Шайназаров: Кыргызстандын каалаган жеринен шайланууга жана кайсы жерде жүрбөңүз, ошол жерден шайлоого мүмкүнчүлүк түзүлөт

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 9-июнунда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча эмки шайлоолор кандай таризде өтөт, эмне өзгөрүүлөр болду, дегеле шайлоо системасындагы жаңы багыттар тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен маек курдук. 

-Тынчтык Урайимович, жакында президентибиз шайлоо боюнча жаңы конституциялык Мыйзамга кол коюп, ал күчүнө кирди. Сурайын дегеним, алдыда өтө турган шайлоолордун системасы мурдагы шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат?

- Учурдан пайдаланып, босогодо турган эң улуу жана ыйык майрамыбыз – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен жалпы кыргызстандыктарды чын жүрөктөн куттуктап кетким келет.  Бул күн – тарыхый тагдырын өзү аныктаган элибиздин эркиндигин, биримдигин жана мамлекеттүүлүгүн тастыктаган улуу күн. Ар бир жараныбызга тынчтык, бакубат жашоо, ишеним жана өсүпөнүгүү каалайм. Мамлекетибиз туруктуу өнүгүп, элибиз ынтымакта жашай берсин. Ооба, үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Президентибиз Садыр Нургожоевич  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы конституциялык Мыйзамга кол койду. Жаңы кабыл алынган мыйзамдын талабына ылайык өлкөбүздө 30  көп мандаттуу округ түзүлөт. Келээрки Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосун 30 округга бөлүп өткөрүүнүн негизги принципттери шайлоочулардын саны, аймактардын географиялык шарты эске алынат. 1-августка карата Кыргызстандын шайлоо укугуна ээ жарандардын саны 4 миллион 247 миңди түздү. Аны 30 округга бөлсөк 141,500дөн шайлоочу туура келет.

-Отуз округга кандай шартта бөлүнөт  же бөлүндүбү?

-Өлкөнү көп мандаттуу 30 округга бөлүү мыйзамдын талабы. Албетте, эл жыш жайгашкан райондор өз алдынча округ болсо, калкы аз аймактар бириктирилет. Бирок, мыйзамда 20% чегинүү мүмкүнчүлүгү каралган. Шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт. Өзгөчө тоолуу, жетүү кыйын болгон аймактарда округдардын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулат. Ошондуктан, кичи райондордон да депутат шайланууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми аны кандай шартта бөлүү жол-жобосунун мыйзамда так көргөзүлгөн ченеми бар. Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүү баюнча Президенттин жарлыгы чыккандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын түзөт жана бекитет.

-Республика боюнча Жогорку Кеңешке 30 округдан үчтөн депутат шайланса, квота, гендердик теңчилик боюнча маселелер кандай чечилди?

-Элибиз эң негизгиси ар бир округдан 3 гана талапкер Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланаарын, бир гана талапкерге добуш бере алаарын эстен чыгарбоолору тийиш. Бир сөз менен айтканда, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоосундай 3,4,5 талапкерге добуш бере алышпайт.

Квота, гендердик теңчилик боюнча айта турган болсок, “бир округдан сөзсүз бир аял киши депутат болот” деген түшүнүк туура эмес. Мисалы, бир округдан шайлоого катышкан шайлоочулардын эң көп добушун 3 аял талапкер алса, алар менен ат салышып жаткан эркек талапкерлердин көп добуш алганы, үчүнчү депутат болуп шайлана алат. Ошондо Жогорку Кеңешке 30дан кем эмес аял же эркек депутат болуп шайланып келет. Албетте, жаңы мыйзам аялдарга бир топ артыкчылыктарды берет. Талапкерлер арасында аялдардын катышуусун камсыз кылуу боюнча конституциялык нормалар бекитилди. Бул - башка көптөгөн өлкөлөрдө жок өзгөчө мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Кыргызстанда аял шайлоочулардын саны да бир аз жогору. Демек, алар саясий процесске активдүү тартылышы керек. Бул мыйзам аялдардын коомдук-саясий турмушка кеңири аралашуусуна өбөлгө түзөт.– Шайлоонун дагы бир олуттуу маселеси - бул шайлоочулардын катышуусу.

Бул жагынан кандай жаңы механизмдер каралган?- Бул жаатта биз олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизип жатабыз. Мурун жарандар каттоосу бар жеринде гана добуш бере алчу. Эми жаңы программалык камсыздоо аркылуу ар бир Кыргызстандык жаранга каалаган аймактагы шайлоо участкалардан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жөнөкөй тил менен айтканда, сиз кандайдыр бир себептер менен каттоодо турган жериңизден тышкары жүрсөңүз,  шайлоо күнү эң жакын шайлоо учаскасына паспортуңузду көргөзүп эле добуш берүү мүмкүнчүлүгү боло турган шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Чет элде убактылуу жана туруктуу жашап жаткан жарандарыбыз үчүн дагы ушундай шарттар түзүлөт. Шайлоо күнү жарандарыбыз Америка же Москвада болобу, каалаган шайлоо участкасына келип добуш бере алышат. Мындан тышкары, “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда, ошондой эле ири авто жана соода базарларда (“Дордой”, “Аламүдүн”, “Орто-Сай”, “Ош”) шайлоо участокторун ачуу пландалууда. Бир сөз менен айтканда, шайлоочулар каякта болбосун, каякка кетип жатышпасын жогоруда айткан  документ менен туруктуу жашаган аймактан аттанып жаткан өзү тандаган талапкердин бирөөсүнө добуш берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Мунун максаты шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана катышууну жогорулатууга багытталган.

-Жаңы мыйзамда талапкерлерге коюлган талаптарда кандай өзгөрүүлөр бар?

-Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоону өткөрүү күнүнө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, мамлекеттик тилди билген, депутаттыка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында акыркы 5 жылдан кем эмес өлкөнүн аймагында туруктуу жашаган, соттуулугу жок Кыргыз Республикаснын жараны өлкөнүн каалаган 30 округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Мындан тышкары, талапкерлерге кошумча чектөөлөр да киргизилген. Маселен, дин кызматкерлери кызматын токтоткондон кийин 5 жылдын ичинде дин менен байланыштуу ишмердикти жүргүзбөшү керек. Ошондой эле, кылмыштуу топторго катышы бар адамдар талапкер катары шайлоого катыша албайт. Бул чаралар депутаттыкка таза, коомдук ишмердүүлүгү таза адамдардын келишин камсыз кылуу максатында киргизилди. Ошону менен бирге талапкерлерден 300 миң сом шайлоо салымы талап кылынат жана бул сумма мамлекеттик казынага түшөт. Мурдагы шайлоолордо бул сумма 100 миң сомду түзчү жана ал белгилүү шарттарда кайтарылып берилчү.

-Угушубузча, бюллетендерди алдын ала баспай, шайлоо күнү басып чыгаруучу аппарат колдонулат экен?

-Ооба, принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (ПИТ) аркылуу бюллетендер автоматтык түрдө шайлоочу, шайлоого келген учурда басылып чыгарылат. Мурун миллиондогон бюллетендерди басып чыгарып, андан кийин жараксыз деп жок кылуу чоң чыгымга алып келчү. Ар бир участокко бюллетендер атайын күзөтчүлөрдүн, МАИ кызматынын коштоосунда жеткирилчү. Жаңы система аркылуу коопсуздук, ыкчамдык жана үнөмдүүлүк камсыз болот.  Бул аппарат бир нече кызматты бир учурда аткарат. Ошондой эле АЭУлар (автоматтык эсептөөчү урналар) жаңыртылып жатат. Азырынча 5800 АЭУга техникалык тейлөө жүргүзүлдү. Калган жабдууларды да жаңыртуу иштерин улантып жатабыз.

-Партиялардын ролу жаңы системада кандай болот?

-Партиялар дагы өз талапкерлерин 30 округ боюнча сунуштай алышат. Бирок, мурдагы партиялык тизме системасында коррупциялык көрүнүштөр көп болгонун жашырбашыбыз керек. Бул элдин ишенимин жоготкон көрүнүштөрдүн бири. Жаңы система болсо элдин түз добушу менен шайланган өкүлдөрдү камсыз кылат. Себеби, депутаттардын негизги функциясы бул - өкүлчүлүк. Ошон үчүн Кыргызстандын райондорунан, региондорунан өкүлчүлүк болушу керек. Жаңычылдык бул аракеттер өкүлчүлүктүн калыстыгын жана аймактык тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган чоң кадам.

-Тынчтык Урайимович, сөз соңунда шайлоочуларга эмне демекчисиз?

-Шайлоо – бул жөн гана бюллетень толтуруу эмес. Бул - ар бир жарандын өзүнүн келечегине түздөн-түз таасир эте турган чечими. Кээ бир мамлекеттерде шайлоого катышпаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Мисалы, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө добуш бербеген жаранга айып пул салынат. Бизде андай милдеттүү талаптар жок. Бирок, жарандык парзыбыз бар, ал шайлоого катышуу. Себеби, шайлоо беш жылда бир келет, бул өлкө тагдыры чечилчү учур.

Сиздин бир добушуңуз өлкөнүн өнүгүшүнө, мыйзам чыгаруу процессине, жарандардын укуктарын коргоого, социалдык турмуштун сапатына чоң таасир берет. Ошондуктан, ар бир шайлоочуну шайлоолордо активдүү болууга чакырып кетет элем. Себеби, мамлекетибиз бир, келечегибиз бир, максатыбыз жалгыз – ал мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсү, мыйзамдуулук жана жарандар үчүн адилеттүү коом түзүү.

Маектешкен: Азамат Дүйшөнбай уулу, Чүй облустук "Чүй баяны" гезитинин башкы редактору.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз