Ош: Ак-Буура дарыясынын жээгин бойлой 7 чакырым жерге сейил бак курулат
4-март күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Ак-Буура дарыясынын жээгине рейд жүргүздү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө калаа башчысы дарыянын эки жээгин комплекстүү өнүктүрүү боюнча маанилүү тапшырмаларды берди. Анын алкагында 7 чакырым веложол жана тротуар куруу, ошондой эле 10 гектардан ашуун аймакты көрктөндүрүп, жашылдандырып, заманбап парк жана скверлерди куруу боюнча тапшырмаларды берди.
"Аталган долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, айлана-чөйрөнүн көркүн арттырууга жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат", - деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


