Ташиев Түлеевге: Долбоор шаардыктардын маселесин чечиши керек, сиздин жеке маселелериңизди эмес

 Министрлер кабинетинин төрага орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанында курулуп жаткан курулуш объектисине барды, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

Ташиев Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеевге кайрылып: «Долбоор шаардыктардын маселесин чечиши керек, сиздин жеке маселелериңизди эмес», – деп айтты.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 8-декабрда Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшыруусуна ылайык Чүй проспектисиндеги курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Соцтармактарда Чүй проспектиси боюнча ЦУМ жана ГУМ соода борборлорунун бойлой соода аянтчаларынын, унаа токтотуучу жайлардын жана коомдук транспорттук токтоочу жайлардын курулушу талкууланып жатат.

Окуяга байланыштуу УКМК төрагасы жерине барып, кырдаал менен таанышкандан кийин жолдун бөлүгүн тарытып жаткан жол боюнда орнотулган конструкцияларды жана аялдамаларды дароо алып салууну тапшырды. Ошондой эле, ал Курулуш министрлигине, шаар мэриясына жана башка жооптуу органдарга борбордогу транспорт кыймылы үчүн абдан маанилүү болгон жолду кыска убакытта калыбына келтирип, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү милдеттендирди.

«Муну менен бирге, курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду кайра калыбына келтирип, инфраструктураны тартипке келтирүү боюнча милдеттемени алып, жумуштарды тез арада бүтүрөбүз деп убада беришти», – деп кошумчалашты УКМКдан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз