Сүйүү үчүн азап чеккен казак жигитинин тагдыры драмага айланды
Бул окуя тээ Союз учурунда болуптур. Бир тууган агасына жубай болчу кызды жактырып, аны алып Кыргызстанга качып келип, өмүр бою Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жашап өткөн казак жигитинин сүйүүсү менен ата мекенине, ата-энесине болгон кусалыгын чагылдырган "Сүйүү жана кусалык" аттуу драма жазылып бүттү. Аны Кара-Кулжа районунун Күйө-Таш айылындагы мектепте көп жыл мугалим болуп эмгектенип жүрүп, пенсияга чыккан Куштарбек Ысманов жазды. Ал буга чейин Экинчи дүйнөлүк согушка бир эмес, эки жолу барып катышып, аман кайтып келген атасы Ысман Одонов тууралуу “Атамдын тагдыры – XX кылымдагы адамзаттын тарыхы” деген даректүү баяндар менен коштолгон эскерүүлөрүн жазып, кыргыз адабиятынын чалкыган мухитине бир тамчы салым кошкон. Булардан сырткары, "Айылдык трамвотолог же эки достун жоруктары",-деген комедия да жазган. Ысмановдун жазуучулукка, драматургияга кеч келгенинин себептери менен жаңы жазылган драмасынын айланасында ат үстүндө маек уюштурдук.
-Куштарбек агай, саламатсызбы? "Сүйүү жана кусалык" деген аталышындагы төрт көшөгөлүү драма жазып бүтүрүпсүз. Бул чыгарма эмнеден улам жаралды?
-Саламатчылык. Драмада Казакстандан Кыргызстанга, болгондо да Кара-Кулжа районуна келип, өмүр бою маданият тармагында иштеп өткөн казак улутундагы Жоомарт Аузбаев аттуу инсандын тагдыры чагылдырылат. Анын аялы тарбиячы болгон. Чыгарманын өзөгүн ошол экөөнүн сүйүүсү менен өкүнүчү түзөт. Сюжет ушундай, ушунун негизинде жазылды.
1953-54-жылдары Казакстандагы Жамбыл театрынын директору, колунда иштеген суйкайган сулуу Рая аттуу перини жактырып, ал экөө баш кошууга шерттешкен экен. Бирок ал жетекчинин бир тууган иниси, биз сөз кылып жаткан Жоомарт Аузбаев болот. Тагдырдын тамашасын караңыз, агасынын колукту болчу кызын бул да жактырып калат. Андан да кызыгы, Ж.Аузбаевдин сүйүүсүнө кыз да сүйүү менен жооп берет. Ошентип экөө Казакстанда жашоого көздөрү жетпей, сүйүү үчүн Кыргызстанга качып келишет да, өмүр бою Кара-Кулжа районунда жашап калышат.
Эми мен муну көркөмдөп жаздым да. Башкы каарман Жоомарт Раяны сүйүп калганда, эми эмне болот дешет. Анан Рая айтат: “Агаң экөөңөр мени өлтүргүлө”,-депчи, “мен сени сүйүп калдым, агаң мени жанынан жакшы көрөт”,-дегенде, Жоомарт: “Мен сени андай өлүмгө кыйбайм. Кызжибек менен Төлөгөндүн трагедиясы – бири бирине жетпей калат. Бирок ушундай заманда экөөбүз сүйүүбүзгө кантип жетпейбиз?”,-дегенде: “Агаңдын укуругу узун, экөөбүздү таап, жазалайт. Биз бул жакта жашай албайбыз”,-дейт Рая. Анан Жоомарт: “Күн чыккан жакта жаркыраган тоолордун арасында кыргыз туугандарыбыз бар, ошолорго кетебиз”,-деп Кыргызстанга келип атышпайбы. А алардын чыныгы жашоосу да ушундай болгон экен. Алар бул жакка келгенден кийин, Кара-Кулжа жергесинде сымбатын, сынын бузбай, өмүр бою эч ким менен жаман-жакшы айтышпай жашап өткөн казак жигитинин трагедиясы болуп жатпайбы.
Эки жаштын сүйүү баяны мына ушунтип башталса, “сүйүүгө жеттик”,-деген менен өкүнүчү өмүр бою өздөрү менен кошо жашайт. Анысы – сүйүү үчүн салтты тепсеп өткөнү, ата-эненин башын аттаган арманы, агасын сыйлабаган ыйманы, Ата журтту сагынганы, мекенге болгон кусалыгы, тукуму үзүлүп, баласыз өткөнү жана армандуу өлүмү болуп калат. Чыгармада башкы каармандын аялы төрөбөй, сүйүү деп бир өмүр аны капалантпаганын айтып, акыры өзү уу ичип өлөт.
Баласы жок болгон менен Аузбаев эч кимге сыр бербей, эч ким менен жаман-жакшы айтышпай, сырларын көп ачпай, чыкыйып кийинип жүрчү дешет жакындан билгендер.
