Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу "Мурас" достук футбол турнири башталды

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча "Мурас" мелдеши башталды, деп билдирди Президенттик администрациядан.

Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң күчтүү командага жеңиш каалады.

Ачылыш аземи Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында өттү. Мелдешке 16 команда катышууда. 

Оюндар эки аянтта: Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Турнирдин катышуучулары:

- Президенттин Администрациянын кызматкерлери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери — “Президенттин командасы”;

- Маданият жана искусство өкүлдөрү — “Өнөр”;

- Сот бийлигинин өкүлдөрү — “Фемида”;

- ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер — “Журналисттер”;

- Спорт федерацияларынын өкүлдөрү, спорт жылдыздары — “Спорт Чеберлери”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын кызматкерлери — «Иш башкармасы»;

- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — “Аймактар”;

- Дин өкүлдөрү — “Ыйман;

- Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери жана медициналык мекемелердин жетекчилери — “Ден соолук”;

- Билим берүү системасынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери — “Билим”;

- Юстиция органдарынын кызматкерлери — «Юстиция»;

— Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери – “Коопсуздук”;

— ИИМдин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү – “Динамо”;

— Прокуратура органдарынын кызматкерлери – “Көзөмөл”;

- Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү “Элчилер”;

- Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана диаспоралардын жетекчилери — “Достук”.

Эртең, 14-декабрда, чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.

Оюндардын түз эфирлери УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдарынан, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардан көрүүгө болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз