«Мейкин Азия»: Ысык-Көлдү дүйнөлүк жылдыздар менен жарык кылган фестиваль

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Мейкин Азия» популярдуу музыка аткаруучуларынын эл аралык фестивалы быйыл төртүнчү жолу өтүп, дүйнөнүн төрт бурчунан ырчыларды чогултту. Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Босния жана Герцеговина, Аргентина, Франция, Тажикстан, Испания, Румыния, Сербия, Орусия сыяктуу 25 мамлекеттен таланттар катышты. Эл аралык макамы бар фестивалдын калыстар тобуна да ушул өлкөлөрдүн мыкты композиторлору тартылды. Кыргызстандык композитор Ырыскелди Осмонкулов алардын катарында болду. Фестивалга эл аралык аренада ийгилик жаратып, көптөгөн өлкөлөрдөн өз угуучуларын топтогон «Ay-Yola» тобу, ырчы Севак жана дүйнөлүк мега жылдыз Димаш Кудайбергеновдор конок катары чакырылышты.

 
Фестивалдын биринчи күнү
 
Чу дегенде эле фестиваль түрдүү этно маданияттарды камтыган сахналык көрүнүш менен башталып, «Ак булуттар» ыры жандуу аткарылды. Мамлекет катчы Марат Иманкулов жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев фестивалды расмий түрдө ачып бергенден кийин 25 өлкөнүн катышуучулары ирети менен чыгып, алып баруучулар ар бир ырчыны тааныштырды. Аны менен катар ырчылар чүчү кулакта тандалган номурлары менен сахнага чыгышып, өздөрүнүн эне тилдериндеги ырларын аткарышты. Ошентип биринчи күндөгү иш-чаранын фонунда сынакка катышкандардан сырткары, кыргызстандык айрым эстрада жылдыздары ырдашты.
 
Фестивалдын экинчи күнү
 
Бул күнү да ырчылар чүчү кулакта тандалган номурлары астында сахнага чыгып, дүйнөгө белгилүү ырларды өзгөчө чеберчилик менен актарышты. Андан кийин армениялык ырчы Севак бир нече ырлары менен кыргызстандык күйөрмандарын кубантты. Андан кийин орусиялык «Ay-Yola» тобу сахнага чыгып, бир катар чыгармаларын тартуулады. Ал постсоветтик өлкөлөрдө популядуулукка жетишкен «Хомай» ырын да аткарды. Аны менен кошо эле башкыр тилинде бир нече этно ырларын аткарып, көрөрмандарга шаңдуу маанай тартуулашты.
 
22-июль күнү мега жылдызы Димаш Кудайберген Чолпон-Атага келди. Аны ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев жана КР Маданият министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышты.
 
Казакстандын атын дүйнөгө тааныткан атактуу ырчы 2013-жылы Кыргызстан өткөргөн “Мейкин Азия” фестивалынын биринчи баш байгесин жеңип, алгачкы эл аралык ийгилигине дал ушул Ысык-Көл жээгинде жеткен. Андан бери он эки жыл өтсө да, Димаш Кыргызстанга, фестивалга жана бул жердеги күйөрмандарына өзгөчө ыраазычылык менен мамиле кылып келет.
 
“Димаш өзүнүн жүрөк сүйгөн ырларын кыргыз-казак элинин түбөлүк достугуна арнап, "Мейкин Азиянын" сахнасынан жүрөктөргө нур чачат. Ал дүйнөнү багынткан таланты менен кыргыз элине болгон урматын дагы бир жолу көрсөтүп жатат”, — деди Раев.
 
Фестивалдын жыйынтыктоочу күнү
 
Фестиваль башталган учурда ага президенттин катышуусу белгисиз эле. Бир нече күн мурун Монголиянын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген болчу. Фестивалдын жыйынтыктоочу күнүнө Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти келип, ардактуу конок болушту. Бул күнү фестиваль өзгөчө шаан-шөкөт менен уланып, монгол өнөрпоздору чогулган элге өз өнөрлөрүн тартуулап, айлананы шаңга бөлөдү.
Анын менен катар жеңүүчү болгон ырчылар өздөрү сүйгөн композицияларды аткарышты.
 
Калыстар тобунун берген упайларынын жыйынтыгында байге ээлери аныкталып, сертификаттар тапшырылды. Жыйынтыгында, Македония өлкөсүнүн катышуучусу Полина Тасева, Түркия Республикасынан келген Еже Ата жана Өзбекстандан келген Тажиев Тулкин 3-орунду ээледи.
 
Экинчи орунга КаМир (Кыргызстан)  Виталий Дроб (Беларусь Республикасы) ээ болушса, 1-орунду кыргыз аткаруучусу Урмат Сатыбалдиев алды.
Урмат Сатыбалдиев
 
Бул арада Димаш Кудайберген сахнага чыгып, күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулады. Анын келерин билген күйөрмандары Чолпон-Ата ипподромун толтурушту. Димаш өз репертуарындагы бир нече ырларды аткарды. Ал орус композитору Игорь Крутойдун "Любовь уставших лебедей" композиясын аткарганда, күйөрмандары аны менен кошо ырдап турду. Ошентип Димаштын бул “кичи концерти” да аншлаг менен өттү.
 
Бир нече күн мурун жергиликтүү ЖМКлар Димаш Кудайберген “Мейкин Азия” фестивалында гонорардан баш тартканын, анын бул кадамы кыргыз-казак элинин достугу үчүн экенин жазышкан.
 
Фестивалдын жүрүшүндө алып баруучулары президенттин өзгөчө жарлыгын тааныштырышты. Арийне, Димаш Кудайберген Садыр Жапаровдун жарлыгы менен “КР Эл артисти” наамына ээ болду. Казакстандык мега жылдыз бул үчүн президентке ыраазылыгын билдирип, сыйлыкты аванс катары кабыл аларын айтты.
 
Ошентип фестиваль өзүнүн кульминациялык учуруна жетип барды. Алып баруучулар гран-прини тапшыруу үчүн сахнага Мамлекеттик катчы Марат Иманкуловду, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевди чакырышты. Алгач гран-принин ээсинин жогорку чыгармачылыгын белгилешкен алып баруучулар баш байге ээсинин ысымын аташты. Ал румыниялык ырчы айым Стынчуляша Мария-Диана болду. Ага башге байгени туюндурган статуетка жана 8 миң АКШ доллары тапшырылды.
 
Күн мурун бай байгени алган ырчыга 8 миң АКШ доллары, 1-орунду багындырган ырчыга 5 миң АКШ доллары тапшырылары айтылган эле. Ошентип үч күн бою уланган фестиваль аягына чыкты.
 
Димаштын маалымат жыйыны
 
Димаш Кудайберген 23-июль күнү журналисттер менен жолугуп, суроолоруна жооп берди.
 
«Кыргыздар — бул бизге Кудай берген бир туугандар! Мен биздин бир туугандык мамилебизге, өз ара урмат-сыйга жана жан дүйнө жакындыкка абдан чоң маани берем. Биздин ортодо чек аралар жок — жалгыз асман, музыка жана чыныгы туугандык сезим гана бар»,-деди ал.
 
Ошондой эле, кыргыз ырларынан кайсыл ырды жакшы көрөрүн да айтты: «Кыргыз элинин укмуштуудай акылман, байыркы музыкасы бар. Мен аны аябай жакшы көрөм жана зор кызыгуу менен изилдеп келем. Ал музыканын ичинде терең маани, күч жана көчмөн рух жашайт. Менин эң сүйүктүү кыргызча ырым — "Күйдүм чок" — бул ыр жүрөктү эзип, көзгө жаш алат», - деди Димаш.
 
Ырчы анын өзүн жана чыгармачылыгын негизсиз сындагандарга да жооп берди.
 
«Хейтерлер дейсиңерби? Мен хейтерлерди жакшы көрөм. Алар мени алдыга түртөт, өсүүгө мажбурлайт. Акыл-эстүү адам катары айта кетейин, бул сыйлык мага жөн эле ырдаганым үчүн эмес же кыргыз элинде популярдуу болгонум үчүн берилген эмес. Бул — элдерибиздин достугуна болгон урмат. Хейтерлер канчалык аракет кылбасын, бул достукту эч качан бузалбайт»,-деп жооп берди.
 
Мындан сырткары, ал музыкага кызыгып калуусунун себеби анын чоң энеси болгонун белгиледи.
 
«Учурдан пайдаланып, апама терең ыраазылык билдиргим келет. Чынында ал менин чоң энем, бирок бизде улуураак балдарды чоң ата-чоң энелерге тарбияга берүү салты бар. Ошондуктан мен чоң энемдин колунда чоңойгом жана аны "апа" деп атачумун. Анын буттары оорулуу болчу, артрит менен жабыркачу, бирок ошого карабай көп жылдар бою менин музыка мектебиме барып-келишим үчүн, жөө, автобус менен, ысык-суукта мени өзү коштоп жүрчү. Ошол жерден мен музыка илиминин негиздерин үйрөнгөм»,- деди Д. Кудайберген.
 
Аны менен катар эле казак ырчысы эч кимге белгилүү эмес учурда аны колдогон кыргыздарга ыраазылыгын билдирди.
 
«Кытайдагы “I am singer”, АКШдагы “The World Best” сыяктуу долбоорлор мени дүйнөгө таанытты. Бирок мага алгачкы түрткү болгон фестиваль — бул Ысык-Көлдө өткөн “Мейкин Азия — 2013” фестивалы! Ошол кезде мени эч ким таанычу эмес. Ошондо мага ишенген кыргыз элине терең ыраазымын!»,-деди ал.
 
Автор: Бек Турган

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз