Кыргыз-өзбек достугуна салым кошкон котормочунун эмгеги
Котормочулук – бир элдин маданиятын, айрыкча адабиятын экинчи элге тааныткан өзгөчө кесип. Котормо аркылуу элдер бири-бирин жакшыраак түшүнөт, дил үйрөнөт, руханий байлык топтойт. Котормочунун мээнети менен дүйнөлүк классиктердин эмгектери башка тилдеги окурмандарга жетип, эл аралык аренага чыгат. Ар бир тилдин табияты өзүнчө болгондуктан, котормо – жөн гана сөздү алмаштыруу эмес, маанини, нукту, көркөмдүк касиетти сактап жеткирүү өнөр болуп саналат.
Азыр мен дүйнөлүк адабиятты кыргызча сайратып, кыргыз окурмандарына тартуулап келаткан бир инсан тууралуу сөз кылгым келди. Ал Турабай Жороев. Анын эмгегинен толтура көркөм адабияттар которулуп, жарык көргөн. Тил казынабызды байытып, жакында дагы бир котормосу кыргыз окурмандарына сунушталган. Ал өзбекстандык белгилүү жазуучу Манноп Эгамбердиевдин калемине таандык “Сары ажыдаардын казаты” деген 2 китептен турган тарыхий романы өзбек тилинен кыргыз тилине эркин которулуп, басмадан чыгарылган эле. Аны котормочу, акын агам Турабай Жороев 5 жылдай убакыт кетирип которгон.
18-апрель - “Эстеликтерди жана тарыхый жайларды коргоонун эл аралык күнү. Ушул датага карата Өзбекстандын Анжиян облусунун Мархамат районунда "Аталар мурасы – улуттун байлыгы" темасында атайын иш-чара өттү. “Минтепа маданий мурас” коомдук фонду уюштурган бул салтанатта жазмакерлердин сынагы жыйынтыкталды. Ага Анжиян облусундагы белгилүү акындар, жазуучулары катышып, жеңүүчүлөр сыйлыктарын алышты.
Буларды айтканымдын себеби – ушул иш-чарага Турабай Жороев да конок катары чакырылып, өзбек адабиятын кыргыз окурмандарына сунуштаган эмгеги өзгөчө алкоого алынды. Турабай акени коштоп, Кыргызстандан журналист, жазуучу Сахиба Шакирова менен барсак, Өзбекстандан жазуучу Мукимжон Нурбоев менен музей кызматкери Хасанали Хусанов тосуп алышып, чоң жыйынга алып барышты.
Котормо – бул, достук таржымалы экенин белгилешкен өзбекстандык жазуучулар, алардын чыгармалары кыргыз тилинде жарык көрүп жатканы – эки элдин руханий жакындыгынын ачык далили экенин айтышты. Ошондой эле, тилдеги айырмачылык маданият тоскоолдугуна айланбашы керектиги, эгер тоскоолдук болсо, аны жаратмандык менен жеңүү – дал ушундай эл аралык кызматташтыктын маңызы экени өзгөчө белгиленди.
Ал эми котормочулук – эки элдин жүрөгүн жакындатуу деген идеяны айткан Турабай аке да, өзбек элинин адабий дүйнөсү өтө бай болгонун, ал кыргыз окурманына да жакын экенин айтты. Котормо ишинин алкагында, ар бир сөздүн артындагы салтты, маанини, образды сездирүүгө аракет кылганын, бул эмгек менен эки элге болгон урмат-сыйы жогору экенин баса белгилели.
“Сары ажыдаардын казаты” эмне тууралуу?
Эки томдон турган бул романда чагылдырылган тарыхий окуялар – мындан дээрлик эки миң эки жүз жыл башта болгон. Тактап айтканда, б.з.ч. 140-жылдары Кытай империясынын тактысына Хань тукумунун алтынчы өкүмдары Лю Чэ келет. Тарыхка У-ди (жеңилбес император) деген ат менен кирген бул төбөл 53 жылдык өкүмдарлык доорунда тынымсыз согушууларды алып барып, кошуна жана узак-жакындагы өлкөлөрдү өз дөөлөтүнө кошуп алуу аракети менен алектенет. Анын эң башкы стратегиялык мүдөөсү – ошол доорлордо түзүлүп, калыптана баштаган Улуу Жибек жолун толук бойдон көзөмөлгө алуу болчу. У-ди б.з.ч. 138-жылда Улуу Жибек жолунда жайгашкан дөөлөр туурасында маалыматтарды топтоо үчүн өз тыңчысы Чжан Цянды алыскы Батыштагы Даван (азыркы Фергана өрөөнүнүн айымагындагы байыркы дөөлөт) дөөлөтүнө жөнөтөт. Ал бир гана таланттуу дипломат эле эмес, таанымал өлкө таануучу да болот. Анын бир топ мамлекеттер тууралуу жазган маалыматтары менен жол баяндары, эң башкысы – Даван дөөлөтү туурасындагы кабарлар бизге чейин жетип келген. Атактуу кытай тарыхчысы Сима Цянь “Ши Цзи” (“Тарыхий окуялардын китеби”) деген эмгегинде Чжан Цяндын күндөлүктөрүнө таянып, Даван мамлекети тууралуу көптөгөн маалыматтырды жазып калтырган.
У-ди (Лю Чэ) Даванды каратуу үчүн Ли-Гуан-Ли аттуу аскер башчысын б.з.ч. 104-жылы жөнөтөт. Бул жүрүш император бийлиги үчүн ийгиликсиз аяктайт. Ушундан кийин согушуу үчүн өзгөчө мыкты даярдык көрүү иштери башталат. Хань дөөлөтүнүн эң сыналган аскер башчылары жеңгилүүнүн себептеринен келип чыккан сабактардан улам кайрадан согушуунун жаңы эрежелерин иштеп чыгышат. Ал турсун Давандын баш калаасы борбор болуп турган Эршини суусуз калтырып, шаарды багындыруунун чаралары дагы түзүлөт. Ошентип б.з.ч. 102-жылы 60 миң кол менен кытай кошуну кайрадан кол башчы Ли-Гуан-Линин башчылыгында Даванга жортуулга аттанышат. Бабаларыбыздын журттун азаттыгы үчүн болгон тайманбас күрөшүнүн натыйжасында Хань аскерлери экинчи ирет куру кол менен кайтууга аргасыз болушат.
Мына ушундай эстен чыккыс окуялар “Сары ажыдаардын казаты” романында кадимки Кытай жана Даван дөөлөттөрүнүн тарыхий инсандары, өкүмдарлар, кызматкерлер жана карапайым калктын образдары, алардын ички толгонуулары, саясаты жана түркүн-түрдүү тагдырлары аркылуу эргүү менен ачып берилген. Жазуучу ошол доорлорго туура келген фольклор, оозеки материалдардан дагы өз орду менен ылайыктуу пайдаланган.
Баскынчылыкка багытталган согуштар эң башында Кытайдын карапайым калкынын мойнуна түшкөн оор жүк болот. Чындыгында тарыхий акыйкат согуш майданына мажбурланып алып келинген, бирок согушууга тиш-тырмагы менен каршы турган, карапайым кытайлыктардын абалы алардын тынчтык, бир туугандык туурасындагы көз караштары дагы өтө таасирдүү эпизоддордо даана көрсөтүлгөн...
...Тарыхий романдын башкы окуялары кыргыз жергесинде Ысык-Көлдө (эки миң жыл мурда бул көл Муздабас-Көл деп аталганы айтылат), азыркы Кетмен-Төбө өрөөнүндө, Саймалуу-Таш менен Базар-Коргондо, Көк-Артта, Ош менен Араванда, Өзбекстандын Даван аймагында (азыркы Фергана өрөөнү), Мархамат менен Миң-Дөбөдө, Массы менен Анжиян тарабында болуп өткөндүгү көз алдыңызга кудум бүгүнкү сүрөттөй болуп, көркөм, ишенимдүү тартылып, эстен кеткис элестерге айланып калат.
Ошол Хань өлкөсүнүн өкүмдары баш болгон ондогон каармандарынын катарында Камчыбек, Бүркүт, Кундузбек сыяктуу накта кыргыз ысымдуу каармандар да бар экени кызыгууну жаратат. Алар сырттан келген баскынчы душмандарды артка кайтарып, өз эл жерин өзгөлөрдөн коргогон эрдик окуялары окурмандарын кайдыгер калтырбайт.
Даван мамлекетинин чалдыбары...
Бул иш-чаранын көп жылдан бери салт катары Мархаматта өткөрүлүп келгенинин да жөнү бар экен. Анткени тарыхий романда кеп болгон Даван мамлекетинин ордосу мына ушул шаардын чыгыш чегине туташ жайгашыптыр. Мархаматтын мурдагы аты Миң-Дөбө болгонун айтышты.
Бизди ошол Даван мамлекетинин ордосу жайгашкан деген шаар чалдыбарына алып барышты. 41 гектар жердеги коргон чалдыбары шаардын сыртында экен. Анын ички шаар аянты арк (бекемделген сепил) менен кошо 41 гектардан ашык болсо, тышкы шаар менен кошо эсептегенде жалпы аянты 270 гектар жерди ээлеп турат. Шаардын планын асмандан караганда параллелограмм сымал формага ээ болуп, эки катардан турган коргонуу курулуштары салынган. Кезинде анын чебинин дубалдары 18 метрден 22 метрге чейин бийикке көрүлүп салыныптыр. Бул бул жерде реконструкция иштери жүрүп жатканына күбө болдук.
Миң-Дөбө байыркы шаарынын урандылары Фергананын байыркы дооруна таандык эстеликтеринин арасында аянты жана маданий катмарларынын көлөмү жагынан эң чоңу болуп эсептелет. Бул шаар Даван падышалыгынын учурунда өнөр жай тармактары гүлдөп өнүккөн, соода жүгүртүү күч алган, кербендер токтогон ири борбор калаа болгон. Археологиялык казуулар бул эстеликтин Фергана өрөөнүнүн байыркы тарыхындагы маанилүүлүгүн көрсөтүп, азыркыга чейин андай улуу жана чоң эстелик бул өрөөндө табыла элек.
Мархамат шаарындагы “Миң-Дөбө” археологиялык музей комплексин да көрсөтүштү. Ал жерде шаар калдыгындагы архологиялык казуулардан чыккан кумурадан тартып, тарыхий буюмдарга чейин коюлуптур. Аймакты изилдөөгө салым кошкон тарыхий инсандардан тарып, “Сары ажыдаардын казатын” жазган Манноп Эгамбердиевге таандык буюмдар да жайгаштырылыптыр.
Кыргызстан менен Өзбекстандын жылуу мамилесинен улам чек аралар ачылып, элдин бири-бирине каттоосу жанданганына кыйла жыл болду. Ош шаарынан Мархамат шаарына болгону 35 чакырым экен. Айтайын дегеним, мындай тарыхты, маданиятты кыргызстандыктар да өз көздөрү менен көрүп келиши керек экен. Азыр Өзбекстанга деген атайын турлар ачылып, жеке ишкерлер катыра иштеп жатышат. Аларды ушул багытка да бурсак, окуучулардан тартып, студенттерге чейин, тарых мугалимдерден баштап, жөнөкөй жарандарга чейин алып барып көрсөтүп келүүгө толук жол ачылып турат. Анын үстүнө Аравандан Мархаматка өткөргөн чек ара бекети ачылып, дээрлик бир жарым жылдан бери иштеп жатат. Каттоо менен элдердин ынтымагы бекемделип, бири-бирин андан да жакындан таанымак. Мындай маданий жана тарыхый турлар эки элдин жаш муунунун аң-сезимин байытып, Борбор Азиянын маданиятына, тарыхына болгон кызыгууну арттырат. Бул багытта уюштурулуучу экскурсиялар жаштарга гана эмес, коомдун бардык катмарына руханий азык болору шексиз.
Демек, Миң-Дөбө сыяктуу байыркы тарыхый жайларга сапар — бул жөн эле туристтик жүрүш эмес, бул — өткөнгө жасалган урмат, азыркыга сабак, келечекке багыт болот. Эгер жеке ишкерлер, билим берүү мекемелери, жергиликтүү бийлик органдары ушул демилгени колдоп, колго алса, Фергана өрөөнүндөгү тарыхый мурастарды көрүп-билип кайткандар кыргыз-өзбек достугунун тирөөчүнө айланат. Анткени элдин жакындашуусу дал ушундай майда, бирок маанилүү кадамдар менен башталат эмеспи...
...Ошентип, акын, жазуучу, котормочу Турабай акенин эмгеги менен жарык көргөн китебинин арты менен мага дагы бир жаңы дүйнө, жаңы маалыматтар ачылды. Ушул жол баяндын акырында ага чыгармачылык ийгилик каалап, алдыдагы сапарлары ийгиликтүү, жемиштүү болсун деймин.
Асанбек Каракозуев,
“Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.