Алимбек Датканын 225 жылдыгы: санжыра, эстелик жана мурас

 


«Санжыра бул элдин улуттук эн тамгасы жана аны таануу белгиси.»

Чыңгыз Айтматов


Ассалоому алейкум жалпы Кыргыз эли-журтум, Журт жакшылары, туугандарым!

Мен, Кыргыз Республикасынын жараны катары, азыркы Кыргызстаныбызда болуп жаткан зор өзгөрүүлөрдү колдоо менен Тилеке баатырдын урпагы Алимбек Датканын тууганы катары, тарых үчүн өз кулагым менен уккан санжыра тарыхты айта кетейин. Азыр мен Пайгамбар жаштан өткөн курактамын убагында Совет доорунда тарбияланып, өзүбүздүн санжыра-тарыхты кулак тое укпай чоңойдук. Ошондой болсо дагы ыраматылык чоң энем Батмадан (Төлөйкөн уруусунун кызы) уккандарымды айтып берейин.

Батма айтылуу төлөйкөндүк чыгаан партиялык жетекчи Түмөн Маматовдун бир тууган эжеси болгон. “Эр тайын тартат”,-дегендей атамдын Сулайманов Алибайдын мүнөзү да катаал ишке абдан так элге дегенде ичкен ашын жерге таштаган, ошондой эле колу ачык меймандос болчу. Окугула деп көп айтчу. Билимге умтулган адамдарды колдочу. Раматылык чоң энебиз Батма биздин турмушубузда чоң роль ойногон биздин окуганыбызга абдан сүйүнчү: “чоң болсуңар”,-деп.

"Аккан арыктан суу агат силердин түбүңөр бек",-деп чоң атамдын кошокторун санжыраларын айтчу. А неберелеринен мен гана кулак салчу экем. Ошол үчүн мага көп айтса керек, ошол үчүн менде санжыра-тарыхка кызыгуум ошондонбу деп ойлойм.

“Тилекеден сегиз бек,

Телегейи тегиз бек.

Бабалары байыртан,

Болуп келген тегиз бек.

Астанасы Алтын бек,

Эн кенжеси Ажибек.”

деген энем чоң атаңдын кошогу деп, кулакка акырын айтчу. Көрсө ал 17-кылымдардан бери айтылып келе жаткан элдик кошок ал Совет доорунда тыюу салынганын кийин билдим.

Ошол азыркы Папан суу сактагычынын алдында калган Татар айылыбыздын ортосунда жол боюнда чоң чыныр теректин жанында “Шейит дөбө” деп аталчу мазар бейит бар эле. Ары-бери өткөндө жерге олтуруп, дуа окуп жүр деп айтчу чоң энем. Ал жерде 1937-жылдары Көк-Бел жана Папан өрөнүндөгү бей-күнөө кулакка тартылган, Совет бийлигинин душмандары деп күнөө тагылган адамдарды чогултуп, түнү ошол жерге өздөрүнө ор каздырып, аттырып, ал жерден чала өлгөн адамдардын онтогон үндөрүн, 10-15 кунгө чейин угулуп турганын, кары-картаң, чал-кемпирлерден укканым бар. Чалмурза бир тууганы Ажибий менен "Кокон кагылышта" каза болгондон кийин, анын бийлигин Алай жана Папан тоо уруулары Кокон ханыгына кошулганга чейин өрөөнду Мөкө бий андан кийин Нуркут баатыр уланткан. Биздин Папан өрөөнүнөн Кокон хандыгында кызмат өтөгөн акыркы муундар Тилеке уруктарынан Качыбектен Бозтай миңбашы (Папан Баргы) Чалмурзадан (Татар) Ормон уулу Ысмайыл амин жана Кудайберди уулу Козубай болгон. Алымбек Датка-Бозтай миңбашы Ысмайыл Амин ата-теги Тилеке уруктары уруусу мырза Баргылар. Кудайберди уулу Козубайдын малы коп болуп, өмүрүнүн көпчүлугүн Алайда өткөзүп, Алайчы, Каржаады жана Жаан деген (Раматылык Жаан менин Авам Жаныбайдын кемпири мага чоң эне болот) эки уулдуу бир кыздуу болгон, алар Алайда төрөлгөн деп энем айткан.

Ысмайыл-Аминдин да кичи Алайда Ак-Буура дарыясынын Алай тарабында жайлоосу болгон деп айтышчу. Булар үчөө тең Алайда жылкы жашырган Кашкарга каттаган Алымбек Датканын балдары менен байланышы бар деген жалаа менен кулакка тартылган. (Ал эми Эргеш (амин) Алыкулов сельсовет болгон жергиликтуу эл журт башкарган адамды эскиче эле "амин" деп аташканынан болсо керек). Андан кийин 1950-60-жылдары менин авам Жаңыбай Сулайманов жана Жумабай Уларов Алайда элдин малын алып айлап жайлоодо жүрүшчү экен. 1972-76-жылдары ошол убактагы "Кеңеш" совхозунун 2-чи бөлүмү Папан бөлүмүнүн башкармасы Осмонбек Турдубаев жана менин авам Аманбай Сулайманов экөө эки атты минип алып, ата-тегибиздин жери деп, Алайды түрө кыдырып келишкен экен. Аны раистин улуу баласы Турдубаев Нурбай агам айтып олтурат.

Чоң атам убагында Папан өрөөнүнө Сулайман чал, а Татар айлында Сулайман-суу башы деп таанылган. Өмүрү өткүчө суу алыштын башында чакан Тектир айылында жашап 1961-жылы каза болгон. Туулган жылы белгисиз, өзүбүздүн Татар уругунун ата-конушу Гээденде төрөлүп, атасы Шерматтан эрте жетим калып, энеси Каратайга турмушка чыгып өгөй атага батпай, тай журту Шилбилүүдө чоңоюп жаштайынан жетимчиликти көп тартып, тың-чыйрак, колу эптүү, уста болуп өскөн. Элдик дастандарды "Ак Дилмиш менен Көк Дилмиш " байыркы Баласагын дастандарын, элдик кошокторду айтчу экен. Ыр-күүгө жакын тамашакөй теңтуш достору аны дайыма күйөө жолдош кылып ээрчитип жүрүшчү дешет. Анча мынча жерде сөздү сөөкө жеткизе сүйлөчү экен. Өзү иштеткен тегирменине дааратсыз адамдарды киргизчү эмес дешчү. Өз динин өтө катуу тутчу экен. Айтылуу Курманжан Датка Оштон Алайга кайтканда жаш балдар аны ээрчишип чуркашчу экен. Датка жаш балдарга шириндиктерди чачканда баары жабалактап жерден теришип Датканы ээрчий чуркашчу экен.

Бир жолу Датканын атынын такасы түшүп, ошол Тектир айылдын астында чоң арыктын боюнда устакана болчу дешет. Чоң атам ал кезде бир топ чоңоюп калган курагы экен, аттын такасын келиштирип, мыкты такалап бергенби, датка жигиттеринен атайылап суратып, ким такалады деп раматылык тартынчаак уялып турган окшойт, тетиги кара бала деп жигиттери чоң атамды датканын астына алып келишет. Ошондо датка чын дилден ыраазы болуп, батасын берген экен деп чоң энемдин айтканы эсимде.

Эс тартып чоңоюп калган курагында сокмо дубалды өтө сонун урчу дешет. Ошол Тектир айылынын астында жол боюнда өзу үй салган үйү 1976-жылдарга чейин турган ошол үй ошол замандын алдынкы салынган там дешчү. Устачылык кылып Көк-Белге тайлары менен барып, андан ары Ноокатка чейин өтчү экен. Энем мага тообо, чоң атаң Ноокаттан туугандарымды таптым деп айтып калчу кээ-кээде деп айткан. Анан Ноокатта кайсы жакын тууганы бар экендиги анда мага табышмак бойдон калган болчу. Көрсө Чалдан тарагандар Ноокаттын Кара-Ташына да баргы туугандары менен жашап калышкан экен. Жамгыр жаап сел жүргөндө суу алыштын башына жүгүрчү экен. Татар айылы суусуз калат деп энем айткан.

Ак-Буура дарыясына көпүрө салган. Дарыядан Татар айлына кеткен арыкка ошол өрөөндөгу эң алдыңкы тегирмен салган. Аны 1961-1975-жылдарга чейин тайы Көкчө иштеткен экен. Раматылык атам Алибай Сулайманов жаштайынан чыйрак өсүп, Кеңеш совхозунда көп жылдар бригадир (жүгөрүчүлүк боюнча) 13 жыл катары менен жогорку көрсөткүч менен иштеп, 1978-жылы Кеңеш совхозу экиге бөлүнүп, Папан совхозуна башкарма болуп шайланган. Ал кызматы өзүнө минус болгонун, Кара-Суу районунун партиялык борбору аттиң, дагы эки жыл бригадир болуп иштегениңизде, Социалисттик Эмгектин Баатыры болмок экенсиз (15 жыл толук бир тармакта жогорку көрсөткүчкө жетишкен адам гана ушундай наамга ээ болчу) деп айтышты деп өкүнгөнү эсимде. Ошондой болсо да атам "Эмгек Кызыл туу" жана "Элдердин Достугу" ордени жана көптөгөн сыйлык, медалдарды алууга жетишкен. Раматылык атамдан тарых-санжыра сурасам биз Коммунизмге баратабыз, алардын баары эскилик, аны эмне кыласын дечү. Көрсө ал Коммунисттик партия мүчөсү болгон. Ошондой болсо да, кайра-кайра суроо мене

Илгери Тилеке Баатыр болгон ошол биздин Татардын жакын тууганы, анын сөөгү Алайда Чыйырчык жайлоосуна коюлган деп. Бул айтканы мен үчүн күтүүсүз жаңылык болгон:

Тилеке баатыр атама

Тикелеп күмбөз курабыз

Тирилип келген сыяктуу

Тигилип карап турабыз

Тилекенин айкелин Чыйырчык жайлоосуна тургузууда Ош шаарынын мурдагы мэри М.Мырзакматовдун колдоосу менен Татар уругунан, ошондогу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Улукбек Матисаковдун жетекчилиги астында айкел тургузулган.

2011-жылы насип кылып, биздин Татар уруктары да көп жылдан бери Жапалак айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп иштеген Тагай Салиевдин уюштуруусу менен санжыра тобу түзүлүп, Каримжан Сатыбалдиевдин жетекчилиги астында А.Куттубаевдин 1960-жылдары жазып калган блокнотундагы (кагаз дептер) Татар уругунун санжырасына улап, 2011-жылы июль айында санжырабыз жазылып, Чыйырчык жайлоосунда боз үй тигилип, жылкы союулуп, жалпы Баргы уруусу катарында мааракени абдан сонун өткөздүк. Барынан да алайлык туугандарыбыздын конокторго бизге кыргыз салтын жандандырып бекер кымыз сунгандары ичиргендери тууганчылык мамилелери эч эстен кетпейт.

Илгертен эле аталарыбыз биз Адигинеге кошулабыз деп келишкен. Илгери Совет Папан баргы аксакалдары булар бизге кошулчу эле кайдан жүрүп, Татар болуп калды дешкенин да уккандар бар. Бул фактылар да Татар уруусунун Адигине тобуна кирээрине далил. Бул фактыларды эмне үчүн айтып жатам, кыргыздын биринчи санжырасын кагазга түшүргөн Осмонаалы Сыдык уулунун (Албетте пенде баласы да адашкандыр, Жетигенди Саякка кошуп, ал эми Тобой уруусу такыр жок ж.б. аны "Манас ордо" комплексинин жетекчиси А.Усупбаев "Кыргыздын кыскача тарыхы" китебиндеги санжыра тарых менен кыргыз тарыхынын коошпогон жактары арбын (өтө көп) деп айтканы бар) жана Тилеке балдары Татар жана Букурду Мунгуш уруусуна кошуп жазганын "чала молдо дин бузаар" болуп, чоң тарыхчы чала санжырачыбы андан көчүрүп жаза беришкен жана таратышып келе жатат жана "Өздөн чыккан жат жаман", "Кой аксагы менен жүз" дегендей, андай адамдар да жок эмес, пендебиз да адашабыз.

Көч бара-бара түзөлөт дегендей, азыр интернет тармагы бар, сын-пикир тактоолорду жазып билдирүү менен жалпы Баргы санжырасы ошонун ичинде Татар уругунун санжырасы такталып Кыргыз эл жазуучусу С.Жетимишевдин 2023-жылы "Баргылар" аттуу чоң санжыра-тарых китебине Тилеке уругу Чалмырза (татар) болуп кирген. (Татар ат татар улутуна да өлкөсүнө да байланышкан эч кандай тарыхый далилдер жок). Менин жеке изилдөөмдө жалпы Кыргыз урууларында жана Баргы уруусунда сырткы көрүнүшүө карап эркелетип ат койула берип кош аттуу уруктар өтө көп экен. Мисалы Сары, Орус, Татар, Тажик, Кытай ж.б. А Татардын энчилүү аты Чал (чалдай өмүрлүү болсун деп ата-энесинин койгон аты 17-18-кылымдарда Чал аябай көп тараган ысым) ал Тилекенин сегиз бек баласынын бири болгондуктан жана аны бек болгондо кичи уруусу Мырза Баргы (титул-наам сыяктуу) болгондуктан, уруусу кошо айтылчу экен, Чал+Мырза=Чалмырза делип. Бул тактоо тарыхчы-санжырачылар менен кошо такталган ат. Ушул салыштырмалуу кичинекей Татар уругунан көптөгөн мамлекетчил жетекчи журт

Совет дооруда алгачкы бизден чыккан эл агартуучу мугалимдерибиз Мадимар Максытов, Арзибай Маматкулов, Найман Орозбаев, Арип Таштанбеков, андан кийинки 60-70-жылдардагы мыкты агартуучуларыбыз Адиш Куттубаев, Жуман Матисаков, Аманбай Сулайманов, Абдилла Сулайманов.

Эл башкарган мыктыларыбыз өткөн: Мамазаир Алаев, Матисак Максытов, Алибай Сулайманов, Осмонбек Турдубаев ж.б.

Улуу ата-Мекендик жана Фин.согушунун ардагерлери:

1.Жумабаев Арзибай ( Совет-фин согушу 1939-1940 ж. (түштүк атчандар полкунун командири, чекист НКВД 1941-1945)

2.Нуриев Маматазим

3.Нуриев Маматаир

4.Ысмаилов Токтосун

Улуу Ата-Мекендик согушунун ардагерлери:

1.Ысмаилов Абакир

2.Маматкулов Арзибай

3.Турдубаев Осмонбек жана башка 16 адамдан ашуун согуштун ардагерлери өткөн.

Буйурса дагы алдыда көп тарых санжыралардын жазылуусуна ишенемин. Ушул тарых макаланы жана Татар уругу санжыра группасын моралдык жактан колдоп бул тарыхый эмгектин келечек муундарыбыз үчүн зарыл экендигин түшүнүп, мени колдоп келе жаткан биздин Ала-Тоодой эки аксакалыбызга Татар уругундагы алгачкы жолу жогорку билимдүү врач-окулист Үсөн Матисаков жана ардактуу мугалимибиз Нурбай Турдукулов аваларыбызга татар уругунун элинин жана жаштарынын атынан, жеке өзүмдүн атымдан терең раазычылык билдирип кетемин.

