Президент Жапаров Кыргызстанда 100 МВт кубаттуулуктагы биринчи күн электр станциясын ишке киргизди

Бүгүн, 24-декабрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кемин районунда жайгашкан өлкөдөгү алгачкы күн электр станциясын ишке киргизди.

Күн электр станциясынын кубаттуулугу 100 мегаваттты түзөт. Объект Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан.
Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, инвесторлор жана жергиликтүү тургундар катышты.

Долбоордун инвестору — «Этернал Энергия» жоопкерчилиги чектелген коому болуп саналат.

Маалымат үчүн: Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компаниянын жетекчиси Ма Вэньцзюнь. Ал эми негиздөөчүлөрү — «Яньань ЦзюЦзю фотоэлектрическая компания» ЖЧКсы, «Чжэшуй Кыргызстан инвестициялык компаниясы» жана «Чжэцзян Цзяннэн Строй» компаниясы. Компания 2024-жылы түзүлгөн, ал эми кайра каттоодон 2025-жылдын 27-октябрында өткөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз