Иран Коргоо министри, КСИР, Башкы штабдын жана Коргоо Совети башчыларынын каза болгонун тастыктады
Ирандын Тышкы иштер министрлиги жогорку даражадагы төрт аскер жетекчисинин каза болушуна байланыштуу көңүл айтты.
Ведомство Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы Мохаммад Пакпур, Башкы штабдын жетекчиси Абдольрахим Мусави, коргоо министри Азиз Насирзаде жана Коргоо кеңешинин катчысы, адмирал Али Шамхани каза болгонун ырастады.
«Тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз кайрылуусунда сүйүктүү Ираныбыздын намысы жана коопсуздугу үчүн күрөшкөн каарман командирлер менен жоокерлердин каза болушуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты», — деп айтылат Иран ТИМинин Telegram аркылуу жарыяланган басма сөз билдирүүсүндө.
28-февралда АКШ жана Израиль Иранга каршы аскердик операция баштаган. Анын максаттары катары Ирандагы бийликти алмаштыруу, өзөктүк программаны токтотуу, ошондой эле ракеталык мүмкүнчүлүктөрдү жана деңиз флотун жок кылуу көрсөтүлгөн.
Кол салуунун натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза тапкан. 1-мартта Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчиси да набыт болуп, анын ордуна жаңы командачы болуп Ахмад Вахиди дайындалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


