Бишкекте рейд учурунда милиция сойкулук менен алектеген аялдарды аныктады

5–10-ноябрь аралыгында Бишкек шаарында «Притон» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) маалымат кызматы билдиргендей, рейдге борбор калаанын кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана райондордун ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышкан.

Иш-чаранын жыйынтыгында «адепсиз жашоо образын алып жүргөн» 41 кыз милицияга жеткирилген. Алар боюнча тиешелүү тергөө жана профилактикалык иш-аракеттер жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, 12 сауна жана 26 мейманкана текшерүүдөн өткөн. Аталган жайлардын ээлери жана администраторлору Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматына жеткирилип, алар менен мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазуу жүзүндө милдеттенме алынган.

Рейддин жыйынтыгы боюнча интимдик кызмат көрсөткөн 12 аялга карата укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча административдик протоколдор түзүлгөн.

Милиция жарандардан притондордун иштеши же сойкулук менен алектенген адамдар тууралуу маалыматтарды билдирүүнү өтүнөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз