БШК шайланган депутаттардын тизмеси качан чыгарыларын айтты
Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун добуштарын саноо жана жыйынтык чыгаруу тартиби боюнча түшүндүрмө берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу (ТИК–ОИК)
1. Мыйзамга ылайык, автоматтык саноочу үкөктөрдүн көрсөткүчтөрү — алдын ала маалымат болуп саналат. Шайлоо тилкелери добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча расмий протокол түзүп, жыйынтык чыгарышат.
Шайлоо тилкесинде жыйынтык чыгарылгандан кийин, 3 календардык күндүн ичинде бул жыйынтыктарды аймактык шайлоо комиссияларына даттанууга болот.
2. Аймактык шайлоо комиссиялары (ОИК) тилкелик комиссиялардан келген протоколдордун негизинде маалыматтарды кошуп, своддук таблица түзүшөт жана округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарышат.
Аймактык комиссиянын округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алган чечимдерин 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанууга мүмкүндүк бар.
Шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо (БШК)
3. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык комиссиялардын протоколдорунун негизинде, добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (14-декабрга чейин), округ боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарат — округдан үч депутатты аныктайт.
БШКнын чечимдерин да үч күндүн ичинде сотко даттанууга болот.
Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы боюнча чечим кабыл алууда, шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурундагы мыйзам бузуу боюнча түшкөн бардык арыз-даттанууларды сөзсүз түрдө карап, ар бирине жеке чечим чыгарат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