Ал Рыспай Абдыкадыров баш болгон, Апы Бердибаев, Акылбек Бөкөнов сыяктуу чыгармачыл инсандар менен чогуу иштешип, айылдарга концерт коюп жүрүшкөн. Абдыкадыровдун “Сагындым туулган жер сени” деген ыры чыкканда: “Ушул ырды мен үчүн чыгаргансыңбы, Рыспай баурум?”,-деп мекенге болгон кусалыгын билдирген сөздөрү драмада колдонулду.
-Кызык экен. Муну сахналаштырса болот бекен? Режисерлорго көрсөтүп көрдүңүзбү?
-Мурда мен драма жазбасам же дасыккан драматург болбосом... Бирок Ош Улуттук драм театранын режиссеру Талант Апыевге алып барып таштадым. Ал окуп көрүп, койсо боло турганын айтты. Анан дагы: “азыр мамлекет жылына үчтөн спектакл койгонго акча берип калган”,-деди. Бирок көркөм кеңеш дегенди жоюп койгон экен, азыр кайра ачылыптыр. Анан драматургдардын коюла элек драмалары көп дейт. Азуусу чыккан, кыйын драматургдар бар да. “Ошол үчүн муну планга киргизиш кыйын”,-деди. Бирок азырынча артистерди тандап, өз алдынча аракет кыла берээрин айтты. Мен жазган драманын башкы каарманы Жоомарт – бою келишкен, домбра черткен жигит да, бирок ага ылайыктуу артист табыш кыйын деди.
Домбра черткен артист бар экен, бирок анын бою пас дейт. Ушуга окшош тоскоолдуктар бар экен. Спектаклдин ишинде бир гана режиссердун эле эмес да, артисттердин, аранжировка кылгандардын, сүрөтчүлөрдүн эмгеги да бар. Драма сахнада коюлбаса, чыгарма өз максатына жетпей калгандай болот. Коюлуп калса жакшы эле деген ой менен турабыз эми.
Режиссер Апыев айтып атпайбы, Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестиндеги Данияр менен Жамийланын сюжети экен деп. Анан мен айттым, ооба, ал да бар, бирок бул жерде салтты аттап кетип, өмүр бою азап чеккен баланын өкүнүчү бар дедим. Туулган жерге болгон сагыныч, эч кимге айтпай өткөн кусалык бар. Ошол үчүн атын “Сүйүү жана кусалык” деп койдум дедим.
-Бул драмада чындап эле “Жамийла” повестиндеги Данияр менен Жамийланын сюжетине окшош болгон менен Жоомарт менен Раянын окуясы чыныгы жашоодо болгон окуя турбай, э? Эми муну сахнага алып чыгып, спекталь кылып коюп, андан ары мүмкүн экрандаштырса деле боло турган чыгарма болуптур. “Сүйүү жана кусалык” драмасына ийгилик каалайлы. Эми өзүңүздүн чыгармачылык тууралуу да бир-эки ооз кеп кылсак. Сиз мектепте көп жыл мугалим болуп эмгектендиңиз, пенсияга чыккандан кийин гана чыгармачылыкты колго алдыңыз. Буга чейин Экинчи дүйнөлүк согушка эки жолу барып, аман кайтып келип, эл агартуу тармагында эмгектенген атаңызды эскерген мемуар китеп жазып чыгардыңыз. Азыр комедия жазып жатыптырсыз. Сурайын дегеним, жазуучулукка, драматургияга келем деген мурдатан пландарыңыз бар беле?
-Мен журналистиканын окуусун бүткөндөн кийин 1981-84-жылдары облустук теле-радиодо, азыркы “ЭлТРде” иштедим. Ал кезде цензурасы бар, партиянын идеологиясына кызмат кылган азуулуулар менен жүргөндүктөн, чыгармачылыкка батына албадым. Ал кезде жаш элем, анын үстүнө өзүмдү деле жакшы көрсөтө албадым окшойт. Анан мен “атаңды бак” деген саясат менен айылга бардым. Бирок айылга барганда атам мени бактырган деле жок, бир айдын ичинде каза болуп калды. Ишими тапшырып берип койгондон кийин кайра келе албадым дагы, мектепке мугалим болуп иштеп калдым.
Мектепке киргенден кийин мугалим болуп, 5-класска класс жетекчи болуп калдым. Ошондо Октябрь революциясынын канча бир жылдыгына карата Алайкуунун Ой-Талындагы басмачылар келип, 3 агабызды атып салган окуя бар эле, ошону сахналаштырып, окуучуларым менен койдук. Сынак болгон ошондо, биз биринчи орунду алдык.
Кийин дагы бир интермедия койгонбуз. Койчунун короосуна карышкыр кирип, бирди эле жесе, шашма койчу, карышкырдын коркуп, басырылып калган койдун көбүн мууздап салганын сахналаштырганбыз. Ал карышкыр менен диалог иретинде болгондуктан, “мен бирди эле жегемин, көбүн өзү мууздап ийип, мени жаманатты кылып атат”,-деген сөздөр бар эле. Анан карышкырды аткан мергендин кызы менен диалог болуп: “атаңды айт, атпа де”,-дегендей маани менен интермедия койгонбуз. Анда да алдыңкы орунду алганбыз. Болгону ушул экөө гана бар эле.
Ал эми студент кезде биз театрларга көп барат элек. Шекспирдин “Аттелосун”, Мар Байжиевдин спектаклдерин аябай жакшы көрөт элек. Негизи Байжиев сахна үчүн жазган өтө чебер жазмакер болчу, ошондон да таасир алдым бекен дейм.
Менин атам китепканачы болгон. Ал китеп окуганда Жумадылов сыяктуу эле окуйт болчу. Ал окуп атканда тонуна жамынып алып, кино көрүп жаткандай элес калчу. Ошондой тарбиянын көрөңүгөсү окшойт дейм менде. Бирок айылга барганда чыгармачылыкка кайрыла албадым. Биз, заман оңолуп, 1970-80-жылдары өнүккөн социализм заманында жашап калганбыз. Коммунизм болгону калды деп ишенип жүргөнбүз. Ошол кезде согушту, ачарчылыкты көргөн байбичелер: “Бешенеңер бар экен, орокту көрбөй калдыңар...”,-деп кыйын жашоону айтып, какшанып атышкан. Эми ушул бойдон андай кыйын жашоону көрбөсөк керек деп ойлосок, заман бир заматта аңтар-теңтер болуп жатып калбадыбы. Биз буудайды кол менен оргон заманды, орокту, кырманды көрө баштадык. Мектепте иштеген менен айлыкка деп натуралай нерселерди беришет. Акча 2-3 айда тийет, анан дүкөнчүлөргө карыз болуп, ашпай калган жашоо улана берди. Ушундай кырдаалда мен чыгармачылык менен алектене албай калдым.
Атам мени окутту эле, ал тууралуу бир нерсе жазайын деп кыялданып жүрө берчүмүн. Ал киши 1919-жылы туулган, 2019-жылы 100 жылга толмок. Ушуга карата бир нерсе чыгарып койсом болот эле деп жүрүп, бир абзац текст жаза албадым. Пенсияга чыккандан кийин шаарга келе бардим. Неберелерди мектепке кетирем, аялым иштейт. Ошондо жаза баштадым. Биринчи китебимди 2020-жылы баштап, 2022-жылы чыгардым. Ал: “Атамдын тагдыры – XX кылымдагы адамзаттын тарыхы” деген даректүү баяндар менен коштолгон китеп болуп чыкты. Мен өзү, мойнума алышым керек, жалкоо экемин. Заманга шылтабай ар нерсени жазып, чакчаңдай берсе деле болмок экен, бирок шарт ага жол бербептир.
Анан “Сүйүү жана кусалык” драмасы спектакл болуп коюлса, эл көрүп, театр сынчылары баа беришээр. Азыр "Айылдык трамвотолог же эки достун жоруктары",-деген комедия жазып бүттүм. Негизи айылдагы окуяларды закымдарга коюлган пьесалар деген сыяктуу чыгармаларды жаза берсең болгудай экен. Мисалы, адамдын жашоосунун өзү театр экен. Сенин ролуң кайталанбайт, эч ким ойной албайт, башкалдарга сабак болсун деп, ошолордун образын жазгандай болуп калат экен да, чындыгында. Ошол үчүн айылдарда куудул адамдар көп, ошонун негизинде комедия жазайын деп баштадым. Бирок муну тез жазып бүттүм. Бир айда эле бүтүп калды. Себеби мээде бар эле да. Анын ичинде кекечтердин сынагы бар, бирөөнүн үндүгүнүн буту сынып калса, таңып бер деп башкасына алып барып, анысы таңылбайт десе, анда союп алып, “кызыл жумурткага” деңге кылып этин бөлүп алган сыяктуу күлкүлүү окуялары бар. Бул жазылып бүттү, бирок эми эл кандай кабыл алат, мен биле албайм. Ал чыгып калса да, эл баа берээр.
Алайкууда адамдардын бир мууну өттү. Алар сүйлөгөндө да жөн сүйлөбөй, аския кылышып, бири-бирине ат коюп сүйлөшүп, кичине кептин кыйыгы тийип атканын беркиси билип, кайра ошондой кыйыктагы сөз менен жооп беришкен адамдар бар эле. Мындай адамдар азыр жогураак калды. Биздин Күйө-Таш айылыбызда эле Түкөн, Жаанбай, Төлөгөн, Турдубек, Ысманалы, Жакып, Акил, Дубана деген кишилер катуу аскиялашкан адамдар болгон. Алардын көпчүлүгүнүн көзү өтүп кетти. Катуу тамашалашкан адамдар эле. Ошол негизинен.
-Рахмат маегиңизге! Сизге чыгармачылык эргүү каалайм!
Маектешкен: А.Каракозуев
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.