"Калыстар өнүктүрүп жатабы же өлтүрүп жатабы?": "Талант" клбунун нааразычылыгынан кийин футбол калысы 10 оюндан четтетилди
Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) Калыстар комитети Санжар Жакыпбековду (калыс) жана Нураалы Абдунабиевди (калыстын ассистенти) 2025-жылкы Кыргыз Премьер-Лигасынын беттештеринен чететтүү чечимин кабыл алды.
Бул чечим 2025-жылдын 9-турунун алкагында өткөн «Талант» — «Алай» беттеши боюнча КФС Калыстар комитетинин эксперттик-аналитикалык тобунун корутундусу жана аталган оюн инспекторунун рапортуна негизделди.
Бүгүн, 2025-жылдын 15-майында, Бахадыр Кочкаровдун төрагалыгы алдындагы КФБнын Калыстар комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга комитет мүчөлөрү, КФБнын жетекчилигинин өкүлдөрү катышты.
«Калыстардын тартип кодексинин» II бөлүмүнүн 2.3-пунктунун 5-подпунктуна («Оюндары учурунда калыстардын кетирген катачылыктары — калыс эмес чечимдер») ылайык, төмөнкү чаралар көрүлдү:
- Санжар Жакыпбеков (калыс) — 2025-жылкы Кыргыз Премьер-Лигасынын 10 оюнунан четтетилди жана оюн үчүн эмгек акыдан ажыратылды;
- Нураалы Абдунабиев (калыстын ассистенти) — 2025-жылкы Кыргыз Премьер-Лигасынын чемпионатынын аягына чейин четтетилди жана оюн үчүн эмгек акыдан ажыратылды;
- Жакыпбеков Санжар менен Абдунабиев Нураалы эл аралык мелдештерге эки айга дайындалуудан четтетилди.
Буга чейин Кыргыз премьер-лигасынын 9-турунун алкагында «Достук арена» стадионунда (Чүй ооблусу, Беш-Күңгөй айылы) – «Алай» клубу менен «Талант» клубу кез келген. Оюндун жыйынтыгында Оштун клубу 2-1 эсебинде жеңүүчү аталган. Оюндан кийин «Талант» клубунун башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов «Алай»-«Талант» оюнуна калыстык кылган Санжар Жакыпбеков боюнча өз оюн билдирген.
«Санжар Жакыпбеков «Талант» командасын сүйбөйт. Ачык эле айтып кетейин, буга чейин көрсөтчү эмеспиз анын каталарын. Деңгээли ушул экен, компетенттүү эмес экен деп ойлогонбуз. Бирок, бүгүн ачык көрүндү. «Мурас Юнайтед» менен ойногон оюнда да ушул калыс болчу, анда оюндун 20-мүнөтүндө кызыл айып кагазын биздин оюнчуга берди. ВАРды карабай эле түз эле кызыл кагаз берди. Андан кийин ВАРды карап туруп, пенальти берген жок. Бүгүн болсо келип, 10-мүнөтүндө кызыл кагазын берип жатат. «Алайдын» оффсайттан киргизген голун санап коюшту. Анан биз сурадык, «эмнеге ВАРды карабайсыңар» деп. Алар, «биз линия чийгенди билбейбиз» дешти. Ооба, өсүп жатабыз, өнүгүп жатабыз. ВАР келди. Бирок, өнүккөнүбүзгө калыстар кандай жардам берип жатат? Кыргыз футболуна кандай жардам берип жатат? 2022-жылы ушул эле талаабызда Санжар Жакыпбеков бизге пенальти коюп берчү. «Топ колго тийди» деп. Бирок, топ чыкканактан үстү жакка тийсе, анан ушуну «колго тийди» деп пенальти берчү. Далилдеп, видео көрсөтсөк да, карабайт болчу. Санжар Жакыпбеков «Талант» командасын сүйбөйт.Калыстардын кимисин дайындайт, Санжар Жакыпбековду биздин оюнга койбой эле койсунчу. Ал биздин оюнга дайындалганда биз 9 оюнчу же 10 оюнчу менен чыгалы. Же ойнойбой эле коелу. Санжыр Жакыпбеков болсо футбол талаасында өзүн биринчи көрсөткүсү келет экен. Ошондой деп сезип калдым. Бул эми бизди эле сүйбөйт экен, өткөндө ойлочубуз атаандашыбызга тартып жаткан экен деп, бирок бизди эле сүйбөйт экен.
Дагы бир маселе, Абдыкадыров Нурзатбек «Достук арена» стадиону ачылган учурдагы оюнда биздин дарбазага пенальти берди. ВАР сисемасы болгон, пенальтини карашкан жок. Карай албай коюшту. Билбейм ВАР иштеген жокпу, карашкан жок, трансляциядан да көрсөткөн жок. Экинчиден, жардамчы калыстар жетпей калып, бурч тобун көрсөтүп коюшту. Бурч тобу болгон эмес болчу. Ошол кырдаалдарды эске алып, суроо да: кыргыз футболун өнүктүрүү үчүн калыстар эмне кылып жатышат азыр? Ушул калыстар, өнүктүрүп жатабы же өлтүрүп атабы? Биз бул оюнга бир жума даярдандык. Датчиктерди колдонобуз, кээ бир футболчулар даярдык учурунда 50 км чуркап жатышты. Калыстар бул жумада эмне кылышты? Каталарын карадыбы, же жокпу? Каталарын карап жатышса, эмне ар кайсы оюнда бир эле каталарын кайталай берет? Биякта чуркап жетпей калат, тиякта чуркап жетпей калат, физикалык даярдыктары кандай? Бир эле калыстар келип, бир эле каталарды кылышат. «Оффсайтты көрбөй калдык, пенальтини көрбйө калдык» деп. Анда ВАР неге керек? ВАРды колдонгонду билбесе, ошондон эми биз соц.баракчаларыбызда калыстардын каталарын көргөзүп турабыз»,- деген ал.
"Алай" менен "Таланттын" оюну төмөндө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.