Ошто коңшу өлкөнүн жаранынан 1 кгдан ашык синтетикалык баңгизат табылды
Баңгизат кылмышына шектүү кармалганын 27-февралда Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаары жана Ош облусу боюнча Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери коңшу мамлекеттин 2006-жылы туулган Л.Я.Д. аттуу жаранды кармашкан. Анын сумкасынан 1 килограммдан ашык синтетикалык баңгизат табылган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча каттоого алынды.
Тергөө иштеринин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


