Чек ара чечилди. Жалпы маалымат...

 
Жогорку Кеңеш 19-мартта кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди үч окууда жактырып, чек ара маселеси расмий түрдө чечилди. Жалпы жыйында сөз сүйлөгөн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул келишимди тарыхый жетишкендик деп атап, эми ал эки өлкөнүн ортосунда ынтымакты бекемдөөгө негиз болоорун белгиледи. Тажикстан парламенти да 18-мартта келишимди ратификациялап, чек араны тактоо жараянын колдоого алды. Ал эми Эл аралык уюмдар жана бир катар мамлекеттер эки өлкөнүн бул макулдашууларын колдоого алышып, чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн үлгүсү катары баалашты. Муну менен эки өлкө ортосундагы чыңалуу басаңдап, чек арадагы өткөрмө бекеттер, авиакаттамдар кайра ачылды.
 
Чек ара келишими ратификацияланды...
 
2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан бирөө каршы болуп, калганы баары макул деген добуш беришти.
 
Башкача айтканда, кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу үч мыйзам долбоору каралып, кабыл алынды. Алар: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы автомобил жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобил жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жана Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун ратификациялоо тууралуу мыйзамдар болчу.
 
Ушул эле күнү жалпы жыйынга чыгаардын алдында, Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйыны өтүп, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, суроо-жооп болгон. Мындан улам төрага Нурланбек Тургунбек уулунун жалпы жыйында баяндамасыз жана талкуусуз дароо добуш берүүгө өтүү сунушу колдоо тапты.
 
Ташиевдин отчету...
 
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Тажикстан менен болгон чек ара маселеси кандай чечилгени тууралуу кенен айтып, дээрлик эки сааттай түз эфирде маалымат берди. Анда утулган да, уттурган да тарап болбогонун, бирок келечектүү пландар менен түбөлүк ынтымак үчүн айрым жерлер тажик тарапка өтсө, айрым жерлер биздин карамагыбызда калганын белгиледи.
 
“Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасына 2365 гектар, ал эми Тажик Республикасына 1570 га жер өттү, же болбосо, биздин чек арабыз, биздин территориябыз, 795 га жер бизге көбүрөөк өттү. Бул деген дээрлик 800 гектар жерди биз тажиктерден көбүрөөк алдык. Биз алдырган жокпуз, тескерисинче алдык”,-деди Ташиев.
 
Буларга кошумчалап, чек араны тактоодо эч ким утпай турганын, азыркы кабыл алынган чечимдер эки өлкөнүн ынтымагы үчүн аткарылып жатканын белгиледи. “Бирок мен ачык айтып коюшум керек, чек араны караганда: “биз утуп алдык, биз жеңип алдык”,-деген сөздөн алысыраак бололу, туугандар. Эки элдин ортосундагы, Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы достукту чыңдоо үчүн чек аралар такталып бүттү. Мындан ары биздин мамлекеттерибиз чыныгы достукта, тууганчылыкта, бири-бирине болгон жакшылыкта гана жүрсүн деген ойдобуз. Мындан ары биздин Лейлек, Баткен райондорубуз, Тажикстандын Согди облусу менен өтө тыгыз катташат дагы, экономикалык байланыштарыбыз күчөйт, достугубуз күчөйт. Уруш-талаш болбойт. Бул сеники, бул меники деп эми ар бирибиз өз чек арабызды билебиз. Эч ким өз чек арасынан өтүп, башка нерсе кылбайт”,-деди ал.
 
К.Ташиев эки өлкөнүн чек араларын тактоодо КР Президенти Садыр Жапаровдун саясий эрки негизги фактор болгонун белгиледи.
 
“Ошондуктан, мен сиздерге айтып коюшум керек, эң биринчиден биздин урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаров турду. Себеби, ал ушул чек аралардын тилкелеринин ар бир метрине чейин билет. Мен ал киши менен чек аранын ар бир метрин талкуулап, бирге чечип аттык. Кээде ушундай маселелер болуп калып атты, комиссия карап атканда, ишин токтотуп коюп, мен атайын келип, Садыр Нуркожоевич менен сүйлөшүп, аны менен такташып, ал уруксат бергенде гана ушул чечимдерди кабыл алып аттык. Ошондуктан, бул жерде биздин урматтуу президентибиздин саясий эрки менен болбогондо бул нерсе чечилмек эмес. Ошондуктан ыраазычылык билдирип коюшубуз керек. Андан сырткары, мен, ушул жерде отурган комиссия мүчөлөрүнө ыраазчылык билдирип койгум келет”,-деди Ташиев.
 
Аягында ал чек аранын чечилишин чоң жеңиш катары баалап, мыйзам долбоорлорун колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирди.
 
"Бул чечимге келүү өтө кыйын болду. Конфликттер, уруш-талаштар болду, өтө чоң кайгыларды башыбыздан өткөрдүк. Ошолордун баарын жеңип өтүп, кайрадан өзүңдүн душманың менен бир столдо отуруп, ошол маселелерди чечип, болгондо да тынчтык жол менен чечишүүгө жетишүү өтө оор болду. Биз ушуга сиздер менен кошо жетиштик", - деди ал.
 
Келишимди Тажикстан да ратификацияланды...
 
Тажикстан парламентинин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттардын басымдуу бөлүгү катышкан жыйында 18-мартта тажик парламентинин алтынчы чакырылышынын акыркы жыйынында (эми алар мурдагы) депутаттар Кыргызстан менен чек ара келишимин, ошондой эле чек арага байланыштуу дагы эки документти ратификациялады. (19-мартта жетинчи чакырылыштагы жаңы парламенттин биринчи жыйыны өттү).
13-мартта кыргызстандык журналисттерге берген интервьюсунда Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов, кыргыз-тажик чек ара маселеси эки элдин кызыкчылыгын эске алуу менен чечилгенин билдирген.
 
“Эң негизги маселе – чек аралар эки мамлекеттин кызыкчылыктарына ылайык чечилди. Эми мамилебиз бир туугандык, тарыхый мүнөзгө ээ болот. Биз, чыныгы бир туугандардай болушубуз керек”, – деген.
 
Дүйнөлүк коомчулуктун кубаттоосу...
 
13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгондон кийин дүйнөдөгү дээрлик көпчүлүк эл аралык уюмдар жана мамлекеттер бул чечимди колдоого алышты. Аны жөн гана саясий келишим эмес, чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн үлгүсү катары кабыл алышты.
 
Мисалы: БУУ, Европа Биримдик, Түрк Мамлекеттер Уюму, ЖККУ, ШКУ, КМШ сыяктуу дүйнөлүк уюмдар чек ара келишимин кубатташты. Бул уюмдар дээрлик 5 миллиард адамдын кызыкчылыгын коргогон дүйнөлүк негизги институттар болуп саналат жана алардын чек ара маселесинин тынч жол менен чечилишин кубаттоосу Кыргызстан үчүн глобалдык жеңиш деп сыпатталууда.
 
Ал эми, Түркия, Франция, Кытай, АКШ, Орусия, Иран, БАЭ, Кувейт, Сауд Аравия, Катар, Азербайжан, Пакистан, Бахрейн, Иордания сыяктуу мамлекеттер эң алгачкылардан болуп кубатташты.
 
Жапаровдун жаңы сунушу...
 
Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын тактаган келишимге эки өлкөнүн президенттери кол коюшкандан кийин, Президенти Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында аймактык кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы демилге көтөрүп чыкты.
 
Анда ал эми Борбор Азия мамлекеттери бири-бирине визасыз каттоо режимине өтүп, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн келген коноктор үчүн Шенген визасына окшош бирдиктүү виза киргизүү зарылдыгын белгиледи. Президент бул кадам аймактын инвестициялык жана туристтик потенциалын арттырууга чоң салым кошоорун айтты. 
 
"Аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүп, Борбор Азияны дүйнөлүк аренада инвестиция жана туризм үчүн жагымдуу аймакка айлантууга убакыт келди", - деп жазды ал.  
 
Жапаровдун сунушу Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери тарабынан кандай кабыл алынары азырынча белгисиз. Бирок бул демилге ишке ашса, аймактык интеграция жаңы деңгээлге чыгышы мүмкүн.
 
31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында Нооруз майрамына карата Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын биринчи саммити өтөт. Анда да бир катар расмий документтерге кол коюлат.
 
Ал арада Өзбекстандын Самарканд шаарында ушул жылдын 3-4-апрелинде «Борбордук Азия — Европа Биримдиги» аттуу саммит да өтөөрү кабарланды.
 
Ага Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов катышат. Ага Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен да катышаары күтүлүүдө.
 
Соңунда...
 
Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралары такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көптөгөн чыр-чатактар күчөп отуруп, 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында адам өмурүн алган кандуу кагылышуулар да болгон.
Эми сууган мамиле кайра жылып, чек ара чечилгенден кийин эки мамлекет ортосундагы 2021-жылдан бери жабык турган эки өткөрмө бекети кайрадан ачылды. Ал эми 14-марттан тарта Бишкек—Душанбе жана Бишкек—Худжанд авиакаттамдары да ишке кирди.  
 
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт.
 
А.Каракозуев

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз