Быйыл Ош облусунда энелердин өлүмү боюнча 7 учур катталды
Иллюстрациялык сүрөт.
Бүгүн, 31-октябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 9 айдын жыйынтыгын чыгаруучу коллегиялык жыйыны башталды. Ага облустагы 7 райондук акимдери, мекме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылар, укук коргоо органдары катышты.
Жыйындын башында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баяндама менен чыгып, райондордун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн, аткарылган, аткарылып жаткан жана жакында аткарыла турган иштер боюнча кенен маалымат берди.
Аны менен катар облус башчысы энелердин өлүмү боюнча токтолуп, облус боюнча быйыл 7 учур катталганын айтты.
"Кара-Суу районунда 4 учур, Ноокатта 2 учур, Өзгөндо 1 учур катталган. Бул статистика былтыркыга салыштырмалуу көп. Жакшылап карап, алдын алуу иштерин жүргүзүңүздөр",- деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