Азыркы учурда биз сыймыктанган элге таанылган илимпоз инилерибиз бар:

Абидов Абдыкадыр Омарович Техника илимдеринин доктору;

Жусупов Матраим Колдошевич Суу ресурстары боюнча Техникалык илимдердин кандидаты, жазуучу;

Сулайманов Шайирбек Алибаевич Медицина илимдеринин доктору, профессор.

Эми эмне демекчибиз, 11.09.2023-жылы өтүүчү Алимбек Датканын 225-жылдыгын биздин Тилеке баласы Чалмырзанын уруктары да активдүү катышалы. Элибизде ынтымак болсун жаштарыбыз манкурт болбой, санжыра билип, ата-тегин, туугандарын тааный жүрсун!

АСАН БИЙДИН АЛЫМБЕК

ТИЛЕКЕ ӨТӨ ЭР ЭКЕН

ТИЛЕКЕ МЫКТЫ БЕЛ ЭКЕН

БАРАКЕЛДЕ БЕРЕКЕН

ТИЛЕКЕДЕН ТАРАГАН

ӨЗҮНЧӨ БИР ЭЛ ЭКЕН

ТИЛЕКЕНИН ТУРГАНЫ

КАСИЕТТҮҮ ЖЭР ЭКЕН

БААТЫРДЫГЫ ЖАГЫНАН

ТИЛЕКЕ КИМДЕН КЕМ ЭКЕН!

ЖЕТИ АТАСЫ БИЙ БОЛГОН

ЖЕТИ АТАСЫ БАЙ БОЛГОН

БАРДЫГЫ ШАЙМА-ШАЙ БОЛГОН

ЭЛ ЖУРТУ ЖАЙМА-ЖАЙ БОЛГОН

БАШЫНАН БЕРИ БУЛ УРУК

АКЫЛ ЭСКЕ ЖЫК ТОЛГОН

ЧЫКПАГАН ДАЙЫМ АК ЖОЛДОН

АК-БАТА МЕНЕН ЫЙМАНДЫ

АЛЫШКАН ЭКЕН БИР КОЛДОН

АЛЫМБЕКТИ ЧОН КУДАЙ

ЖАЛАН ГАНА БАРГЫ ЭМЕС

КЫРГЫЗГА АРНАП БЕРИПТИР

БУЛ ДУЙНӨГӨ АЛЫМБЕК

КЫРГЫЗ УЧУН КЕЛИПТИР!

Автору: профессор Мусалы Иманалиев

Тилеке уруктары негизинен Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда азыраак санда Кара-Кулжа, Чалмада, Америкада, Өзбекистан, Ооганыстан, Пакистан,Кытайда, Туркияда жашашат.

Тилекеден тарагандар: (Ак Баргы (аксакал), Бий Баргы, Улуу Баргы, Чоң Баргы, Хан Баргы) жалпысынан Мырза Баргы кичи уруусуна кирет.

Баргы эски моңгол сөзүнүн мааниси "чабуулчу". Баргынын эн тамгасы да "Чабуулду" билдирет.

Адигине балдары: Бөрү. Баргы (чабуулчу). Жолжакшы (жору). Бектен (карабагыш) Сарт.

Адигиненин: Баш баласы Бөрү, Бий баласы Баргы, Сый баласы Сарт деп келет санжыра-тарыхыбызда.



Баарынарга оомат каалоо менен,

Сулайманов Кубаныч (Жолдубай) Алибаевич,

Тилеке баатыр урпагы, Алимбек Датка тууганы, Чалмырза (татар) уругунун кош аттуу кулуну Сулайманов Кубаныч (Жолдубай) Алибаевич.

03.09.2025-жыл. Бишкек шаары.


03.09.2025, Бишкек шаары

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз