берди. Кайрагач анклавынын ордуна Майты тилкесинен 35 га берилди. Жалпы жонунан 190 га жер берилди.
Биз 190 га алдык, 190 га бердик. Лейлектиктер муну жакшы билишет. Биз майда тилкелерди берип, алмашуу жүргүздүк. Эгерде сиздер "Пролетарсктагы 12,5 га кандай жер?" деп сурасаңыздар, ал союз маалында "Сельхозхимия" же "Сельхозтехника" деген уюмга тиешелүү болгон. Кийин ал тилке сатылып кеткен. Биз ошол жерди кайра кайтардык. Эгер унчукпай койсок, эч ким байкабайт эле. Бирок биз ал жерди кайтарып алдык.
Ошондой эле Ак-Арыктын төмөн жагында 7 га жер бар эле. Ал жерге биздин жарандар эч качан барчу эмес, колдончу эмес. Тилкени тажик тарап пайдаланып келген. Бирок биз ал жерди өзүбүздүн жер катары эсептеп, ага алмашууга ылайык тилке алдык",- деди ал.
Худжанд—Арка—Канибадам жолунун маселеси
"1992-жылдан бери мамлекеттик чек ара Худжанд—Арка—Канибадам автожолунун ортосунан өтүп келген. Ошондуктан, тажик тарап бул жолдун толугу менен жана "Достук" базарынын 3 га жерин берүүнү сунуштады. Жалпы аянты 12 га. Башкача айтканда, жолдун ортосундагы тилке жана базар берилди. Анын ордуна биз Лаккон жерлигинен 25 га айыл чарба жерлерин алдык. Эмне үчүн? Анткени, базар — бул соода, экономика, адамдар ал жактан киреше табышат. Экинчиден, жол — бул жөн гана аянт эмес, стратегиялык объект",- Ташиевв.
Кара-Бак жана Лаккон тилкелери боюнча алмашуу
"Кыргызстан Кара-Бак жана Лаккон жерлигинен 200 га жерди тажик тарапка берди. Анын ордуна Тажикстан Кара-Бак жана Лаккон тилкесинен 130 га, Курук-Сай тилкесинен 70 га, жалпысы 200 га айыл чарба жерин берди.
Кайрагач аймагында мамлекеттик чек ара Селкан каналынын боюнан өтөт. Кайрагач анклавы жоюлду. Кара-Бак—Лаккон автожолунун бир бөлүгү тажик тарапка берилди.
Эмне үчүн мындай чечим кабыл алынган? Тажик тарап Кара-Бакты айланып өткөн жолду колдонуп келген. Алар түз жол менен жүрүүгө шарт түзүп берүүнү суранышты. Биз макул болуп, анын ордуна 200 га айыл чарба жерин алдык",-деди Ташиев.
Ак-Суу/Исфара суусу боюнча маселе
"Водозабор «Головной» боюнча көп жылдар бою талаш болуп келген. 1989-жылдан бери кыргыз жана тажик тараптар бул объектти экиге бөлүүнү сүйлөшкөн. Бирок биз буга макул болгон эмеспиз. Ак-Суу дарыясы эки тарапка бөлүнөт, бирок "Головнойго" жеткенде бир агымга айланат. Тажиктер "сууну тең бөлүш керек" десе, биз "жок" дедик. Акыры биз компромисске келип, компенсация катары:
Чоң-Алай районундагы Мунжу-Булак аймагынан 500 га,
Кароол-Дон тилкесинен 100 га,
Сүлүктү шаарынын кире беришиндеги 100 га,
Катта-Туз тилкесинен 150 га жер алдык.
Катта-Туз 600 га болсо, анын 450 га бизге тийди. Ошентип, "Головной" суусунан компенсация катары жалпы 750 га жер алдык.
Баткен менен Исфаранын чектеш аймактарын ирээтке келтирүү
Кыргызстандын Достук айылынан 91 га, Мазаиттен 8,3 га, Көк-Теректен 17,5 га, Таш-Тумшуктан 20,1 га, Дача тилкесинен 5 га берилди.
Анын ордуна Исфара районуна караштуу Сомониён айылынын 18,4 га, Дахму тилкесинин 3,1 га, Ходжаи-Аало айылынын 21,5 га, Говсувар тилкесинин 2,7 га, Мин-Булактын 42 га, Лаккон жерлигинин 55 га жерин алдык. Жалпысы — 142,7 га.
Достук айылын толугу менен бердик. Бирок ал үчүн компенсация талап кылып, Кара-Бактан 30 га жер алдык. Бул аймакка көчүрүлгөн тургундар үчүн үйлөр салынып, жаңы конуш түзүлөт",-деди ал.
Ворух анклавы
"1991-жылкы маалыматтар боюнча, Тажикстан Ворух аймагында 19 миң га жерди пайдаланып келген. Узун талкуулардан кийин, 14,5 миң га жер аларга берилди. Ошондой эле, анклавдын тегерегиндеги 1 миң га жайыт жерди кошуп бердик. Анын ордуна Чоң-Алай районундагы Караган-Сайдан 1 миң га жайыт жерин алдык.
Ошондой эле төмөнкү жерлер боюнча алмашуу болду:
Кыргыз тарапка 300 га жер берилди (бул жерде вагондор жайгашкан эле).
Караган-Сайдагы эски көпүрө кыргыз тарапка калды.
Төрт-Көчө жолу нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан аны чогуу пайдаланат",- деди Ташиев.
Жыйынтыгында УКМК башчысы кыргыз-тажик чек арасы боюнча бардык көйгөйлүү маселелер чечилгенин, ошондой эле, айыл чарба жана энергетикалык объекттерди эки өлкө тең эркин пайдаланууга шарт түзүлгөнүн, буга чейин бул объекттер башка мамлекеттин аймагында калып, колдонуудан чыкканын жана эми алар мыйзамдуу түрдө иштетилерин айтты.
"Ошентип, чек ара маселелери боюнча чечимдер кабыл алынып, аймактар такталды",- деди Ташиев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.