УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Марксбек Темиралиев: “Кекилик-Учар бейити” өткөн заманды эске салып турат”
Бир кездеги кең жайык бул дөбөнү камыш басып, таштанды ташталып, эч ким карабай калган. Убагында камыштуу бул дөбөдөн пырр-пырр этип кекиликтер учуп турчу дейт. Тээ 1930-1953-жылдары Куршаб аймагында Эски-Покровка түрмөсү болуп, андагы өлгөндөрдү эч кимге билгизбей ушул жерге көөмп турган экен. Айтымдарында, бул жерден тирүү жан аз чыккан дешет. Ким билсин?...
Бул окуя өткөн жылы дайын болду. Бир кездери ошол жерде иштеген, учурдагы ардагер аксакалдардын айтуусу менен, окуянын чоо-жайы УКМКнын отставкадагы полковниги Марксбек Темиралиев аркылуу, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жеткен. Камчыбек Ташиев тез арада эле тактап, “Кекилик-Учар бейити” деп атап, эстелик тургузду. Бүгүн бул жерге адамдар келип, куран окуп, өткөн замандын каардуу окуяларын эстеп, эскерип кетип жатышат.
Мен дагы бардым. Менин чоң атам Айдар да түрмөгө түшүп, ошол бойдон кайтпай калган. Чоң атам балага зар болуп жүрүп, “Баламдын “ыңаа” – деген үнүн угуп өлсөм арманым жок эле” – дечү экен. Бирок аттиң, атам, чоң энемдин ичинде кезинде, баласынын “ыңаа” – деген үнүн укпай, зар какшап абакка кетиптир. Атам, паспорту боюнча 1928-жылы, энемдин айтымында 1932-жылы алашалбырт мезгилде (жаз айларында) төрөлгөн экен, демек чоң атам ошондогу каардуу замандын курмандыгы болгон. Чоң энем: “Чоң атамды Ош тарапка алып кеткенин, кийин түрмөдөн чыгып келатып, Сулайман-Тоонун алдында каза болуп, ошол жерге көмүлгөн экен” – деген божомолун айтчу. Ким билет? Ал кездин чындыгын азыр билиш кыйын. Каар заман далай адамдарды какшатып, зарлатып, муңкантып кетти...
Ал кезде араба, атчан, жөө-жалаң жүрүшчү. Түрмөгө түшкөндөрдү Кара-Кулжадан Ошко жөө алып келүү да кыйын болгон. Менимче, Кара-Кулжа, Өзгөн, Сузак аймагындагыларды дал ушул Куршаб түрмөсүнө эле алып келишсе керек деп божомолдодум...
Баса, дал ушул “Кекилик-Учар бейитинин” табылышына, ачылышына себепкер болуп калган Кыргыз Республикасынын УКМКсынын ардагери, отставкадагы полковник Марксбек Темиралиев менен маек курдум.
- Биз билгенден “Кекилик-Учар бейитинин” ачылышына себепкерлердин бири болуп калдыңыз. Бул маселе кантип көтөрүлдү, кимдер көтөрдү?
- Элибизде сөз бар эмеспи, “Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” – деген. Анын сыңарындай бул жөнүндө кеңири айтып берейин. Урматтуу окурмандар, жалпы эле элибиз ушул маселени кимдер көтөрүп чыкканын, Өзгөндөгү “Кекилик-Учар бейити” кантип курулуп калганын толук жана так билиши абзел.
Учурда Бишкек шаарында Койчуман Мокешов аттуу аксакал жашайт. 90 жашка чыгып калды, күүлү-күчтүү, сүйлөшсөң акыл-насаатын айтып, кеп-кеңешин берип, кызыктуу маек куруп берет. Бул адам өткөн кылымдын 60-жылдарынын ортосунан баштап пенсияга чыкканга чейин республикабыздын түштүк-түндүгүндө мал чарба тармагындагы кызматтарда жетекчи болуп көп жыл иштеген. Убагында Өзгөн районунда азыркы Кызыл-Октябрь аймагынын ордунда ЮКОС (Южная киргизская опытная станция) деп орусча аталган чарба болгон. Кыргызчага которгондо Түштүк кыргыз тажрыйба станциясы деп айтылчу. Койчуман Мокешов 1968-1975-жылдары ошол ЮКОСтун жетекчиси болуп иштептир. Маалымат катары айтып кетейин. Өткөн кылымдын 1930-1953-жылдарында азыркы Эски-Покровка айылында Куршабдын түрмөсү деп аталып калган колония болуптур. Бул түрмөдө ар кандай себептер менен түштүк жергесиндеги көптөгөн мекендештерибиз камалып, көпчүлүгү дайынсыз жок болуп кеткен. ЮКОСто иштеген жылдары Койчуман аксакал улуу муундагы адамдардан түрмөдөгү болгон каргашалуу окуялар жөнүндө жашыруун маалыматтарды угуптур. Жергиликтүү тургундар үчүн бул тема жабык болгон. Ушул себептен Куршаб түрмөсү тууралуу билгендерин Койчуман Мокешов буга чейин эч кимге айтпай жүргөн.
Анан Койчуман аксакал былтыр, 2024-жылдын май айында, Ош шаарында жашаган, кезинде Өзгөн районунда жетекчи кызматтарда чогуу иштешкен замандашы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Акимбаевге кайрылып, көп жылдардан бери жүрөгүн ооруткан, эч кимге айталбай жүргөн, көзү өтүп кетсе билинбей жабылуу бойдон кала турган Куршаб түрмөсү тууралуу сырын айтып, аны тийиштүү органдарга билдирбесек болбойт дейт. Орозбек Акимбаев бул маалыматты Өзгөн районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Каныбек Эргешовго айтып, иликтеп көрүүсүн суранат. Каныбек Эргешов Эски-Покровка айылына барып, тегеректеги айылдардан аксакалдарды чогултуп, Куршаб түрмөсү тууралуу маалыматтарды сураштырып, абактагы өлгөндөрдүн сөөктөрү жашыруун түрүндө “Кекилик-Учар” дөбөсүнө көмүлүп турганын аныктап, андан кийин 2024-жылдын 20-июнунда мага телефон чалып: “Бул тууралуу 2-3 адам эле билет. Эмне кылабыз, жогорку жактагы бийликке кантип кабарлайбыз”, – деп кеңеш сурады.
Каракол шаарында болгонума байланыштуу, июнь айынын аягында Өзгөнгө барарымды айтып, ошондо жеринен жолугуп бул маселени талкуулап, кеңешели деп макулдаштык. Убада боюнча 30-июнда Куршабга барып Каныбек Эргешов баш болгон тегеректеги айылдардан келген аттуу-баштуу 5 аксакал, айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Амирбеков менен жолуктум. Алардын айтуусу боюнча Куршабдагы түрмөдө түштүк жергесиндеги бардык райондордон ар кандай себептер менен айыпталган адамдар камакта болгон. Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин 1950-жылдардын ортосунда түрмө Фрунзе тарапка көчүрүлгөн. Аксакалдардын айтуусунда Эски-Покровка айылы менен коңшулаш Кызыл-Октябрь айылынын ортосунда “Кекилик-Учар” деген дөбө жайгашкан. Түрмөдө өлтүрүлгөн адамдардын сөөктөрүн түн ичинде ат кошулган шаты араба менен ташып, ошол жерге көөмп турушкан. Ал жерде атайын казылган жайлар болгон.
Өзгөндөгү аксакалдар менен жолукканымды видеого, сүрөткө тартып, алар берген маалыматтарды чогултуп алып 4-июлда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусунда болуп, толугу менен айтып бердим. Бул тууралуу даярдап келген билдирүүмдү, сунуштарымды келтирип, тартып келген видеону, сүрөттөрдү өзүнө тапшырдым.
- Сиз берген маалыматты Камчыбек Ташиев кандай кабыл алды, ал кишиге кандайдыр бир жаңылыктай болгон жокпу?
-Сурооңуз абдан орундуу болду. Биз азыр сөз кылып жаткан маселе буга чейин деле айтылыптыр. Журналисттер жеринен репортаж кылып телеканалдардан көрсөтүшүптүр, аны мен кийин интернеттен көрдүм. Бирок, кыргыз элинин тарыхындагы болуп өткөн бул каргашалуу окуялар тууралуу маалымат мамлекетибиздин жетекчилерине жетпептир. Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусунда болгонумда, өзүнүн Ташы чоң атасы дагы ушул түрмөгө камалып, качан, кайсы жерде дайынсыз жоголгонун айтып берди. Буга чейин атасы, атасынын эжелери, Жалал-Абаддан Өзгөндүн түрмөсүнө (анда Куршаб түрмөсү деп айтылчу эмес го) 3 жолу барганбыз, деп айтышчу экен. Акыркы, 3-жолу барганда, “Атаңар өлгөн, мындан ары келбегиле”, – деп түрмөнүн кызматкерлери айткан экен.
Камчыбек Ташиев ошол өткөн окуяны эскерип, мен айткан маалыматка олуттуу маани берип, саясий чечим кабыл алып, маселени токтотпой мамлекеттик деңгээлде, тез аранын ичинде чечебиз деп убадасын берди. Көп узабай 1-орун басары генерал-лейтенант Рустам Алайбекович Мамасадыковду Өзгөнгө жиберип, адистер менен жеринен эмне жумуштар жасала турганын аныктап, жергиликтүү бюджеттен 1 млн. сом бөлүнөт. Ош облусунун, Өзгөн районунун, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жетекчилери, жооптуу кызматкерлери, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын, Өзгөн районундагы бөлүмүнүн жетекчилери, кызматкерлери эстеликтин курулганына чоң жардам беришти.
2024-жылдын 11-ноябрында комплекстин ачылыш аземи Камчыбек Ташиевдин катышуусу менен өттү. Ага Ош облусунун губернатору, Өзгөн районунун акими, республиканын ар кайсы жерлеринен келген ардагерлер катышты.
- Сиз айткан бюджеттен бөлүнгөн 1 миллион сом Мемориалдык комплексти курганга жетиптирби?
-Жо-ок. Бул 1 миллион сом Кекилик-Учар дөбөсүн, анын айланасын тазалаганга гана жумшалды. Эмне үчүн дегенде, Кекилик-Учар дөбөсүнүн жалпы аянты 8 гектар 80 сотых жерди ээлеп, тегеректеги айылдардын ортосунда жайгашкан. Ушул себептен көп жылдардан бери таштандыларды төккөн жайга айланып калыптыр. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын апрель айында атайын кабыл алган токтому менен ал жерге таштандыны төгүүгө тыюу салынган. Төгүлгөн таштандылардын көлөмүн элестетип көрсөңүздөр, жанагы жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген 1 000 000 сом толугу менен сарпталып, 800гө жакын КамАЗга жүктөлгөн таштанды чыгарылган. Ал эми эстеликтин өзүн курууга кеткен каражатты демөөрчүлөр каржылап, 3 жарым айда Мемориалдык комплекс курулуп бүттү.
- Аксакалдар эмнеге сизге, коопсуздук кызматынын ардагерине кайрылышты?
-Сурооңузга байланыштуу дагы бир нерсеге токтолуп кетейин. 1990-жылдан баштап эгемендүү мамлекет болууга бет албадыкпы. Быйыл 34 жыл болот эгемендүү мамлекет катары таанылганыбызга. Ушул жылдардын аралыгында Чоң-Таштагы “Ата-Бейиттен” саясий репрессиянын курмандыктары болгон жарандарыбыздын сөөктөрү табылды. Эми мына Кекилик-Учар дөбөсүндө көмүлгөн аталарыбызга Мемориалдык комплекс курулду. Ушул эки өкүнүчтүү, каргашалуу окуялардын ортосунда бир окшоштук бар. Экөө тең Совет доорунда жашыруун тема болуп, эч бир жерде ал жөнүндө ачык айтылбаган сыр болуп кала берген. Бирок, “кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет” дегендей, бул окуяларды билген адамдар айтып чыгышты. Бүбүйра Кыдыралиева дагы, Койчуман Мокешов, Өзгөндөгү аксакалдар дагы билген маалыматтарын мамлекетибиздин коопсуздук органдарына кайрылып айтып жатышат. Мунун өзү эмнеден кабарлайт? Эгемендүү Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Конституциядагы өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттери менен катар өлкөбүздүн тарыхында кара так болуп калган окуяларды дагы ачыкка чыгарып жатат. Демек, элибиз мамлекетибиздин коопсуздук органдарына өзгөчө ишеним артууда.
-Аныңыз туура, бирок эмнеге аксакалдар сизге кайрылышты?
- Болбой эле суроону кабыргасынан коюп жатасыз. Жогоруда аты аталган Орозбек Кулмаматович Акимбаев менин агайым болот. Кезинде, 1940-жылдары, атам Ысык-Көлдөн Ош облусуна жолдомо менен барып 40 жылга жакын мугалимдик кесипти аркалап, жаш муундарды тарбиялаган. Мен Кара-Кулжа районунда төрөлүп, Өзгөн районунда чоңойдум, мектепти бүтүрдүм. 1969-жылы комсомолго өтүп, Орозбек Акимбаевдин колунан комсомолдук билетимди алгам. Ал киши райком комсомолдун 1-катчысы болуп иштеп турган убагы болчу. Көптөн бери ага-инидей болуп катышып, кабарлашып турабыз. Ал эми Эргешов Каныбек Эргешович, 2021-жылы Өзгөн шаарынын бир көчөсүнө, көп жылдар бою Өзгөн районунда 1-катчы болуп иштеген ысык-көлдүк белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Жапаров Бейше Жапаровичтин аты берилсин деген демилге көтөрүп чыккан. Ушул демилгени ишке ашырууда экөөбүз таанышып, тыгыз байланышта болуп, ар тараптан көмөк көрсөтүп турдум. Балким ушул себептерден Кекилик-Учар маселеси боюнча мага кайрылса керек. Эң башкысы, Жараткандын буйруганы деп эсептейм.
- Биз билгенден Куршаб түрмөсү жөнүндө маалыматтар жабык тема болуп, эч жерде айтылбаптыр. Бул тууралуу архивден маалыматтар табылдыбы?
-СССРдин учурунда Куршабдагы абак жөнүндө эч бир жерде ачык айтылган эмес экен. “Кекилик-Учар бейитинин” ачылыш аземинде Каныбек Эргешов сүйлөгөн сөзүндө: “Мен Өзгөн районунда исполкомдун төрагасы болуп иштеп турсам дагы бул жөнүндө маалыматым болбоптур”, – деп айтып жатпайбы. Кызыл Сеңир айылынын жашоочусу Абдыманап Зулумбеков, “Койчуман Мокешов аксакал ЮКОСту жетектеп турган учурда мен комсомол комитетинин катчысы элем. Бирок, Куршаб түрмөсү тууралуу эч кандай маалыматым жок болчу. Кийин эле, 90-жылдардан баштап бул жөнүндө аксакалдардан уга баштадык” – деп айтып берди.
Архивдик материалдар жөнүндө сурадыңыз. Эстелик жайдын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Камчыбек Ташиев: «Эч кандай архивдик материалдар табылган жок. Ушул жерде жүздөгөн, мүмкүн миңдеген жалган жалаалар менен түрмөдө отуруп, кордук, зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн аталарыбызга белги коюп койдук, арбактары тынч болсун» – деп айтты. Демек, Куршабдагы абакта канча адам камалып запкы көргөн, канчасы кайра үйлөрүнө чыгып барган, канчасы дайынсыз болуп жок болушканын азыр эч ким так айталбайт. Арадан 80-90 жыл өтүп кетти. Түрмөгө камалгандар жок болду, алардын балдары дагы жокко эсе. Неберелери жана алар курду туугандары билип калган айрым малыматтар гана эл арасында айтылууда. Кыргызстандын архивдеринен, Москвадан дагы маалыматтар табылган жок.
-“Кекилик-Учар бейити” тургузулгандан кийин, куран окуп кетип жаткандар көп болуп жатыптыр. Жакында эле мен барып келдим. Менин чоң атам Айдар да балким ушул жерде көмүлгөндүр деген ойдо...
-Жергиликтүү тургундардын айтуусунда бул жайга мурда дагы ар кайсы жактан адамдар келип, Куршабдын түрмөсүндө камалып үй-бүлөсүнө кайтып келбей калган жакындарына куран окуп, эскерип кетишчү экен. “Кекилик-Учар бейити” ачылгандан кийин андай адамдардын саны көбөйүптүр. Быйыл үй-бүлөм, балдарым, неберелерим, Бишкектеги кудаларым менен Ош жергесинде эс алып жүрүп, 7-майда Мемориалдык комплекске бардык. Ал жерде Базарбай Жаныбеков аттуу жергиликтүү аксакал, жубайы, эки карындашы менен жүрүптүр. Уулкан Жаныбекова деген карындашы Москвада, экинчи карындашы Роза Ош шаарында турушат экен. Атайын зыярат кылып куран окуп кеткени келишиптир. Уулкандын кайнатасы дагы Куршабдагы түрмөгө камалып, кийин бошонуп чыккан экен.
-Чоң-Таштагы “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде сөөктөрү табылып кайра көмүлгөн 137 адамды саясий репрессиянын курмандыктары деп айтышат. Ал эми Куршабдын түрмөсүндө өлгөн, Кекилик-Учар дөбөсүндө массалык түрдө көмүлгөн адамдарды саясий репрессиянын курмандыктары деп атасак болобу?
- Анализ жасап көрсөк, бул түрмөдө өтө оор кылмыш жасабаган, көбүнчө жалган жалаа менен камалган адамдар болуптур деп божомолдоо кылсак болот. Бир-эки мисал келтирип кетейин. Жогорудагы айтылган Жаныбекова Уулкандын кайнатасы Жусупбеков Султан, 1924-жылы мурдагы Совет, азыркы Кара-Кулжа, районунун Карл-Маркс колхозуна караштуу Жылкол айылында төрөлгөн. 7-классты бүткөндөн кийин 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка барып, бир көзүнөн айрылып үйүнө кайтып келет. Келгенден кийин дүкөнчү, мугалим болуп иштеп турганда сельсоветтин төрайымы менен пикир келишпестиктен улам урушуп кетишет. Ушул себептен Куршабдын түрмөсүнө камалат. Өзү абдан билимдүү адам болгондуктан, согушта эрдик көрсөтүп алган медалдарын көрсөтүп, жогору жакка арыз жазып бошонуп чыгыптыр. Согушта алган жаракаттарынан улам 1994-жылы каза болуптур.
“Алга” айылынын жашоочусу Насиев Эрмамат аксакалдын айтуусу боюнча авасы, атасынын улуу агасы, Мырзакулов Сыдык, эл арасында Молдо Сыдык деп айтышчу экен, анткени Самарканддан дин багытында окуп келген. Ал да ушул түрмөгө бир нече жолу камалып чыгыптыр. Күрүч айдап, аны Кытайга алып барып сатып, ал жактан ар кандай буюмдарды алып келип соода-сатык менен алек болчу экен. Кытайга эркин эле каттап турган, колунда бар адам болгон. Куршабдын түрмөсүнө 1930-1932-жылдары 3 жолу камалып, мүлкү конфискация болуптур. Бир күнү түрмөдө кызмат кылган айылдашы Молдо Сыдыкка: “Бул жерден тез арада качып кетпесең сен дагы камаласың, сени камалсын деген кагаз келди”, – деп эскертет. Аялы Базаркүл, 12 жаштагы баласы Раимжан болуп 1932-жылдын сентябрь айында Кашкардан келген соодагерлер менен түн жамынып Гүлчөнүн ары жагынан Кытайга өтүп кетишиптир. Ал жерде бир айга жакын жашап, андан ары Афганистанга өтүп жашап калышат. Эрмамат аксакал 4-класста окуп жүргөндө Афганистандан Сыдык авасынан, “аман-эсен турабыз” – деген кат келиптир. Кезинде бийликтен коркуп, эч ким кайра жооп жазбай, алар менен байланыш болбой калган дейт.
Ушундай фактыларга таянсак, “Кекилик-Учар бейитиндеги” сөөктөрү көмүлгөн адамдарды бир беткей саясий репрессиянын курмандыктары деп айтуудан алыс, этият болушубуз керек. “Эмне үчүн?” – деген суроо пайда болушу мүмкүн. Биринчиден, “Ата-Бейит” сыяктуу далилденген архивдик материалдар табылган жок. Канча адам, кандай күнөөлөр менен камалган, качан өлгөн деп айта албайбыз. Экинчиден, коллективдештирүү (колхоз, совхоздорду куруу), колунда бар бай-манаптарды кулакка тартуу процесстерин турмушка ашырабыз, айыл жерлеринде Совет бийлигин чыңдайбыз деген ураан менен жергиликтүү бийлик органдары элди күчкө салып, зордук-зомбулук көрсөтүп турган заман болчу. Үчүнчүдөн, ошол мезгилдеги коомубуздагы түзүлгөн кырдаалды эске алсак, адамдар болоор-болбос майдачүйдө нерселер менен пендечилик кылып бири-бирине, айылдашына, кесиптешине жамандык кылып, жалаа жаап турушкан.
Демек, мына ушундай абалда Куршабдагы түрмөдө камалып жаткан адамдар көп болгон. Аларга кандай күнөөлөр тагылганын азыр айтуу кыйын. Бир эле адамды камап, чыгарып, кайра камап турган фактылар болгон. Түрмөнүн көмөкчү чарбасы болгон, өздөрүн-өздөрү баксын деп абактагыларды чарбалык иштерге колдонуп турушкан. Ушул жагдайларды эске алсак Куршабдагы колонияда жаткандарды саясий туткундагылар, репрессиянын курмандыктары деп айтуу кыйын.
- “Ата-Бейиттеги” табылган адамдар кадимкидей эле атып өлтүрүлгөндөр, а бул жерде кандай болду экен? Иликтөөңөр натыйжа бердиби?
- Иликтөө учурунда белгилүү болгондой Куршабдын түрмөсүндө камалган адамдардын айрымдары үйлөрүнө чыгып барса, кээ бири оорудан, оор жумуштарды аткарып жүрүп кыйналганынан ошол жерде каза болсо, айрымдары айып тагылып атылып өлтүрүлгөн. Бул тууралуу так маалымат жок, архивдик материалдар азырынча табылган жок.
Дагы бир версия боюнча камоодогуларды цианид менен ууландырып, өлүктөрдү түн ичинде ташып көмүшкөн. Бул версия Койчуман Мокешов аксакалдын сөздөрүнөн келип чыгат. Анын айтуусунда: 1968-жылы ЮКОСко жаңыдан дайындалып иштей баштаганда чарбанын кеңсеси Эски-Покровка айылында, дал биз сөз кылып аткан мурдагы түрмөнүн имаратында жайгашыптыр. Өзүнүн иш бөлмөсү түрмөнүн начальнигинин бөлмөсү экен.
Чоң сейфтин алдыңкы текчесинде бөтөлкөдө цианид, тактап айтканда 2 литр 600 мл. цианиддүү калий бар экен. Райондогу милициянын жетекчиси Жакып Көчөровго кабарлайт. Алты кишиден турган комиссия келип, акт түзүп, бир көчүрмөсүн сейфте калтырып, табылган цианидди алып кетишет.
Арадан убакыт өткөн соң бул жөнүндө райондогу КГБнын жетекчиси Саидкасым Ахмедовго дагы айтып, түрмө жөнүндө, цианид жөнүндө сурап көрөт. Ошондо Ахмедов, Мокешовго: “Бул маселе мамлекеттик сыр иретинде, эч качан эч кимге айтпайсың, айтсаң өлүп каласың”, – деп катуу эскертиптир. Койчуман Мокешовдун божомолдоосу боюнча, айрым учурларда түрмөдө жаткан адамдарды курал-жаракты колдонбой, цианид менен ууландырып өлтүрүп турушкан.
Маалымат булактарынан иликтеп көрсөм, фашисттик Германия Улуу Ата Мекендик согуш учурунда концлагерлерде кармалгандарды ушундай заттар менен массалык түрдө ууландырып өлтүрүшүптүр. Советтер Союзунун учурунда 1938-1953-жылдардын аралыгында түрмөлөрдөгү өлүм жазасына өкүм чыккандарга НКВДнын өтө жашыруун лабораториясында тажрыйба иретинде ууландыруучу заттар колдонулуп турган. Мындай маалыматтар СССРдын НКВД башчысы Л.Бериянын камалып сурак берген көрсөтмөлөрүндө бар.
- Мемориалдык комплекс былтыр кыска мөөнөттүн ичинде курулуп бүттү. Архитектуралык жагынан темасына жараша туура ойлонуп тургузулган. Ачылыш аземи болуп өттү. Эми, аны коргоого алган кандайдыр бир макам барбы? Жакында эле өзүңүз барып келипсиз. Кандай таасир калды?
-Чынын айтсам эстеликтин кийинки тагдыры кандай болот деген суроо жаралып, мени түйшөлтүп келди? Айыл өкмөтү тарабынан жарым ставкага бир адам кызматка алыныптыр. Күндүзү түшкө чейин эки саатка, түштөн кийин эки саатка келип жалпысынан көз салып турганга дайындалыптыр. Отургузулган бактарды сугарып, чөптөрдү чаап жыйнап, тазалыкты камсыздайт экен. Комплекске кире бериш жеринде ага өзүнчө чарбалык эмеректерин коюп, баш калкалоого чакан, узундугу 3 м, туурасы 2 м. болгон контейнер коюп бериптир.
Кезинде куруучулар эстеликтин сырткы беттериндеги мрамор таштарды клейге отургузуп чаптап коюшуптур. Аба-ырайынын температурасы бирде ысык, бирде суук болуп алмашканда, клей кармабай мрамор таштар четинен түшө
баштаптыр. УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен түшүп калган плиткалар кайрадан клейге отургузулуп мурунку калыбына келтирилди. Бирок, көп өтпөй капталдагы плиткалар дагы түшүп калган. Мрамор плиткаларды клейге отургузбай, эстеликтин өзөгү болуп турган арматурага байлап бекитсе алар таптакыр түшпөйт эле.
Тез аранын ичинде ушул маселени эстеликти курган подрядчиктер чечиши керек, антпесе болбойт.
Дагы бир чоң көйгөйлүү маселе бар. Кыргызстандын аймагындагы болгон тарыхый жана маданий эстеликтер өзүнүн даражасына ылайык республикалык же жергиликтүү маанидеги эстелик-деген мартабага ээ болуп, атайын тизмеге киргизилип мамлекет тарабынан коргоого алынган.
1999-жылдын 26-июлунда кабыл алынган “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” №91 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын” 3-статьясында “Элдин турмушунда тарыхый окуяларга байланышкан тарых жана маданият эстеликтери тарыхый-маданий мурас болуп эсептелет” деген аныктама бар. Ушул эле аныктама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 Токтому менен бекитилген “Тарыхый-маданий мурас объектилерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө” Жобонун 1.1 пунктунда берилет.
“Кекилик-Учар бейити” тургузулгандан бери 9 ай өттү. Бирок түштүк жергесинде экинчи “Ата-Бейит” деп эл арасында аталып калган Мемориалдык комплекс азырынча “тарыхый мурас объекти” – деген укуктук статуска ээ болгон жок. Андай тизмеге дагы кирген жок. Же Маданият министрлигине карабайт, же айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген эмес. Деюро дагы, де-факто дагы ээси жок.
“Кекилик-Учар бейити” кыргыз элинин башынан кечирген өкүнүчтүү, каргашалуу окуяларына байланыштуу тургузулду. Ушул себептен Мемориалдык комплекске жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун аныктамаларына ылайык укуктук статус берилип, тарыхый мурастардын тизмесине киргизилип, мамлекет тарабынан коргоого алынышы керек.
- Студиябызга өзүңүз даярдап бир китепти ала келипсиз. Ал эмне китеп? Айтып берсеңиз.
- Жакшы болот. Жогоруда белгилеп кетпедимби май айында “Кекилик-Учар бейитинде” болдук, куран окуп келген Базарбай Жаныбеков аксакалга, карындаштарына жолуктук деп. Базарбай аксакал менен маектешкенде, эстеликке
келип куран окуп кеткендерди көп көрөм – деп айтты. Мындан улам менде ой пайда болду, бул жерге келгендер өздөрүнүн пикирлерин, каалоолорун жазып калтырып кетсе болот турбайбы.
Балким алардын арасында архивден табылбаган адамдар жөнүндө маалыматтар дагы чыгып калат. Ушул максатты көздөп мынабу “Пикирлер жана каалоолор” деп аталган китепти даярдап басмаканадан чыгарттым. Эки нускада, бирөө толуп калса экинчиси колдонулат. Жакынкы күндөрү Өзгөнгө, Эски-Покровкадагы айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Амиракуновго жеткиртип берем. “Кекилик-Учар бейитинде” иштеп жаткан кызматкерине тапшырат. Ал болсо келген адамдарга китепти сунуштап турат.
-Мемориалдык комплекс жердин аты боюнча эле коюлуп калды окшойт? Ошол дөбө эмнеге “Кекилик-Учар” деп айтылып калган экен?
-Кекилик-Учар” дөбөсү коңшулаш Эски Покровка жана Кызыл-Октябрь айылдарынын ортосунда жайгашкан. Кезинде тегерегин калың камыш курчап, жапайы коёндор, башка жан-жаныбарлар, түрдүү куштар, айрыкча, көптөгөн кекиликтер уя салып, байырлап турушуптур. Жергиликтүү тургундардын айтуусунда ушул себептен дөбө “Кекилик-Учар” -деп аталып калыптыр.
- Жыйынтыктоочу суроом болсун: “Кекилик-Учар бейити” жалпы түрмөдө камалып өлгөндөрдүн кабыры болуп калбадыбы. Архивдеги материалдар мындан ары дагы табылбаса, ушул бойдон эле алардын саны, аты жөнү, туулуп өскөн, жашаган дареги белгисиз бойдон кала береби? Же болбосо бул багытта кандайдыр бир аракеттерди жасаса болобу?
- Архивдеги материалдар табылбаганына байланыштуу, Куршабдын түрмөсүндө канча адам камалган, канчасы өлгөн деген маалымат жок, болжолдоп айтууга дагы негиз жок. Бирок, бул жөнүндө маалымат жок деп отурганыбыз болбойт. Кеч болсо дагы камалгандардын болжолдуу санын, алардын аты-жөнүн, туулган, жашаган жерин иликтесе болот. Абакка камалгандардын неберелери, жакын туугандары сөзсүз бар, аларды издесе табылат. Орозбек Акимбаев агай, “Тарых тактары такталууда” деген ырын жазып “Кыргыз Туусу” гезитинин 16-майдагы санында жарык көрбөдүбү. Ошол ырында мындай саптары бар:
“Кекилик-Учар” Ош жеринин мазары,
Камактагы болгондордун азабы.
Көп адамдар жалаа менен камалган...
Качан, кантип тарыхчылар жазабы?
Ушундан улам айтат элем: Алдыда “Кекилик-Учар бейити” тууралуу тарыхчылар изилдөөлөрдү жүргүзүп, жазуучулар, журналисттер даректүү китептерди жазып, тасмаларды жаратышат деп терең ишенем.
Учурдан пайдаланып урматтуу окурмандарга кайрылып кетет элем. Эгерде Куршаб түрмөсүндө камалып, үйлөрүнө бошонуп келген же болбосо түрмөдөн чыкпай, өлгөндүгү жөнүндө кабары жок болуп, дайынсыз жоголгон туугандарыңар, тааныштарыңар тууралуу маалыматыңар болсо ушул маекти уюштурган гезитке же болбосо менин өзүмө билдирип койсоңуздар чоң жардам көрсөткөн болот элеңер. Номурум - 0559-32-14-39.
“Кекилик-Учар бейити” Кыргызстандын түштүгүндөгү ыйык жай болуп калды. Буга чейин мал тебелеп, таштанды төгүлгөн жер болсо, эми Куршаб түрмөсүндө камалып, тагдыры белгисиз болуп дайынсыз жоголгон адамдардын жакындары, мен мусулман баласымын дегендер келип куран окуп, зыярат кыла турган жай болуп калды. Арбактар ыраазы болбосо, арбактар баркталбаса, тирүүлөр даңкталбайт, тирүүлөрдүн иши алдыга жылбайт деп айтылат эмеспи. Эң башкысы арбактар ыраазы болсун! Мындан ары элибизде тынчтык, ынтымак ыроолосун!
Сиздерге дагы ыраазычылык билдирип ден соолукту, бакубат жашоону, чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын!
Маектешкен: Керим АЙДАРОВ,
«Кыргыз Туусу»
(№ 60, 15.08.25-ж.)
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




